Басма сөз

Америка ороңдоп жатат… ал эми бийликтегилер анын колонизатордук долбоорлоруна баш ийүүдө!

Басма сөз баянаты

Америка ороңдоп жатат… ал эми бийликтегилер анын колонизатордук долбоорлоруна баш ийүүдө!

Биздин өлкөбүзгө келген ар кандай бийлик ээлери америкалык басымдарга баш ийүүдөн баш тартуунун ордуна, анын дүйнөнү, анын ичинде Араб аралын жана африкалык мейкиндигибизде үстөмдүк кылуу үчүн түзүлгөн колонизатордук стратегиясын бекемдөөгө салым кошууну тандап келишти. Эссибси администрациясы Барак Обаманын Тунисти НАТОго кирбеген негизги союздаш макамы менен сыйлоо тууралуу чечимине кол коюусу, же өлкөбүздү сегизинчи жыл катары менен америкалык «Африка арстаны 2025» аскерий машыгуусун өткөрүү планына ачык кылганы буга айкын мисал. Бул тууралуу Африкадагы америкалык аскерий командачылыктын (Африком) башчысы генерал Дагфин Андерсон АКШ Конгрессинин Куралдуу күчтөр комитетиндеги угууларда: «Марокко менен Тунис – континентте коопсуздукту экспорттоого жөндөмдүү эң ишенимдүү өнөктөштөрдүн катарына кирет», – деп билдирген.

АКШ таасири кирип баруусунун уландысы катары TUNISIE TELEGRAPH сайты кабарлагандай, келерки жумада Тунисте химиялык, биологиялык, радиологиялык жана ядролук (CBRN) коркунучтар менен күрөшүүгө арналган атайын өркүндөтүлгөн машыгуу башталат. Ал АКШнын Коргонуу коркунучтарын азайтуу агенттигинин (DTRA) адистешкен тобунун жетекчилиги астында өтүп, ага Тунис куралдуу күчтөрүнүн 61-инженердик полку катышат. Бул – эки тараптуу кызматташтыктын алкагындагы иш-чара болуп саналат.

Ошондой эле НАТО деңиз командачылыгынын маалыматына ылайык, «Деңиз күзөтү» операциясына тиешелүү кеме-катерлер Туниске келип, Тунис деңиз флоту 2-сентябрдан 12-сентябрга чейинки мезгилде Грециядагы НАТОго караштуу деңиз операцияларын үйрөтүү борбору уюштурган адистештирилген машыгууга катышты. Бул – биздин өлкөбүздө жана элибизгд алмашып келген бийлик ээлеринин саясаттары алып келген өлчөөсүз коркунучтун ачык далили. Алар бизди көз каранды абалга салып, ошол эле учурда эгемендүүлүккө ээ болуп, аны сактап жатабыз деп курулай мактанышууда!

Мындай алдоо аракети астында бул ишмердик «Тунистин жана Американын ортосундагы аскерий жана коопсуздук кызматташтыгы» деген ат менен көрсөтүлүп жаткан шартта, жана бул кабарга карата, биз Хизб ут-Тахрир / Тунис вилаяты катары зайтуний өлкөбүздүн элине төмөнкү вакыйлыктарды эскертип кетебиз:

Америка биз менен ишенимди курууну жана операциялык даярдыгыбызды күчөтүүнү көздөп жатат деп актоодо. Бирок дал ошол Америка Катарды кыянаттык менен сатып, яхудий түзүмүнө Доханы бомбалоого уруксат берди, ХАМАСтын сүйлөшүүчү делегациясына кыянаттык кылды. Ошондой эле дал Американын вето укугу 2025-жылдын 18-сентябры, бейшемби күнү, алты жолу катары менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин Газага каршы согушту дароо, түбөлүк жана шартсыз токтотууга чакырган резолюциясынын кабыл алынышын тосуп салды. Ошондой эле Газанын кырсыкка кабылган элине сионисттик кыргын машинасынын арасында жана мусулмандардын өкүмдарларынын уятсыз позициялары астында гуманитардык жардамдардын жеткирилишин чектөөнү да улантып келет.

АКШ өзгөчө 2023-жылдын 7-октябрынан кийин Газа менен Батыш Жээктеги, Ливандагы, Ирандагы, Йемендеги, Сириядагы жана акыркы кезекте «союздашы» Катардагы мусулмандардын канын эч баалабаганын жана аларга каршы душмандыгын ачык көрсөттү. Ал колун жеткирген бардык  мусулман жерлеринде яхудий түзүмүн ачык колдоду.

Ошондой эле бул кылмышкер түзүмдү акча, курал-жарак жана техника менен камсыз кылып, анын кылмыштарын расмий саясий сөздөр менен жана укуктук жактан жашыл жарык берүү менен колдоду. Ага каршы бардык айыптоо чечимдерин тосуп, европалык союздаштарына жана араб куйруктарына басым көрсөтүп, Газа элинин обочолонуусун жоюуга багытталган бардык аракеттерге же яхудий түзүмүнө жана анын кылмышкер жетекчилерине каршы өз алдынча позицияларды кабыл алууга жол бербей келди. Ал колуна түшкөн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, анын кылмыштарын колдоду жана Палестиндеги үммөтүбүзгө каршы жүргүзүлүп жаткан геноциддик согушта ага толук шерик экендигин тастыктады.

Эки жума мурда эле бизге коңшу болгон Ливияда өткөн жашыруун саммитте Америка Ливиядагы көрүнүштү толук көзөмөлдөп жатканын ачып берди. Ал бөлүнүүнү түбөлүккө бекемдеп, ролдор менен олжолорду тыштагы союздаштарына жана ичиндеги жаңы лидерлерге бөлүштүрдү. Бул процессте эң алгачкы деңгээлде кызыкдар болгон Тунис, Алжир жана Египеттин саясий жана коопсуздук иш-аракеттери толугу менен четке сүрүлдү.

Тунис да экономикалык жана саясий санкциялар менен коркутуу-үркүтүүдөн бошотулган жок. Ошол эле учурда анын саясий жетекчилери аймакта Америка өткөрүп жаткан көпчүлүк машыгууларга жана маневрларга катышып келишет. Бирок булардын колонизатордук максаттары эми жашыруун болбой калды. Алардын максаттары: Жер Ортолук деңизинин түштүк жээгин көзөмөлдөө, Палестинанын батыш тарабын коргоо аркылуу колонизатордук долбоорун улантуу жана үммөттүн күчтөрүнүн биригип, Газадагы элибизди колдошуна жана яхудийлердин америкалык жашыл жарык менен жүргүзүп жаткан кыргын машинасын токтотушуна жол бербөө.

Эй Тунистин эр азаматтары, эй мужахиддердин урпактары!

Биз, Хизб ут-Тахрир / Тунис вилаяты, куралдуу күчтөрүбүздү америкалык аскерлер менен биргеликте катышып жаткан ар бир иш чарадан эскертип келебиз: бизге каршы турган, элибизди аңдып турган жана өлкөбүзгө көз арткан душман менен кызматташтыктан эч кандай жакшылык күтүлбөйт. Ал тургай согуш маалында ага шерик болуу кылмыш болуп саналат жана мындай иштер кылынган бир күндү жылдар да өчүрө албайт. Биздин армиябызды колонизатордун күн тартибин ишке ашырууга кызмат кылдыруу офицерлерибизди жана жоокерлерибизди кордоо болуп саналат. Алар да башка мусулмандар сыяктуу эле динин колдоп, үммөтүн, жерин жана ыйык нерселерин коргоону самашат.

Аллах Таала мындай деди:

﴿وَلاَ تَرْكَنُواْ إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُواْ فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ اللّهِ مِنْ أَوْلِيَاء ثُمَّ لاَ تُنصَرُونَ﴾

«Зулумдук жолун туткан адамдарга берилип кетпегиле (ээрчибегиле). Антпесе силерге тозок оту жетет. Силер үчүн Алладан өзгө бир да дос жок. Кийин (тагыраак айтканда заалимдерди ээрчип кетсеңер) силерге жардам берилбейт».  (Худ: 113).

Хизб ут-Тахрирдин Тунис вилаятындагы маалымат бөлүмү

20.09.2025

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button