Фикхий

Аял кишинин махрамсыз сапары тууралуу

Аял кишинин махрамсыз сапары тууралуу

Ассаламу алайкум!

Суроо: Абу Дауд риваят кылган:

«لا يحل لامرأة تؤمن بالله واليوم الآخر أن تسافر بريداً إلا معها ذو محرم»

«Аллахка жана Акырет күнүнө ишенген аялга махрамы жок бир барид¹ аралыкка сапарга чыгышы адал эмес» деген хадисти окудум. Анда эмне үчүн биз:

«لا يحل لامرأة تؤمن بالله واليوم الآخر أن تسافر مسيرة يوم وليلة إلا معها ذو محرم»

 «Аллахка жана Акырет күнүнө ишенген аялга махрамы жок бир күн-түн жүрүүчү аралыкка сапарга чыгышы адал эмес», деген хадиске амал кылабыз? Бариддин  аралыгы бир күндөн аз убакытта басып өтүлүшү мүмкүн го?

Уа алайкум ассалам уа рахматуллохи уа баракатуху.

Жооп: Бухари жана Муслим Ибн Аббас رضي الله عنهما  аркылуу Пайгамбар ﷺ:

«لا تسافر المرأة إلا مع ذي محرم».

«Аялга махрамы жок сапарга чыгууга болбойт» — деп айтканын риваят кылышкан. Бул аялдын ар кандай сапарга махрамсыз чыгышына тыюу салуу. Жана бул сапар үч күн, эки күн, бир күн-түн, бир түн деп ар кандай түрдө такйид кылынып (чектелип) риваят кылынган:

  • Бухари Ибн Умардан (үч күн), Абу Саидден (эки күн), Абу Хурайрадан (бир күн-түн), Ибн Аббас жана Ибн Умардан (бир күн-түн) деп риваят кылган.
  • Муслим Ибн Умардан (үч, үчтөн ашык), Абу Саидден (эки күн, үч күн, үчтөн ашык), Абу Хурайра, Ибн Аббас, Ибн Умардан (бир күн-түн) деп риваят кылган.
  • Тирмизи Абу Саидден (үч күндөн жогору), Абу Хурайрадан (бир күн-түн) деп риваят кылган.
  • Ибн Мажа Абу Саидден (үч күндөн жогору) деп риваят кылган.
  • Ахмад Ибн Умардан (үч күн), Абдуллах ибн Умардан (үч күндүк жол), Абу Хурайрадан (үч күн, бир толук күндүк жол), Абу Саидден (үч күн, эки күн, үч түн, эки күндөн жогору, эки күн) деп риваят кылган.
  • Дарими Абу Саидден (үч күндөн жогору) деп риваят кылган.
  • Абу Дауд Абу Хурайрадан (бир түн), (бир күн-түн) деп риваят кылган.

Андан соң ал Абу Хурайрадан келген (барид) тууралуу риваятты да келтирген. Демек, сапарды чектөө Бухари, Муслим, Тирмизи, Ахмад, Дарими жана Абу Дауд риваяттарында убакыт менен келген (үч күн же үч түн, эки күн, бир күн-түн, бир түн).

Мутлакты (чектелбеген) мукайядга жүктөө жана далилдердин баарын жамдоо менен, шаръий өкүм мындай болот: Аял эң аз болгон бир түндүк жол сапарга да махрам менен гана чыгуу керек. Анткени бир түн сапар кылбоо — эки күн, үч күн сапар кылбоо талаптарын да камтыйт.

Араб тилинде “лайла” кээде толук бир суткага (күн-түн) колдонула берет.

Аллах Таала айтты:

﴿قَالَ آيَتُكَ أَلَّا تُكَلِّمَ النَّاسَ ثَلَاثَ لَيَالٍ سَوِيًّا﴾

“Сага аян ушул, сак-саламат боло туруп абалында үч күнгө чейин адамдарга сүйлөй албайсың”. (Марьям: 10).

Ал эми Али Имранда:

﴿قَالَ آيَتُكَ أَلَّا تُكَلِّمَ النَّاسَ ثَلَاثَةَ أَيَّامٍ إِلَّا رَمْزًا﴾

“Сага белги ушул, үч күн адамдар менен жалаң ымдап гана сүйлөшөсүң”. (Али Имран: 41).

Эки аяттан көрүнүп тургандай, «лаяли-түндөр» деген сөз «аяйям-күндөр, суткалар» деген мааниде колдонулган.

Арабдар, “Баланча адамга айдын баланча түнү жаздым”  деп айтышат, бул ошол баланча күнү дегенди билдирет.

Ошентип, аялдын бир күн, бир түндүк жолго махрамсыз чыгуусу харам. Биз дал ушул өкүмдү алганбыз.

Эми Абу Дауд риваят кылган аралык (барид) байланышкан хадис калат. Барид — төрт фарсах, башкача айтканда болжол менен 22 чакырым. Бул риваят тууралуу төмөнкү жагдайлар бар:

  1. Ал хадис сапарды аралык менен чектейт. Бул болсо убакыт маанисине ээ болбой калат. Демек, аял 22 чакырым жолду бир күндө басса да, эки күндө басса да, махрам керек болуп калат. Ал эми башка хадистер бир күн бир түн деп убакыт менен чектейт. Аял бул убакыт ичинде 100 чакырым же 200 чакырым басып өтүшү мүмкүн. Башкача айтканда, аралык менен чектөө убакытты жокко чыгарат. Убакыт менен чектөө аралыктан көз каранды кылбайт. Экөөнүн ортосунда карама-каршылык (таъаруд) бар. Карама-каршылык болгондо таржих (күчтүүрөөк далилди алуу) жасалат.

Бухари, Муслим жана башка сахих китептердеги убакыт боюнча чектөөчүлөр, а түгүл Абу Дауддун өзү риваят кылган хадистердин басымдуу бөлүгү убакытка негизделгени ачык көрүнүп турат жана бул хадистер барид деп келген Абу Дауддун жалгыз риваятына караганда албетте рожих.

  1. Абу Дауддун барид тууралуу риваяты төмөнкүдөй: “Бизге Юсуф ибн Муса Жарирден, ал Сухайлдан, ал Саид ибн Абу Саидден, ал Абу Хурайрадан риваят кылды. Ал айтты: Пайгамбар ﷺ айтты:

«لا يحل لامرأة تؤمن بالله واليوم الآخر أن تسافر بريداً إلا معها ذو محرم»

«Аллахка жана Акырет күнүнө ишенген аялга махрамы жок бир барид аралыкка сапарга чыгышы адал эмес».

Абу Дауддун өзү Саид ибн Абу Саидден, ал Абу Хурайра аркылуу төрт хадисти риваят кылат, алардын баарында бир күн бир түн деп айтылат. Демек, Абу Дауддун Саид ибн Абу Саидден, ал өзүнүн атасынан, ал Абу Хурайрадан 2 хадис риваят кылган. Биринчисинде бир түн деп айтса, экинчисинде бир күн бир түн деп айтылат. Бир риваятта өзү аркылуу, башка риваятта атасы аркылуу риваят кылган эки хадисте тең убакыт менен чектелгендиги сабит болгон.

Ошондой эле Ахмад да ушул эле чынжыр аркылуу риваят кылып, анда «бир толук күн» деп айтат. Бир гана Абу Дауддун бир риваяты ушул эле жол менен: Саид ибн Абу Саидден, ал Абу Хурайрадан келген хадисте гана барид деп айтылган.

Бул риваяттар Абу Хурайра Саид ибн Абу Саидге (же анын атасына) хадисти “бир күн бир түн” деп айткан, жана барид тууралуу риваят кылган эмес деген райды таржих кылдырат.

Ошондуктан, рожих болгон өкүм биз «Ижтимаий низомдо» айткан: бир күн бир түн. Тагыраагы: «Аллахка жана Акырет күнүнө ишенген аялга махрамы жок бир күн бир түндүк сапарга чыгышы адал эмес».

Көрүп тургандай, биз рожих дейбиз, катъий пикир деп айтпайбыз, бул биринчиден. Экинчиден, биз аялдын бир күн бир түндөн азыраак сапарга махрамсыз чыгышын жаиз деп эсептейбиз, бирок аны важиб дебейбиз. Ошондуктан, эгер аял жарым күндүк жолго да махрамсыз чыкпайм дегенге толук укугу бар. Маанилүүсү, бир күн бир түндүк сапарга махрамсыз чыкпашы керек.

18-рамазан 1427-х.

10.10.2006-м.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button