Асыл хадис

“Бакара” сүрөсүнөн

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

“Бакара” сүрөсүнөн

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Бул тууралуу Жами ат-Тирмизинин түшүндүрмөсү Тухфат аль-Ахвазинин “Бакара сүрөсүнөн” деген бөлүмүндө айтылат:

حدثنا ابن أبي عمر حدثنا سفيان عن ابن جريج عن ابن أبي مليكة عن عائشة قالت: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: ” أبغض الرجال إلى الله الألد الخَصِم” قال أبو عيسى هذا حديث حسن

Бизге Ибн Абу Умар, Айша (р.а)дан  риваят кылды. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты: “Аллахка эң жек көрүндү адам – ​​ (батылдын үстүндө) талашып-тартышкан адам”. Абу Иса: хасан хадис – деди.

 أبغض الرجال إلى الله “Аллахка эң жек көрүндү адам” деген сөзүн Аль-Кирмаани мындай деген: Эң жек көрүндү адам –  бул каапыр, ошондуктан хадистин мааниси мындай: Адамдардын эң жек көрүндүсү – каапырлар, батылдын үстүндө өжөрлөнүп талашып-тартышкан каапырлар.

Аль-Хафиз Ибн Хажар мындай деген: Экинчи көз караш – ишенимдүү,  ал каапыр же мусулман болуусу жалпыраак. Эгер ал каапыр болсо, анда анын жек көрүндүсүнүн үстөмдүк формасы чыныгы маанисинде жалпы болот. Эгер ал мусулман болсо, анда анын жек көрүндүсүнүн себеби,  көп учурда жалгандан эле уруш-талаш чыгарган адам же каршылашын жемелеп  батылдын үстүндө талашкандыгы.

الألد “аль-Альд” – бул катуу кастыкты билдирген сөздүн өзгөчө түрү.

Урматтуу бир туугандар:

Биздин динибиз – ырайымдулуктун дини, жана Ааламдардын Ээси Өзүнүн урматтуу Элчисине (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) мындай сөзү менен кайрылган:

وما أرسلناك إلا رحمة للعالمين

Биз сени ааламдарга мээрим катары гана жөнөттүк.

Анан ага: “ولو كنت فظا غليظ القلب لانفضوا من حولك”  “Эгер сен катаал жана таш боор болгонуңда, алар сенин айланаңдан чачырап кетишмек”, – деди.

Ырайым балага, карыларга, аялга, ал тургай жаныбарга да көрсөтүлгөн. Бирок, бүгүнкү күндө үммөттүн уулдарынын арасында мусулман бир туугандарына алар менен макул болбогондуктан же бирөөсү туура көргөндү башкасы туура көрбөгөндүктөн душмандык жана кастык менен карагандарды көрүп жатабыз. Бул маселе, шексиз, айыптоого татырлык. Анткени мусулман башка мусулманга, ал тургай жаныбарларга да ырайымдуу.

عن ابن مسعود رضي الله عنه قال: كنا مع رسول الله صلى الله عليه وسلم في سفر، فانطلق لحاجته، فرأينا حُمَّرة معها فرخان، فأخذنا فرخيها فجاءت الحمرة تعرش، فجاء النبي صلى الله عليه وسلم فقال: “من فجع هذه بولدها؟ ردوا ولدها اليها“.

Ибн Масуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Биз Аллахтын Элчиси (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) менен сапарда болчубуз, ал даарат алганы кетти, ошондо биз эки балапандуу таранчыны көрдүк,  биз анын балапандарын алып койдук, ошондо таранчы чыйпылыктап келди. Анан пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) келип: “Бул канатууну баласы үчүн ким кайгыртты? Баласын өзүнө кайтарып бергиле, – деди.

Ооба, бул биздин динибиз, эй мусулмандар, жаныбарларга да ырайымдуубуз, ошондуктан бири-бирибизге ырайымдуу болушубуз керек эмеспи? Суроо туулат: ырайымдуулук кантип арабыздан жоголуп кетти? Ал кайда кетти? Жана кантип кайтып келиши мүмкүн? Бул абал бүгүнкү күндө жашап жаткан капиталисттик материалисттик атмосферанын негизинде өз динине жана үммөттүнө, исламдын туура акыйкат пикирине чыккынчылык кылган башкаруучуларыбыздын айынан экени талашсыз. Алар бизге динибизден башка нерселерди алып келишкендиктен, биздин өлчөөлөрүбүз материалисттик мүнөзгө өтүп, бул жакшы адеп-ахлакты жоготуп койду. Бул асыл мүнөздү жана башка жакшы адеп-ахлактарды калыбына келтирүү үчүн үммөт чечкиндүүлүк менен болгон күч-аракетин жумшашы керек. Бул – кыянатчы башкаруучуларды тактыларынан алып, алардын ордуна бизди Аллахтын мыйзамы жана ырайым мүнөзү менен башкара турган халифаны коюу менен ишке ашырылат, ошондо биз бул дүйнөдө да, акыретте да бактылуу болобуз.

Оо, Аллахым муну биз үчүн тездет, Оо, Аллах аамиин, аамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 5-шаьбан.

2026-ж, 24-январь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button