Айман Сафади: “Эки мамлекет чечиминен башка альтернативасы барлар болсо, аны сунуштасын!”

Басма сөз баянаты
Айман Сафади: “Эки мамлекет чечиминен башка альтернативасы барлар болсо, аны сунуштасын!”
«Хизб ут-Тахрир» буга чейин да, азыр да силерге шаръий жана амалий чечимди сунуштап келет.
Чын эле Иордания режиминин тышкы иштер министри Палестина маселесинин чечилиши үчүн “эки мамлекет чечиминен” башка альтернатива жоктугун олуттуу сурап жатабы? Анда биз ага жооп берели.
Бул тууралуу 2025-жылдын 28-июлунда дүйшөмбү күнү Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында өткөн “Палестина маселесинин тынч жол менен чечилиши жана эки мамлекет чечиминин ишке ашырылышы” боюнча эл аралык жыйында Сауд Арабия менен Франциянын биргелешкен төрагалыгы астында сүйлөгөн сөзүндө айтылды.
Иордания режими өз элине жана жалпы үммөткө яхудий түзүмүнүн коопсуздугун сактоо менен шайкеш келген чечимди таңуулаган тарап. Палестина маселеси боюнча чечимдерде силердин тирегиңер дайыма Америка болуп келген. Америуа Иордания режиминин досу, яхудий түзүмүнүн өнөктөшү, анын бийлигин жана жашап турушун камсыздоочу жана коргоочусу. Ал гана эмес, Газа элине карата жүргүзүлүп жаткан геноцид жана ачарчылык согушунда дагы анын шериги.
Иордания элинин арасынан чыккан же болбосо мабдаий жана олуттуу саясий партиялар менен ак ниет активисттер, Палестина маселеси жаралгандан бери “эки мамлекет чечиминен” башка жол сунуштагандар режим тарабынан эмнелерге дуушар болуп жатышат?
Камак, кыйноо, Мамлекеттик коопсуздук кызматтарындагы соттоолор жана эң жеңили “режимди кулатууга үндөө” деген айыптар менен абак жазалары! Демек, режимдин коопсуздугу жана жашап турушу — душмандардын чечимдерине баш ийүү менен камсыз болушу керекпи?!
Силердин саясий долбоорлоруңар ондогон жылдар бою ишке ашпай, натыйжада бул эл жана бул жер уят болчудай даражадагы кордуктун абалына түшкөнү ачык-айкын көрүнүп турат. Бул силердин үммөткө душман болгон яхудий түзүмүнө жана Батыштагы каапыр колонизатор Америка менен Европага көз карандылыгыңарды даана көрсөттү. Силер сунуштаган “эки мамлекет чечими” сыяктуу алмаштыруучу чечимдер Аллах жолундагы жихадга жана исламий мамлекеттин кайтып келип, Аллахтын шариатын үстөм кылуусуна альтернатива боло албайт. Бул элди жана жерди силер коңшулаш жашап, коопсуздугун сактагыла деп чакырып жаткан түзүмдөрдөн куткарат.
Бирок мунун бары куру кыял! Анткени силер үммөттөн эмессиңер, үммөт да силерден эмес. Силерди бул элге таңуулап, анын көкүрөгүнө отуруп алган каапыр Батыштагы колонизатор. Силер элге багынуу жана баш ийүү чечимдерин таңуулагансыңар. Эгерде силерде чыныгы ихлас болгондо, яхудий түзүмүнүн өзү да “эки мамлекет чечимин” четке кагып, сүйлөшүүлөрдү каалабай турганын түшүнмөксүңөр. Сен өзүң айткандай, АКШнын Тышкы иштер министрлиги Нью-Йоркто өткөн БУУнун “эки мамлекет чечими” боюнча жыйынын “дипломатиялык аракеттерге зыян келтирген үгүт иши” деп сындап, яхудий түзүмүнүн бул чечимди четке кагуусун колдогон. Ошондо, эмне үчүн силер дагы деле бул ийгиликсиз чечимди коргоп, аны жактап сүйлөп, айрым европалык өлкөлөрдүн “вакыйлыгы жок палестин мамлекетин таануу” ниетине жабышып жатасыңар? Же болбосо бул чечимдин башка түшүндүрмөсү барбы? Силер Палестина маселесин жоюу процессинде анын агымын кошо колдоп, Палестина менен Иордания элдерин алдап жатасыңарбы? Бул жалган — аларды алдап көчүрүү, же Батыш жээгиндеги палестиндиктерге иорданиялык “калкан” берүү менен “яхудий түзүмүнүн” ач көздүгүнө жагынуу эмеспи?
Эгерде силер чындап эле “эки мамлекет чечимин” каалап жатасыңар деп кабыл алсак да, бул чечимди ишке ашыруу үчүн күч талап кылынат. Ал күч яхудий түзүмүнө жана Америкага бул чечимди мажбурлап таңуулаш керек. Ал эми силерде бар болгон эң күчтүү каражат — эл аралык укукка кайрылуудагы дипломатиялык нааразылык билдирүү жана даттануу. Өзүңөр буга чейин “өлүк” деп атаган эл аралык укукка кайрылып жатканыңар күлкү келтирбейби?! Демек, силер эки эле тандоонун алдында турасыңар: Биринчиси, яхудий түзүмүн күч менен, башкача айтканда, куралдуу күрөш менен мажбурлоо (бул жок дегенде силер “коргоп жатабыз” деген Иорданиянын эгемендигин сактап калуу үчүн). Экинчиси, багынуу жана баш ийүү.
Ал эми сенин “саясий чебер сүйлөөң” болсо курсак тойгузбаган, эч пайдасы жок бош риторикадан башка нерсе эмес. Бул сөздөр эң алсыз мамлекеттердин да оозунан чыкпаган маскаралыктын үлгүсү. Сен айтасың: “Израил эки мамлекет чечимине каршы болгону үчүн дүйнө чара көрө турган учур келди”
Кайсы “дүйнө” тууралуу айтып жатасың? Ал дүйнө яхудий түзүмүнүн кылмыштарына унчукпаган, ал гана эмес, Газа элин кырууга жана ачарчылыкка учуратууга шерик болуп жаткан дүйнө эмеспи?!
Эгер үммөттү Батыш колонизаторлорунун тырмагынан, алардын сакафий, саясий, аскерий жана экономикалык үстөмдүгүнөн куткаруу, жана яхудий түзүмүн тамыры менен жоготуу үмүтү бар болсо, анда бул үмүттү ишке ашыруучу нерсе — үммөттүн жер жүзүндөгү биримдиги. Бул болсо, баарыбызга айкын көрүнүп турган биримдикке кошумча болот. Биз «Хизб ут-Тахрир» ушул максатта иш алып барабыз — Пайгамбарлык минхажындагы Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылабыз. Бул — үммөттү ондогон жылдардан бери азапка салган абалдан чыгаруучу жалгыз жана түпкү жол. Бул — Батыш мамлекеттери коркуп, аны түз же болбосо “эки мамлекет чечими” сыяктуу жалган, багынууга негизделген алмаштыруучу жолдор аркылуу кайтып келишине каршы күрөшүп жаткан система.
Силердин режимдер бул жалган чечимдин артынан ондогон жылдар бою жүгүрүп келе жатат, бирок өзүңөр да билесиңер, бул чечимдин геосаясий жактан эч кандай чыныгы негизи жок. Европанын алдамчы мамлекеттеринин баары аны таанып берсе да, ал чечим эч качан ишке ашпайт, анткени ал силердин режимдердин сакталып калышы үчүн гана бар. Эгер сен чындап эле олуттуу болсоң, анда чечим мына алдыӊда турат, аны өз өлкөңдөгү башкаруучуларга жеткир. Болбосо сенин суроо бергениң эл аралык өлүк режимдин трибуналарында кайталанган бош сөздөрдүн бири болот.
Ал эми чыныгы шаръий жана амалий, ихлас менен сунушталган чечим — бул «Хизб ут-Тахрир» түзүлгөн күндөн бери үммөткө сунуштап келген чечим. Бул өз элине калп айтпаган чыныгы жол башчынын чечими. Бул чечим Иорданиядагы жана Палестина айланасындагы араб мамлекеттериндеги элге түшүндүрүлгөн, ал учурда бул чечимдин наркы үммөт үчүн да, системалар үчүн да азыркыдай оор болгон эмес. Бирок азыркы учурда силердин саясатыңардын жана баш ийүүңөрдүн натыйжасында бул маселе ушунча кыйын деңгээлге чейин жетип калды.
Бул чечим ачык-айкын: Аскерлерди жиберип, яхудий түзүмүнө каршы күрөшүү, Палестинаны толугу менен бошотуу жана адамдарды алардын кордоосунан куткаруу.
﴿إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَذِكْرَى لِمَن كَانَ لَهُ قَلْبٌ أَوْ أَلْقَى السَّمْعَ وَهُوَ شَهِيدٌ﴾
«Албетте мында (билгич) жүрөк ээси болгон же өзү күбө болуп жаткан абалда (тактап айтканда, чын жүрөктөн) кулак туткан киши үчүн эскертме-үлгүлөр бар». (Каф сүрөсү, 37-аят).
Хизб ут Тахрирдин Иорданиядагы маалымат бөлүмү
04.08.2025