Америка бийлигинин исламий жамааттарга каршы кысым кампаниясынын күчөшү

Басма сөз баянаты
Америка бийлигинин исламий жамааттарга каршы кысым кампаниясынын күчөшү
Мамлекеттик катчы Марко Рубио радио алып баруучу Сид Розенберг менен маегинде «Ихванул муслимин» кыймылын жана Америка–Ислам мамилелер кеңешин (CAIR) террордук уюм катары таануу боюнча жүрүп жаткан процесске токтолду. Рубио «бул классификациялар даярдалып жатат, жана “Ихванул муслимин”дин ар кайсы бутактары бар экендиги айкын, ошондуктан алардын ар бири өз-өзүнчө классификацияланууга тийиш» деп билдирди.
Рубио мындай классификациялар соттук доолорго туруштук берүү үчүн укуктук процедураларды талап кылаарын моюнга алганы менен, анын сөздөрү айрым чет өлкөлүк да, жергиликтүү да исламий уюмдарын улуттук коопсуздукка коркунуч жана АКШнын тышкы саясатынын каршылаштары катары көрсөтүү тенденциясынын күчөп баратканын чагылдырат. Бул Ак үйдүн өкүлү Каролин Левиттин мурдагы билдирүүлөрүн да чагылдырат. Ал Махмуд Халил АКШнын тышкы саясатына жана улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына «каршы болгондугу үчүн» бутага алынганын айткан эле.
Ондогон жылдар бою Америкадагы мусулмандар терроризмге каршы күрөш жана улуттук коопсуздук деген желе алдында тыңчылыкка, белгилүү бир тартипке салууга, кылмышкер катары көрсөтүүгө жана коркутуп-үркүтүүгө дуушар болуп келишти. Мурунку администрациялардын (демократиялык да, республикачыл да) исламга каршы риторикасы мусулман коомчулугуна каршы жек көрүүчүлүк кылмыштарынын күчөшүнө алып келди.
Бул маселе «Ихванул муслимин» же Америка–Ислам мамилелер кеңеши менен гана чектелбестен, бардык исламий уюмдарга жана биздин жамааттарыбызга бир убакта таасирин тийгизүүдө. Исламий уюмдардын, айрыкча үммөт маселелерин же исламий башкарууну колдогондордун саясий себептер менен кысымга алынышын исламга каршы болгон кеңири жаман көз караштардан өзүнчө кароого болбойт.
Пайгамбарыбыз ﷺ жана сахабалар رضوان الله عليهم Меккеи Мукаррамада ушуга окшогон саясий зулумдарга, сүргүнгө жана каралоо кампанияларына дуушар болушкан. Бул алардын зомбулук кылгандыгынан эмес, исламга даават кылгандары үчүн болгон.
Ислам бизге динибизди коргоону, чындыкты айтууну жана үммөттүн пайдасы үчүн биргелешип уюшууну милдеттендирет. Америкадагы биз, мусулмандар, чындыкта бекем турушубуз, үндөрүбүздү бириктиришибиз, бири-бирибизди коргошубуз жана динибизди өчүрүп, бизди унчукпай калтырууга багытталган коркутууларды четке кагышыбыз керек.
Аллах Таала бизге эскертип айтат:
﴿إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ﴾
Момундар эч шек-күмөнсүз ага-инилер. (Хужурат: 10).
Жана дагы:
﴿وَالْمُؤْمِنُونَ وَالْمُؤْمِنَاتُ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاء بَعْضٍ يَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَيُقِيمُونَ الصَّلاَةَ وَيُؤْتُونَ الزَّكَاةَ وَيُطِيعُونَ اللّهَ وَرَسُولَهُ أُوْلَـئِكَ سَيَرْحَمُهُمُ اللّهُ إِنَّ اللّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ﴾
Момун эркек жана момун аялдар бир-бирине дос. Алар (бири-бирин) жакшылыкка үндөшөт, жамандыктан токтотушат, намазды толук аткарышат, зекетти (тиешелүүлөргө) беришет. Алла жана Анын пайгамбарына моюн сунушат. Дал ошолорго Алла ырайым кылат. Албетте Алла кудуреттүү, даанышман. (Тообо: 71).
Биз, «Хизб ут-Тахрир», бардык ислам жамааттарын бири-бирин коргоого үндөйбүз. Анткени бул маселе бир гана уюмга эмес, Америкадагы биздин исламий өздүгүбүздү коргоого тиешелүү.
Хизб ут-Тахрирдин Америкадагы маалымат бөлүмү
20.08.2025