
Рамазан рубрикасы
Ижтимаи түзүм
Аял – бул ар-намыс
Америкалык финансист Жефри Эпштейнге байланышкан кылмыш дүйнөлүк коомчулукту катуу дүрбөлөңгө салган окуялардын бири болду. Ал дүйнөнүн таасирдүү саясатчылары, миллиардерлери жана атактуу адамдар менен жакын байланыш түзгөн. Эпштейн жашы жете элек кыздарды алдоо, азгыруу жана сексуалдык эксплуатациялоо схемасын уюштурган деп айыпталган. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө ылайык, айрым кыздар ар кандай шылтоолор менен чакырылып, кийин сексуалдык кызмат көрсөтүүгө мажбурланган. Бул иштин эң талаштуу жагы Эпштейндин айланасындагы таасирдүү адамдардын көптүгү болду. Документтерде белгилүү саясатчылардын, ишкерлердин жана коомчулукка белгилүү адамдардын ысымдары аталган.
Үрөй учурган бул кылмыштар дүйнөнү таң калтырды. Батыш мунун жеке абал катары көрсөтүп, күнөөнү бир адамга оодарууга урунууда. Бирок, маселе андан терең. Себеби, бул кылмыштар светтик системанын түздөн-түз натыйжасы болуп эсептелет. Маселе учурда колдонулуп жаткан капиталдизм идеологиясынын түпкүрүндө жатат.
Капитализм идеологиясы динди жашоодон бөлгөн системанын үстүнө курулган. Мындан улам, мыйзам, бакыт жана адеп-ахлак түшүнүгүн белгилөөдө дин көрсөтмөлөрү толук четке сүрүлгөн. Инсан өз нафсине таянып бул түшүнүктөрдү белгиледи. Дене ырахатын көбүрөөк кандыруу жана материалдык пайда табуу адамдын өлчөөсүнө айланды.
Акыбетте, аял заты капитализмден келип чыккан бул түшүнүктөрдүн курмандыгына айланды. Анткени, Батыштын көз карашында аял киши ырахат алуу үчүн колдонулуучу бир товар сыяктуу каралат. Ушундай түшүнүктөн улам, жөн гана рекламада да аялдын денеси көрсөтүлүп, товардын суроо талабын арттырууга шарт жараткан каражат катары колдонулуп келет. Максат – аялдан киреше булагы катары пайда алуу. Натыйжада, аял эркин болушу керек деген ураандар кеңири жаңырып жатат, түпкүлүгүндө болсо бул аялды пайдаланып киреше алууга шарт жаратууга чакырык болуп эсептелет. Мунун акыбетинде аял киреше алып келген товар катары көрүлүп, киреше алып келбесе таштандыга ыргытылган чүпүрөккө айланды. Мындай түшүнүк жана өлчөөдөн улам коомдо аялдын кадыры төмөндөдү. Ошондуктан, аял бузукулук тармагында, мода жана башка тармактарда аёосуз колдонулуп кор болгон абалга кептелди. Эпштейндин документтери мунун жаркын мисалы болот. Жогоруда айтканыбыздай, бул көрүнүш динди коомдон четтеткен системанын түздөн-түз натыйжасы болуп эсептелет. Ошон үчүн мына ушинтип аялдын кадырын кетирген коомдо аялды эксплуатациялоо, кордоо, ага зомбулук көрсөтүү кеңири кулач жайып барууда.
Ушундай учурда Исламдын дүйнө карашы, өкүмдөрү канчалык маанилүү экендиги ачык-айкын байкалууда. Валийлик маселеси, аялдын атасынан же агасынан уруксат суроосу, махрам-намахрам маселеси жана башка аялдын намысын коргогон өкүмдөр канчалык маанилүү экени, а түгүл коомго абдан зарыл экиндиги дагы да ачыкталууда. Ислам аялга корголушу важиб болгон ар-намыс деп карайт. Ошондуктан, аялдын кийиминен тартып сапарына чейинки Ислам өкүмдөрү ушул түшүнүктү бекемдейт. Ислам аялды коргоп жогорку деңгээлге чыгарды, сексуалдык эксплуатация биякта турсун, аялдын абийири төгүлүшүнө жол бербеди. Бул курулай гана сөздөр эмес, тарыхтын алтын барактарында жазылып калган чындык.
Маселен, аялдын намысы деп Расулуллах ﷺ яхудийлердин Кайнука уруусун – бир муслиманы акаараттап, кийимине асылышканы үчүн – Мадинаи Мунавварадан көчүрүп жиберген. Аялдын намысы үчүн мусулман жетекчилер Халифалык астында согуш алып барышкан жана өлкөлөрдү фатх кылышкан. Мусулман кол башчы Мухаммад ибн Касим залим индус падышасы Ража Дахир тарабынан камакка алынган бир нече муслима аялды куткаруу үчүн аттанып, аларды азат кылган. Амурия шаарында византиялыктар бир муслиманы камакка алып, ага карата жаман мамиледе болгондо халифа Муътасим Биллах муслиманы куткаруу үчүн өтө чоң кошуунду аракетке келтирген.
Ушул себептен улам, Ислам түзүмү кайра тикеленгенде гана аял заты үчүн адилеттик, коргоо жана колдоо жүзөгө чыгат. Анткени, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык аялдардын кызыкчылыгын Ислам буюргандай кабыл алып, динин коргойт, камкордук көрсөтүп, бейпилдик менен камсыздайт жана адилеттик орнотот.
Харун Абдулхак



