Роя гезити

Багытты оңдоо: бул мазхабдык ажырым негизиндеги  согуш эмес, түз мааниде крест жортуулу

Багытты оңдоо: бул мазхабдык ажырым негизиндеги согуш эмес, түз мааниде кресттүүлөр жортуулу
Ислам үммөтү арасындагы ихластуу, таза ниеттүүлөргө кайрылуу:
Иран режиминин кылмышкерлиги силерди Американын Исламга жана анын үммөтүнө каршы тутандырган кресттүүлөр жортуулунун чыныгы маңызынан алаксытпасын. Ал жортуулдун майданы чыгыштан батышка чейин бүтүндөй ислам географиясы. Батыш кресттүүлөр үммөттү толугу менен өрттөп жок кыла албай, өзүнүн бүт аймакка болгон агрессиясын жаап-жашыра албай калганда, аны ар кайсы мезгилдерде жүргөн согуштарга айлантты. (Афганистан, Ирак, Сомали, Судан, Шам, Йемен, Газа, Ливан, Иран…).
Бүгүн Иранга каршы жүрүп жаткан согуш аймакты кайра калыптандыруу үчүн Батыштын кресттүүлүк жортуулунун бир бөлүгү болуп саналат. Бул өсүп жаткан жалпы исламий абалга каршы туруу жана күч алып жаткан исламий цивилизациялык долбоорду токтотуу аракетинин алкагында жүрүүдө.
Америка жана Батыш жергиликтүү куралдарды жана колонизаторлук кызматчы режимдерди исламий чакырыкка каршы турууда алсыз деп эсептешет. Ошондуктан Америка аймакты кайра түзүүнү жана бул кызматчы режимдерди кайра калыптандырууну түздөн-түз өзү башкарган колонияларга айландыруу аркылуу ишке ашырууда. Бул колонизаторлуктун жогорку комиссариаты тарабынан башкарылган түзүм (чоң өкмөттөргө тете болгон, алардын буйругу менен жергиликтүү режимдер аракет кылган америкалык элчиликтер жана жергиликтүү башкаруучулар деңгээлиндеги элчилер; аймакта кургактык жана аба күчтөрүнүн үстөмдүгүн камсыз кылган аскердик базалар аркылуу күчтүү аскердик байланыш; деңиздерди көзөмөлдөө аркылуу деңиз күчтөрүнүн үстөмдүгүн камсыз кылуу).
Ирактагы режим жана Сириядагы жаңы колонизаторлук агент Ахмад аш-Шара режими аймактагы режимдерди америкалык моделде кайра түзүп чыгуунун үлгүлүү мисалы. Америка бул моделди бүт аймакта ишке ашырууга умтулууда.
Трамптын Иранга болгон чабуулу иран режимин кайра түзүп чыгып, аны бардык күч булактарынан ажыратуу үчүн жүргүзүлүүдө. Бул үчүн алгач анын аймактагы таасир тармагын талкалоо, андан соң аны америкалык кайра түзүү шарттарына толук баш ийдирүү аркылуу жаңы аймактык түзүлүшкө кошуу же андан да көбүрөөк моюн сунган, баш ийген режимди орнотууну максат кылууда.
Америка үчүн Иран башкаруучуларынын көрсөткөн кызматтары жетишсиз болуп калды. Ал толук колонияны, толук агенттик режимди жана буйрук берилсе дароо аткарган кул мүнөз башкаруучуларды каалайт.
Бул америкалык кресттүүлүктү кайра түзүү жана режимдерди кайра калыптандыруу Пакистан менен Түркияны да бороондун борборуна алып келүүдө. Ал эми башка колонизаторлук кызматчы майда мамлекеттер боюнча Газа согушу алардын чыныгы жүзүн ашкереледи. «Улуттук мамлекет» деген беткап түштү жана кресттүү каапырга толук баш ийүү айкын болду.
Америка Иранга каршы жырткычтык чабуул баштагандан кийин, биз ачык жана шок кылган колонизаторлук абалдын алдында калдык. Кресттүү каапыр өз согушун Ислам жерлеринин ичинен, колониялык базалардан жана мусулман деңиздеринен туруп жүргүзүүдө. Ал эми колонияларды кайтаруучулар толук моюн сунуу менен гана чектелбестен, бул согушка түздөн-түз катышып жатышат.
Биз азыр мазхабдык ажырымга негизделген согуштун алдында эмеспиз, мындай жийиркеничтүү мазхабдык фанатизмди козутуунун кереги жок. Тескерисинче, бул жапайы кресттүүлөр жортуулу, ал Газа менен Тегеранды, Батыш жээк менен Исфаханды айырмалап отурбайт. Анын майдандары ар башка болгону менен, кресттүүлүк максат бир: Исламды жанчып жок кылуу жана анын үммөтүн түгөтүү.
Кресттүүлөр өздөрүнүн жек көрүүсүн жана жапайычылыгын кайра-кайра эске салып келишүүдө. Мисалы, АКШнын согуш министри Пит Хегсет өзүнүн кресттүү согушунун маңызын ачык айтып: «Иран сыяктуу акылдан адашкан, пайгамбарлык исламий элестерге берилген режимдер ядролук куралга ээ боло албайт, бул айдан ачык», – деди. Андан ары: «Экстремист исламчылар ядролук бомбага ээ боло албайт», – деп кошумчалады. Ошондой эле Трампты колдогон америкалык сенатор Линдси Грэм Газа согушу жана Иранга каршы чабуул тууралуу кайталанып айтылган кресттүү билдирүүлөрүндө: «Бул согуш – диний согуш», – деп билдирди.
Демек, багытты оңдоо зарыл. Бул жерде катачылык өлүмгө алып барып, кыйратып коёт. Исламга жана анын үммөтүнө каршы согуш токтогон жок жана токтобойт да, ал Исламдын курч кылычы, анын мамлекети жана үммөттүн биримдиги менен гана аяктайт.
Суннит жана шиит деген бөлүнүүлөрдү таштагыла, анткени булар Батыштын үммөттү бөлүп-жаруу үчүн койгон минасы гана. Батыш бизге каршы согуш ачканда, ал бизди элдерге, агымдарга же мазхабдарга бөлүп карабайт. Ал бизди бир эле түрдөгү адамдар, бир эле дин, бир эле сакофат, бир эле цивилизация жана бир эле үммөт катары көрөт. Бул каргыш тийген душман бизге улут, тайпа же мазхаб катары эмес, мусулмандар катары каршы согушууда. Ал бизди бөлгөн классификациялар менен алек кылып жатканда, өзү бизге каршы согушунда биримдикти карманууда. Анын максаты бизди жок кылуу жана улуу Исламыбызды өчүрүү.
О, улуу Исламдын уулдары! Билип алгыла! Силердин ички саясий маселелериңер улуттук, мекендик жана мазхабий уулуу ураандарына жооп берүү менен эмес, ошондой эле кресттүү каапыр силерди бөлүү жана Исламдагы бир туугандыгыңарды жок кылуу үчүн ойлоп тапкан жасалма душмандыктарга ээрчүү менен эмес, саясий жол менен т.а. бардык саткын башкаруучуларыңарды түп-тамыры менен алып салуу аркылуу гана чечилет.
Билип алгыла! Иран башкаруучулары да, колонизаторлуктун бардык рувайбизалары да силерге каршы кылмышта жана саткынчылыкта бирдей. Алардын ар бири силердин каныңарга баткан. Алардын кылмыштарынын кара тизмеси өчпөйт. Алжирдеги «кара он жылдык», Мароккодогу «коргошун жылдары», Ирак жана Сириядагы баас режиминин кылмыштары, Сисинин Рабаа аянтындагы кыргындары, Башардын кыргындары, Сириядагы муллалардын кыргындары, Америкага Афганистан менен Иракты басып алууда жардам берүүлөрү, Йемен менен Ливанда анын кызыкчылыктарын ишке ашыруусу… жана тизме узун.
Үммөт маселеси – бул толук бойдон фикрий маселе. Ал терең талкуу, өз ара насаат, хикмат жана сабыр менен чечилет. Силер каапыр душманыңарга каршы бир кол болушуңар керек. Ошондуктан душмандын улутчулдук жана мекенчилдик негизиндеги бөлүп-жаруулары, сектанттык жана мазхабий фанатизмди козутуу, ошондой эле жасалма душмандыктары сыяктуу тузактарынан жана миналарынан сак болгула! Бири-бириңерден жүз бурбагыла, касташпагыла, талашпагыла, антпесе алсырап, күчүңөр кетет жана каапыр душман менен анын куйруктары силерди бөлүп-жаруу максатына жетет.
Батыштын кресттүүлөр жортуулу бардык мазхабий талаштардан жана жийиркеничтүү фанатизмден алда канча чоң, алда канча кооптуу жана алда канча каргыштуу экенин жакшы түшүнгүлө. Каапырдын согушу силерди жок кылууну жана Исламыңарды өчүрүүнү көздөйт. Ошондуктан бекем болгула жана бул согуш – Ислам менен анын үммөтүнө каршы согуш экенин билип алгыла. Силерди жаман жыттанган фанатизм жана жийиркеничтүү ураандар азгырбасын. Ошондой эле кресттүү Батыштын учактары менен ракеталарынын ызы-чуусу силерди коркутпасын. Анын кыйроосу аскерлеринин күчүндө эмес, анын бузук цивилизациясында жана жийиркеничтүү сакофатында. Балдарды зомбулукка салган Батыштын бузук чөйрөлөрү (Мисалы: Эпштейн жаңжалы) душманыңардын канчалык деңгээлде бузулганын жана кулап жатканын көрсөтөт.
Силердин кутулууңар Ислам менен гана болот, андан башка жол жок экендигин билип алгыла! Силердин куткаруучу кемеңер жана душманыңарды жеңүү Ислам мамлекетиңерди тикелөө жана Раббиңердин шариятын ишке ашыруу аркылуу келет. Бул үммөттү жана бүткүл адамзатты Батыштын тозогунан куткаруунун жолу.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِن تَنصُرُوا اللَّهَ يَنصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ
وَالَّذِينَ كَفَرُوا فَتَعْسًا لَّهُمْ وَأَضَلَّ أَعْمَالَهُمْ
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ كَرِهُوا مَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأَحْبَطَ أَعْمَالَهُمْ﴾
«Эй момундар, эгер силер Аллага жардам берсеңер (тактап айтканда Анын жолунда жихад кылсаңар), Ал Зат да силерге жардам берет жана согуш майданында кадамдарыңарды бекем, туруктуу кылат. Каапыр болгон кимселерге болсо кыйроо болот жана (Алла) алардын иш-амалдарын бекер кылат. Буга себеп алардын Алла түшүргөн нерселерди (тактап айтканда, Куран жана андагы өкүмдөрдү) жаман көргөндөрү. Ошентип, (Алла) алардын амалдарын бекерге кетирди». (Мухаммад: 7-9).
Роя гезити 
Устаз Мунажи Мухаммад

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button