АКШ колонизатор мамлекет, анын бажы саясатына баш ийүү үммөттүн эгемендүүлүгүнө коркунуч жаратат!

Басма сөз баянаты
АКШ колонизатор мамлекет, анын бажы саясатына баш ийүү үммөттүн эгемендүүлүгүнө коркунуч жаратат!
Капитализмди дүйнөгө жайылтуучу АКШ дүйнөнүн ар кайсы бурчунда «бажы бороонун» баштады. Ал бул кадамы менен өзү үгүттөгөн капиталисттик түшүнүктүн негизги түркүктөрүнүн бири болгон эркин рынок принцибин, ошондой эле өзү түзгөн Дүйнөлүк соода уюму (WTO) койгон эрежелерди да тоготпой койду. Бул дагы бир жолу капиталисттик түзүмдүн адамгерчиликсиз жана эзүүчү экенин далилдеп турат.
АКШнын бажы чараларына карата Бангладештеги убактылуу өкмөт да баш ийүү саясатын кабыл алды. Ал Boeing компаниясынын начар иштешинен улам көптөгөн мамлекеттер буйрутмаларын токтоткон учурда, тескерисинче, 25 кымбат учак сатып алуу тууралуу суициддик чечим чыгарды. Мындан тышкары, Америкадан пахта жана суюлтулган жаратылыш газын да импорт кылуу чечимин кабыл алды. Мунун баары америкалыктар менен жашыруун эки тараптуу жолугушуулар аркылуу — тарыхый купуялуулук келишимине кол коюу менен жүргүзүлүүдө.
Бул болсо, АКШ Бангладешти геосаясий курал катары колдонуп жатканын жана бул аймакта өзүнүн колонизатордук долбоорлорун ишке ашырууга жан үрөп жатканын билдирет. Муну элдин аң-сезимдүү бөлүгү, саясатчылар жана агартуучулар жакшы түшүнүп турат.
Аллах Таала айтат:
﴿إِن يَثْقَفُوكُمْ يَكُونُوا لَكُمْ أَعْدَاءً وَيَبْسُطُوا إِلَيْكُمْ أَيْدِيَهُمْ وَأَلْسِنَتَهُم بِالسُّوءِ﴾
«(Эй момундар), эгер алар (мушриктер) силерди жеңсе душманыңар болушат жана силерге колдорун жана тилдерин жамандык менен созушат (тактап айтканда, силерди өлтүрүшөт, кемсинтишет)». (Мумтахана сүрөсү, 2-аят).
Ал эми капиталисттик экономисттер болсо, саясий экономиканы билишкенине карабастан, өтө эле аңкоо болуп калышкан. Алар АКШнын бажы саясатын бир гана экономикалык көз караш менен карап, ага каршы турган жалгыз жол катары да экономикалык мүнөздөгү жооп чараларын эле көрүшөт. Эгерде убактылуу өкмөт Бангладештеги энергетика секторунан америкалык компанияларды кууп чыкса, бул АКШнын адамгерчиликсиз саясатына ылайыктуу жооп болмок. Бирок, тилекке каршы, бул маселе Бангладеш менен Америка ортосундагы соода келишимдеринин эсебинде такыр эске алынган жок.
Ал эми бийликке жетүүнү самап жаткан Бангладеш Улуттук партиясы (BNP) болсо, элди алдап, АКШнын бажы төлөмдөрү маселесинде өкмөт менен толук кызматташууга убада берип чыкты. АКШ Бангладешке үстөмдүк орнотуу аракетин көрүп жаткан учурда, кээ бирлери америкалык дипломаттарга белектерди тартуу кылуудан да тартынбай жатышат!
Биз, Хизб ут-Тахрир / Бангладеш вилаяты, убактылуу өкмөттү эскертебиз жана ага мындай дейбиз: АКШ — бул колонизатор мамлекет! Андыктан, аны менен ар кандай келишимге кол коюудан оолак болгула! Тескерисинче, бул кырдаалды пайдаланып, ага болгон ар кандай көз карандылыктан, анын ичинде соода көз карандылыгынан да толук кутулуу мүмкүнчүлүгү катары карагыла!
Эй эл-журт! Ар бир аң-сезимдүү саясатчы жакшы билет. АКШ өзүнүн капиталисттик колонизатордук саясаты аркылуу дүйнөлүк экономиканы кайра-кайра туңгуюкка түрткөн. Бүгүн болсо, ал дүйнө жүзүнө үстөмдүгүн таңуулаш үчүн соода согушун жарыялап жатат.
Саясий диалог борборунун иликтөө бөлүмүнүн директору, изилдөөчү доктор Муаззам да, АКШнын бир тараптуу соода саясаты жана жаңы бажы төлөмдөрү дүйнөлүк соодага чоң коркунуч жаратарын баса белгиледи. Ошентип, капитализм үгүттөп келген “эркин рынок экономикасы” деген утопиянын жалганчылыгы азыркы экономисттердин көз карашында да ачыкка чыгып калды.
Бул абалга каршы туруу — Халифалык мамлекетинин гана колунан келет. Халифалык өлкөнү экономикалык жактан өзүн-өзү камсыздоочу мамлекетке айландырып, түз инвестицияга негизделген азыркы экономикалык саясаттарды жоюп, АКШнын колонизатордук куралдары болгон Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банкты тамыры менен жок кылат. Ал исламга негизделген алдыӊкы экономиканы куруп, дүйнөнү адилеттүү жана тең салмактуу экономикага баш ийдирет.
Силер билесиңер, Хизб ут-Тахрир Халифалыктын экономикалык саясаты тууралуу мурунтан эле жергиликтүү жана эл аралык жыйындарда кеңири баяндамалар жасап келген. Демек, эми силерге Хизб ут-Тахрирдин ак ниет жана аң-сезимдүү жетекчилиги менен биригип, халифалыкты тикелөөгө умтулуу гана калды!
Аллах Таала айтты:
﴿وَلَوْ أَنَّ أَهْلَ الْقُرَى آمَنُوا وَاتَّقَوْا لَفَتَحْنَا عَلَيْهِم بَرَكَاتٍ مِّنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ وَلَكِن كَذَّبُوا فَأَخَذْنَاهُم بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ﴾
«Эгер ал кыштактардын (жайлардын) калкы ыйман келтирип, такыбадар болгондо, албетте, Биз аларга асман менен жердин береке (дарбазаларын) ачып койгон болоор элек. Бирок алар (пайгамбарларыбызды) жалганчы дешти, анан, аларды өздөрү кылган күнөөлөрү себептүү кармадык». (Аъраф сүрөсү, 96-аят).
Хизб-ут-Тахрирдин Бангладеш вилаятындагы маалымат бөлүмү
30.07.2025