Асыл хадис

Аялдардын орозосуна тоскоолдук жараткан нерсе

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Аялдардын орозосуна тоскоолдук жараткан нерсе

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

حَدَّثَنَا مُسَدَّدٌ، حَدَّثَنَا يَحْيَى، عَنْ هِشَامِ بْنِ أَبِي عَبْدِ اللَّهِ، حَدَّثَنَا يَحْيَى بْنُ أَبِي كَثِيرٍ، عَنْ أَبِي سَلَمَةَ، عَنْ زَيْنَبَ ابْنَةِ أُمِّ سَلَمَةَ، عَنْ أُمِّهَا ـ رضي الله عنهما ـ قَالَتْ بَيْنَمَا أَنَا مَعَ، رَسُولِ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم فِي الْخَمِيلَةِ إِذْ حِضْتُ فَانْسَلَلْتُ، فَأَخَذْتُ ثِيَابَ حِيضَتِي فَقَالَ: “مَا لَكِ أَنُفِسْتِ”. قُلْتُ نَعَمْ. فَدَخَلْتُ مَعَهُ فِي الْخَمِيلَةِ، وَكَانَتْ هِيَ وَرَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم يَغْتَسِلاَنِ مِنْ إِنَاءٍ وَاحِدٍ، وَكَانَ يُقَبِّلُهَا وَهُوَ صَائِمٌ. سنن ابن ماجه

Мусадад Зейнеп бинт Умм Саламадан, ал апасынан (Аллах экөөнөн тең ыраазы болсун) риваят кылды. Ал айтты: “Мен Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) менен чатырда турганда, этек кирим келе баштаганда, мен акырын чыгып кийимимди алдым.  Ал: “Сага эмне болду? Айызың келе баштадыбы?” – деп сурады. Мен: Ооба, – дедим. Мен аны менен кошо чатырга кирдим, ал жана Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бир идиштен гусул алышкан,  Пайгамбар (с.а.в.) орозо учурунда да аны өпкөн. (Сунан Ибн Мажа)”.

Урматтуу бир туугандар:

Эң жакшы сөз – бул Улуу Аллахтын сөзү, ал эми эң жакшы жол – бул Анын Пайгамбары (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) Мухаммаддын (с.а.в.)дын жолу.

Бул асыл хадис биз үчүн каталардын жана сөздөрдүн көптүгүнөн улам айрым мусулмандардын арасында чаташып калган маселени ачыктап берет жана өзгөчө ал аялдардын этек кирине тиешелүү. Хадисте аялдардын этек кири келип, таза эмес болсо, орозо кармоого уруксат берилбей турганы ачыкталган. Бул жерде бир суроо туулушу мүмкүн:  эгер жунуб адам оозун бекитип, орозо кармай алса кийин гусул алса, аялдын орозосунун тазалык менен кандай байланышы бар? Жооп мындай: ибадаттарга байланыштуу диний өкүмдөр  акыл-эстен келип чыккан эмес. Анын эч кандай конкреттүү себеби жок. Ал кандай болсо, ошондой, Аллахтан келген өкүм. Аллах аялдарга этек кир учурунда орозо кармоого тыюу салган, бирок аларга эркектер сыяктуу эле жунуб абалында болгондо орозо кармоого уруксат берилген.  Мында эч кандай талаш-тартыш же талкуу жок. Тилекке каршы, ибадаттарга акылды салып, аны айыптоо менен Исламга жана мусулмандарга сокку ургусу келген айрым ээнбаш адамдар пайда болду.

Хадисте айтылган дагы бир маселе, эркектин аялды өбүшү (жакшы көрүп жүзүнөн сүйүүсү, мани чыга турган абалда эмес) орозону бузбайт жана Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун), муну кылган жана ал бардык нерседе бизге үлгү. Күмөн санап, күнөөгө батпоо үчүн, биз ибадаттарды Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун), кылгандай аткарууга ынтызар болуп жана жек көрүү жана кара ниеттик менен динибизди жана ибадаттарды бузгусу келгендерден этият жана алыс болушубуз керек. Бирок биз аларга оңой олжо болуудан алыспыз, анткени биз чын жүрөктөн Аллахтын кызматчыларыбыз жана элчибиздин жолун жолдоочуларбыз.

Аллахтан динибизди сактоону, орозобузду кабыл кылууну, ал үчүн бизге эң жакшы сыйлыктарды берүүнү жана бизге душман болгондорго каршы сабырдуулук берүүнү суранабыз. Оомийин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1447-х, 5-рамазан.

2026-ж, 22-февраль.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button