Аёосуз согушта бейкүнөө балдар курман болууда

Басма сөз баянаты
Аёосуз согушта бейкүнөө балдар курман болууда
Акыркы күндөрү яхудийлердин тынымсыз жырткыч чабуулдарынын натыйжасында Ливандын түштүгүндө, айрыкча аялдар жана балдар арасында, куралсыз жай тургундардын каза болуп жатканы тууралуу кабарлар күн сайын келип жатат. Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги бул баскынчылыктын айынан каза болгондордун саны 294 адамга, ал эми жаракат алгандардын саны 1023 адамга жеткенин билдирди. Министрлик бейшемби күнү кечинде Батыш Бекаа аймагындагы Машгара шаарчасында бир үйгө жасалган аба соккусунун натыйжасында 4 адам каза болгонун маалымдады. Алардын арасында 5 жаштагы кыз жана 7 жаштагы бала да бар. Ошондой эле Батыш Бекаадагы Лабая шаарчасына жасалган чабуулда эки адам каза болуп, дагы үч киши жаракат алган, алардын арасында абалы оор болгон эки кыз бар.
Мындан тышкары, Ливан түштүгүндөгү Набатия губерниясында Зутр аш-Шаркия шаарчасында яхудий аскердик учактары алардын үйүн бутага алган соң, бир эркек, анын жубайы жана эки баласынан турган үй-бүлө толугу менен каза болду. Ошондой эле Бинт-Жбейл аймагында ата-энеден жана төрт баладан турган бүтүндөй бир үй-бүлө да бутага алынды.
Бул ырайымсыз согушта жай тургундарды, айрыкча аялдар менен балдарды бутага алуу ачык көрүнүп турат. Алар коопсуз адамдарды өз үйлөрүндө, ал тургай уктоочу бөлмөлөрүндө да өлтүрүп жатышат. Мусулман өлкөлөрүнүн аймагында эркин учкан бул ракеталар жана учкучсуз аппараттар адамды да, ташты да, даракты да айырмалабай, баарын ырайымсыздык менен талкалап жатат. Бейкүнөө балдар өлтүрүлүп, алардын таза денелери майдаланып чачырап кетти, бүтүндөй үй-бүлөлөр жок болду. Мындан тышкары он миңдеген адамдар көчүүгө аргасыз болушту. Ливан бийлигинин маалыматына ылайык, бул согуштун натыйжасында 83 миңден ашык адам жер которду.
Бул арада Ливандын түштүгүндө аскерий чыңалуу күчөп жатат. Бул болсо Америка жана яхудий түзүмүнүн Иранга каршы согушунун кесепеттери менен коштолууда. Акыркы айларда яхудий түзүмүндөгү оңчул чөйрөлөр Литани дарыясынын түштүк тарабындагы аймакты басып алып, ал жерде «коопсуздук аймагын» түзүүгө чакырышкан.
Мунун баары эл аралык кутум жана мусулман башкаруучуларынын шалаакылыгы шартында болуп жатат. Кимдин кулагы Газанын миңдеген балдарынын жылдар бою болгон жардам сураган үнүн укпаса, ал ондогон балдардын кыйкырыгын да укпайт. Ким мыкаачы кыргындардын жана өлтүрүү менен кыйроонун көрүнүштөрүнө кыймылдабаса, ал үйүндө уктап жаткан бүтүндөй бир үй-бүлөгө дрон менен сокку урулганы тууралуу шашылыш кабардан да козголбойт.
Башкаруучулардын кайдыгерлиги белгилүү нерсе. Алардын мурас болуп калган, кор болгон абалда Батыш колонизаторуна болгон берилгендиги яхудий түзүмүнүн бүгүнкү күнгө чейин жашап калышынын жалгыз себеби. Алар Кыямат күнү бул балдар Аллахтын алдында өздөрүнө доо коюп чыгышынан коркушпайбы?! Бул ыйык айда Аллахтан уялышпайбы?!
Эй Ливандагы мусулмандар!
Зулумдун мөөнөтү узарып кетти, өлкөңөрдө зулум күч алды. Силер фитналардан көп жапа чектиңер жана дагы деле чегип жатасыңар. Силер чоң мамлекеттер бири-биринен талашып тепкен топ сыяктуу болуп калдыңар. Алар силерди көтөрө албаган согуштарга түртүп жатышат. Ошондуктан балдарыңардын каны жана алардын майдаланган денелери үстүндө силерге каршы адилетсиз саясий пландардын ишке ашырылышына макул болбогула. Чакырылып жаткан жыйындарга жана сунушталып жаткан чечимдерге алданып калбагыла. Эгер Батыш силерге жакшылык кааласа, анда өзүнүн жана жардамчыларынын колун өлкөңөрдө жана жалпы мусулман жерлеринде бузукулук кылуудан тартып алмак. Чындыгында болсо ал силерди аймакта от тутантуу үчүн жана бул баскынчы түзүм менен нормалдаштыруу жана “тынчтык” процесстерин таңуулоо үчүн отун катары колдонуп жатат. Ошондуктан диндерин башкаруучуларга, алардын жардамчыларына жана кожоюндарына саткандардан болуп калбагыла. Андайлар ачык жоготууга учурашат.
Эй аскерлер!
Качанга чейин унчукпай жана моюн сунуп турасыңар?! Качанга чейин душманга жана анын жардамчыларына көз каранды бойдон каласыңар?! Мусулман жерлеринде ыйык кандын төгүлүшү качанга чейин уланат?! Качанга чейин кордук жана басынуу болот, же силер буга көнүп калдыңарбы?
Силердин ордуңар үммөтүңөрдү коргоо. Силердин милдетиңер Аллахтын шариятын өкүм кылууну каалагандарга кол сунуу жана төгүлгөн кандар үчүн өч алып, намыстарды коргоп, өлкөлөрдү азат кылып, адамдарды коргой турган Халифалык мамлекетин кайра тикелөөгө жардам берүү. Аллах Таала айтты:
﴿وَجَاهِدُوا فِي اللَّهِ حَقَّ جِهَادِهِ هُوَ اجْتَبَاكُمْ وَمَا جَعَلَ عَلَيْكُمْ فِي الدِّينِ مِنْ حَرَجٍ مِّلَّةَ أَبِيكُمْ إِبْرَاهِيمَ هُوَ سَمَّاكُمُ الْمُسْلِمينَ مِن قَبْلُ وَفِي هَذَا لِيَكُونَ الرَّسُولُ شَهِيداً عَلَيْكُمْ وَتَكُونُوا شُهَدَاء عَلَى النَّاسِ فَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ وَاعْتَصِمُوا بِاللَّهِ هُوَ مَوْلَاكُمْ فَنِعْمَ الْمَوْلَى وَنِعْمَ النَّصِيرُ﴾
«Жана да Алла (жолунда) чыныгы жихад менен жихад кылгыла! Анын Өзү силерди (ушул ыйык дин үчүн) тандады жана бул динде силерге бир да хараж-тарлык кылбады. Атаңар Ибрахимдин динин (Исламды кармагыла)! Тээ (Кыямат Күндө) пайгамбар силердин үстүңөрдө күбө болсун үчүн, силер болсо (бардык диндердеги) адамдар үстүндө күбө болушуңар үчүн (Алланын) Өзү силерди мурда(гы ыйык Китептерде) да, мына ушул (Куранда) да мусулмандар (тактап айтканда Өзүнүн динине моюн сунуучулар) деп атады. Демек, намазды толук аткаргыла, зекетти (тийиштүүлөргө) бергиле жана Аллага байлангыла! Ал силердин Эгеңер. Ал Зат кандай гана жакшы Эге жана кандай гана жакшы колдоочу!» (Хаж: 78).
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
Аялдар бөлүмү
09.03.26




