Банктардын активи 1 трлн сомдон ашты

Банктардын активи 1 трлн сомдон ашты
Кыргызстандагы банктардын активдери 2025-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча 1 триллион 181,1 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Анын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 11 айында банктардын активдери 44,9 пайызга өскөн. Ошол эле учурда кредиттик портфель 43,6 пайызга кеңейип, 489,3 миллиард сомду түздү. Эң байкаларлык өсүш “ислам” каржылоо секторунда катталды. Өсүү 100,8 пайызды түзүп, көлөмү 18,1 миллиард сомго жетти.
Ошол эле учурда банктарда калктын жана уюмдардын аманаттарынын агымы көбөйүп баратат. Депозиттердин көлөмү 38,8 пайызга өсүп, 822,4 миллиард сомду түздү.
Республикада 21 коммерциялык банк жана 306 филиал иш алып барууда.
Мындан көрүнүп тургандай, үстүбүздөгү капиталисттик түзүм менен башкарып жаткан жетекчилер карапайым калкты сүткордук баткагына батырып барууда. Ал эми мындан түшкөн үлкөн пайдалар бир ууч байлардын чөнтөгүнө агып жатат.




