Басма сөз

Америка Дарфур аймагын бөлүп чыгаруу планын аткарууга шашылууда.

Америка Дарфур аймагын бөлүп чыгаруу планын аткарууга шашылууда.

Мамлекеттин биримдигин тагдыр чечүүчү маселе кылмайынча, биз үчүн эч кандай коргоочу жок

Трамп администрациясы 2025-жылдын январында бийликке келип, Судан маселесин колго алгандан бери, өлкөдөгү аскерий жана саясий иштерди жетектеп, Дарфур аймагын бөлүп чыгарууга багыттап келе жатат. 2025-жылдын 26-март, шаршемби күнү армия Хартумду кайра кайтарып алды. Ошондо аль-Бурхан президенттик сарайдан: «Хартум бошотулду, маселе бүттү» деп билдирген. Андан соң аскерий аракеттер ылдамдап, Ыкчам колдоо күчтөрү Жазира, Сеннар, Ак Нил жана Көк Нил вилаяттарынан сүрүлүп чыгарылды. Натыйжада, Ыкчам колдоо күчтөрү Дарфурга жакын жайгашкан Курдуфан аймагынын айрым жерлерин жана Дарфурдун дээрлик бүт аймагын колго алды. Бирок бир жылдан ашуун убакыттан бери курчоодо турган Фашер шаарынын бир бөлүгү гана алардын колуна өткөн жок.

Ушундай абал пайда болду: армия Судандын түндүгүн, борборун жана чыгышын көзөмөлдөйт; Ыкчам колдоо күчтөрү болсо Дарфурду жана Курдуфандын бир бөлүгүн колго кармап турат. Бул болсо иш жүзүндө Дарфурду бөлүп чыгарууга алып барган абалды билдирет, анткени Суданда эки өзүнчө түзүм бардай көрүнүп калды.

Мурда Фашердеги курчоону алып салуу жана алсырап турган Ыкчам колдоону жок кылуу үчүн аскерий топторду жылдыруу жарыяланган эле. Мисалы, аль-Кудс аль-Араби 2025-жылдын 19-апрелинде: «Акыркы талаа жаңылыктарына ылайык, армия менен биргелешкен күчтөрдүн ири аскерий бөлүктөрү өлкөнүн түндүгүндөгү Дабба шаарынан чыгып, Фашердеги курчоону бузууга аттанды. Ошол эле учурда ушул күчтөргө таандык башка бөлүктөр Курдуфан вилаятында жайылып, шаарга башка багыттан карай жылууда олуттуу жеңиштерге жетишти»,- деп жазган. Бирок бул ишке ашкан жок. Тескерисинче, Ыкчам колдоо күчтөрү Курдуфанда кеңейип, стратегиялык маанидеги Аль-Убайид шаарына чабуул жасай турганын жарыялады!

Ал эми саясий иштерге келсек, алардын эң көрүнүктүүсү Ыкчам колдоо күчтөрүнүн экинчи өкмөт түзүү аракетин жарыялашы болду. Түштүк Дарфур вилаятынын борбору Ниялада 2025-жылдын 26-июлу, ишемби күнү алар параллелдүү өкмөттү – Жогорку кеңешти, министрлер кабинетин жана вилаят губернаторлорун түзгөнүн жарыялашты. Бул өлкөнү бөлүп-жаруунун, Дарфур аймагын ажыратып алуунун ачык кадамы болуп калды. Муну менен катар саясий чөйрөдө улутчулдукка негизделген сөздөрдүн жайылышы, күн сайын аймактык, уруучулук жана жергиликтүү негизде жаңы-жаңы милициялардын куралышы, бийликти да ошол эле улутчулдукка таянып бөлүштүрүү аракети жүрүп жатат. Натыйжада биз өлкөнүн биримдигине каршы, Дарфурду бөлүп чыгаруу менен баштала турган, толук кандуу планды көрүп турабыз.

Америка болсо Дарфурду бөлүү аракетин дал Түштүк Суданды бөлүп чыгарганда колдонгон схема боюнча жүргүзүүдө. Анткени Дарфурда Англия менен европалыктар түзгөн куралчан топтордун мурастарын өз пайдасына колдонуп, бөлүп чыгарууга ылайык шарт түзүп алган. Бул болсо мамлекетке каршы куралдуу көтөрүлүштү, «адилетсиздикке кабылганбыз» деген ураандарды, четтетилүү жана социалдык зомбулук тууралуу дооматтарды, аймактык жана этникалык талаптарды бийлик менен байлыкка байланыштырган чакырыктарды камтыйт.

Түштүк Судандагыдай эле: ал кезде Америка Жон Гарангды жана анын адамдарын англиялыктар менен европалыктар түзүп берген козголоңчу топтордун башына коюп, ондогон жылдар бою мамлекетке каршы көтөрүлүш жүргүздүргөн. Азыр болсо Америка ошол эле сценарийди Дарфурда кайталоодо. Бул жолу ал сүйүктүү “баласы” Ыкчам колдоо күчтөрүн Дарфурдагы куралчан кыймылдардын башына коюп, Дарфурду бөлүп чыгарууну көздөп жатат. Мурда англиялыктар менен европалыктар түзгөн козголоңдордун максаттары Американын адамы Умар аль-Баширге каршы багытталган болсо, эми Америка өз адамдары менен бул бөлүп-жаруучу долбоорду ишке ашырууда.

Мурда Түштүк Суданды бөлүп чыгарган Америка тууралуу аль-Башир 2012-жылдын январында Хартумдагы басма сөз жыйынында мындай деген: «Америка Суданды мунай кызыкчылыгы үчүн жана өлкөнү алсыратуу үчүн бөлдү». Ал тургай, 2017-жылдын 25-ноябрында орус агенттиги Спутникке берген маегинде мындай деп кошумчалаган: «Бизде Американын Суданды беш мамлекетке бөлүүгө аракет кылып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Акыркы мезгилде Америка жалгыз аракет кылып, араб дүйнөсүн талкалады».

Чындыгында Америка Жакынкы Чыгышты кайрадан калыптандырууга, кайрадан бөлүп-жарууга умтулууда. Бул демилге запастагы генерал Ральф Питерстин «кан чек аралары» аттуу картасына жана аны шыктандырган яхудий чалгынчы Бернард Льюистин идеяларына негизделген. Льюис «Жакынкы Чыгышты бөлүп-жаруунун чебери» катары таанылган. Анын көз карашына ылайык, Европа империалисттери чийген Сайкс–Пико жана башка чек аралар туура эмес болгондуктан, аларды «оңдоо» үчүн жүз миңдеген адамдардын каны төгүлүшү керек. Мына ошентип, бүгүнкү улуттук мамлекеттердин ичинен жаңы мамлекеттер «жарылып чыгып», көбөйүп турушу зарыл деген ойду жактайт. Бул идея жаңы карталар менен коштолгон макаласында баяндалып, 2006-жылдын июль айында АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн журналы “Armed Forces Journal”да жарыяланган.

Дарфурду бөлүп чыгаруу идеясын, айрыкча англиялыктарга байланып турган жарандык күчтөрдүн арасында жайылтуу үчүн, Америка тынчтык институту 2024-жылдын апрелинде Найробиде семинар өткөргөн. Бул семинарга согушка каршы турган саясий жана жарандык күчтөр катышкан. Семинардын жыйынтыгында институт: «Суданда эки өкмөттүн болушу согушту басаңдатат жана сүйлөшүүлөргө жол ачат» деген тыянак чыгарган (аль-Шарк аль-Аусат, 04.08.2025)

Эй Судан калкы!

Мурда Түштүк Суданды бөлүп чыгарган Америка бүгүн Дарфурду ажыратууга кайтып келди. Эгерде силер бул маселени Түштүк Судандын маселесинде колдонгон ыкма менен чечсеңер, анда Американын Суданды беш мамлекетке бөлүү планы, анын чек араларын силердин жана уулдарыңардын каны менен чийүү аракети сөзсүз ишке ашат. Бул болсо дүйнөдө да, акыретте да ачык жоготуу болот. Билип койгула! Элдердин жана үммөттөрдүн жашоосу же өлүмү чечиле турган тагдыр чечүүчү маселелери бар. Ал эми силер, Судандын эли, мусулмандарсыңар. «Аллахтан башка илах жок, Мухаммад Аллахтын Элчиси» деп күбөлүк бересиңер. Ислам акыйдасы силерге тагдыр чечүүчү маселелерди аныктап берген жана алар боюнча бир гана жол көрсөтүлгөн – алардын ичинде жашоо же алар үчүн жан берүү. Ушул тагдыр чечүүчү маселелердин бири – үммөттүн биримдиги, мамлекеттин биримдиги. Шариат бул маселени аныктап, ага тиешелүү иш-аракетти да көрсөтүп берген. Бул эки негизги маселе аркылуу даана көрүнөт: биринчиси – халифалардын көп болуу маселеси, экинчиси – багыттан чыккан топтор (багыйлар) маселеси. Абдуллах ибн Амр ибн аль-Ас رضي الله عنه  мындай деген: Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:

«وَمَنْ بَايَعَ إِمَامًا فَأَعْطَاهُ صَفْقَةَ يَدِهِ وَثَمَرَةَ قَلْبِهِ فَلْيُطِعْهُ إِنْ اسْتَطَاعَ، فَإِنْ جَاءَ آخَرُ يُنَازِعُهُ فَاضْرِبُوا عُنُقَ الْآخَرِ».

«Ким бир имамга байъат берип, колун сунуп, жүрөгүнүн берилишине убада кылса, ага колунан келгенче итаат кылсын. Эгер башкасы келип, ага атаандашса, анда экинчисинин моюнун кылыч менен чапкыла» (Муслим риваяты). Абу Саид аль-Худри رضي الله عنه дан, Пайгамбар ﷺ  айтты:

«إِذَا بُويِعَ لِخَلِيفَتَيْنِ فَاقْتُلُوا الْآخَرَ مِنْهُمَا».

«Эгер эки халифага байъат берилсе, анда алардын экинчисин өлтүргүлө» (Муслим риваяты).

Бул менен Пайгамбарыбыз ﷺ  мамлекеттин биримдигин тагдыр чечүүчү маселе кылып белгиледи, халифалардын көбөйүшүнө тыюу салды жана ким халифалыкта экилик түзүүгө аракет кылса, аны өлтүрүүнү буюрду. Арафажа رضي الله عنه  айтты: Мен Пайгамбар ﷺ  айтканын уктум:

«مَنْ أَتَاكُمْ وَأَمْرُكُمْ جَمِيعٌ عَلَى رَجُلٍ وَاحِدٍ يُرِيدُ أَنْ يَشُقَّ عَصَاكُمْ أَوْ يُفَرِّقَ جَمَاعَتَكُمْ فَاقْتُلُوهُ».

«Эгер силерге бирөө келип, ишиңер бир кишинин (халифанын) алдында биримдикте болуп турган учурда, жипти үзгүсү келип, жамаатыңарды бөлгүсү келсе, аны өлтүргүлө» (Муслим риваяты).

Демек, Пайгамбарыбыз ﷺ  үммөттүн жана мамлекеттин биримдигин тагдыр чечүүчү маселе кылып белгиледи, жамаатты бөлүүгө аракет кылгандарды токтотуп, артка кайтууга же болбосо өлүм жазасына буйруду. Ал эми багыйлар тууралуу болсо, Аллах Таала мындай деген:

﴿وَإِنْ طَائِفَتَانِ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ اقْتَتَلُوا فَأَصْلِحُوا بَيْنَهُمَا فَإِنْ بَغَتْ إِحْدَاهُمَا عَلَى الْأُخْرَى فَقَاتِلُوا الَّتِي تَبْغِي حَتَّى تَفِيءَ إِلَى أَمْرِ اللَّهِ فَإِنْ فَاءَتْ فَأَصْلِحُوا بَيْنَهُمَا بِالْعَدْلِ وَأَقْسِطُوا إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُقْسِطِينَ﴾

«(Эй момундар), эгер момундардан болгон эки топ (бир-бири менен) урушуп калышса тездик менен алардын ортосун ондоп койгула! Ал эми эгер алардан бири экинчисинин үстүнө зордук кылса, анда тээ (зордукчул уруу) Алланын буйругуна-жолуна кайтмайынча силер ошол зордук кылган (топ) менен урушкула! Ал эми ал (топ зордук кылуудан) кайтса, силер тездик менен алардын ортосун адилеттүүлүк менен ондоп – жараштырып койгула. (Ар дайым) адилеттүү болгула! Анткени Алла адилеттүүлөрдү сүйөт». (Хужурат сүрөсү, 9-аят).

Демек, ким мусулмандарга халифа болуп шайланып, анын имаматы далилденсе, ага каршы чыгуу харам болот. Анткени ага каршы чыгуу – мусулмандардын биримдигин бузуу, алардын канын төгүү жана мал-мүлкүн жок кылуу болуп эсептелет. Расулуллах ﷺ  айтты:

«مَنْ خَرَجَ عَلَى أُمَّتِي وَهُمْ جَمِيعٌ فَاقْتُلُوهُ كَائِناً مَنْ كَانَ»

«Ким менин үммөтүм биримдикте турганда ага каршы чыкса, аны ким болбосун өлтүргүлө».

Ошондуктан имамга каршы чыккандар багый болуп эсептелет. Аларга насаат айтылат, шектери жоюлат. Эгер алар өжөрлөнүп туруп алышса, алар менен согушулат. Мамлекетти көбөйтүүгө тыюу салуу, ага каршы чыгууга тыюу салуу жана үммөттүн биримдигин бузууга тыюу салуу, мамлекеттин биримдиги жана үммөттүн биримдиги – тагдыр чечүүчү маселелер болуп калды. Анткени шариат бул маселеге «өмүр же өлүм» мамилесин белгиледи. Ким мындай кылса, же артка кайтып токтойт, же өлүм жазасына тартылат. Мусулмандар бул өкүмдү аткарышкан жана аны эң чоң жана эң коркунучтуу иштердин бири деп эсептешкен. Алар муну ким болбосун эч бир мусулманга карата жеңил көрүшкөн эмес. Бул Аллахтын өкүмү. Андыктан эки жүздүүлөрдүн жана саткындардын колдорунан кармап, Американын Дарфурду бөлүп чыгаруу планын ишке ашырбай тоскула. Ошентип, силерди жараткан жана силерди ырыскы менен камсыз кылган Аллах Тааланы ыраазы кыласыңар, уулдарыңардын канын сактап каласыңар жана өлкөңөрдү бөлүп-жаруу планын токтотосуңар.

Эй Судан калкы! Бул силердин тарыхыңардагы бурулуш учур. Ошондуктан бир кишидей болуп туруп, бул кутумду ишке ашырбай тоскула. Эгерде силер Аллахтан жардам сурап, Ага чыныгы таваккул кылсаңар жана уулдарыңардын ичинен кудурет жана күч ээлеринин чын ыкластууларына кайрылып, кафир Батыштын жана анын кылмыштуу долбоорлорунун кызматкери болгон саткындар менен эки жүздүүлөр басып алган бийлигиңерди кайра кайтарып берүүнү талап кылсаңар, муну кыла аласыңар.

Бул болсо Хизб ут-Тахрирге нусрат берүү менен гана болот. Анткени ал кафир Батыштын кутумдарын, анын пландарын, ыкмаларын жана адамдарын жакшы билет. Ошондой эле Исламды улуу мабда катары түшүнөт жана аны жашоо тартиби катары билет. Ошондуктан, эй мусулмандар, Аллахка итаат кылуу үчүн, дүйнө жана акыреттеги жакшылык үчүн көтөрүлгүлө. Аллах Таала мындай дейт:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾

«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла». (Анфал сүрөсү, 24-аят).

12/08/2025 м.ж.

18-Сафар 1447 х.ж.

Хизб ут-Тахрир

Судан вилаяты

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button