Басма сөз

Анын элинин көчүрүлүшү мажбурлап жасалган инвестициябы же кылмыштуу көчүрүүбү?

Басма сөз баянаты

Арыш порту – жаңы Варак

Анын элинин көчүрүлүшү мажбурлап жасалган инвестициябы же кылмыштуу көчүрүүбү?

Акыркы күндөрү Арыш шаарында мисирликтер башына түшкөн азап-тозоктун жаңы барагын баштан кечирүүдө. Элди адам катары эмес, өзүнүн инвестициялык пландары менен кирешелүү долбоорлоруна тоскоолдук кылган тосмо катары гана көргөн режим, жылдар бою «Арыш районунун тургундарына кол салынбайт» деген жалган убадаларына карабай, кайрадан бульдозерлерди айдап келип үйлөрдү уратып, тургундарды үйлөрүнөн кууп чыгууда. Бул иштерде үйлөрдүн ыйыктыгы да, адамдардын намысы да, Аллах берген жер менен мүлк укуктары да эч эске алынган жок.

2025-жылдын июль айынан тартып режим Арыш портун кеңейтүүнүн төртүнчү жана бешинчи этаптарын ишке ашырууга киришти. Бул иштердин алкагында миңден ашуун турак жана соода имараттары камтылган аймактагы болжол менен 180 үйдү бутага алды. Үйлөрдү бузуу учурунда тургундар кеңири нааразычылык билдирип, мажбурлап көчүрүүгө каршы ураандарды айтышты. Бирок полиция күчтөрү аларга камоолор жана психологиялык басым менен жооп берип, ар бир жолу режим кайсы бир аймакты «инвесторлор үчүн» бошотууга киришкенде кайталана берген көрүнүштү жаратты.

Облустук бийлик жер тилкелери же башка аймактардан батирлер сыяктуу «альтернатива жана компенсацияларды» жарыялаганына карабай, тургундар муну адилетсиз деп эсептешти. Анткени мындай сунуштар порт жана анын айланасындагы стратегиялык жагынан маанилүү жерде жайгашкан жердин наркына эч тең келбейт. Бул болсо келечекте порт жана анын тегерегинде ири инвестициялык долбоорлорго эшик ачып, алардын кирешеси режимге байланып калган аз сандагы кишилердин чөнтөгүнө агып киришине шарт түзөт. Ошол эле учурда аслий тургундар көчөдө калууда.

Арыш порту Суэц каналынын экономикалык аймагына кошулгандан бери режимдин көңүл борборуна айланды. Аны кеңейтип, тоо-кенден алынган чийки заттарды жана башка товарларды экспорттоочу дарбазага айлантуу үчүн миллиарддаган фунт стерлингдик инвестициялар жөнүндө сөздөр күчөдү. Бул долбоор Каирдин жүрөгүндөгү Масперо үч бурчтугунун тургундарын көчүрүп чыгарып, ошол аймакты ири кыймылсыз мүлк компанияларына келечектүү инвестициялык жерге айланткан окуядан эч айырмаланбайт. Ошондой эле, жылдардан бери коркутуулар менен мажбурлап көчүрүүлөргө дуушар болуп келе жаткан Варак аралынын трагедиясынан да эч айырмасы жок. Анткени аралды «өнүктүрүү» деген шылтоо менен инвесторлорго жана эмираттык, чет элдик компанияларга өткөрүп берүү аракети жүрүүдө.

Бул окуялардын бардыгын бириктирген нерсе – мамлекет кайсы жерде инвестициялык мүмкүнчүлүк көрүп калса, ал жер коркунучтуу аймакка айланат, анын тургундары болсо мажбурлап көчүрүүнүн курмандыгына айланат. Мамлекет калктын иштерин карап, алардын кызыкчылыгына жоопкер болуунун ордуна, жерди саткан дыйканчыга айланып, анын ээлерин базардагы ашыкча адамдай көрүп, капиталисттердин оюн-тойлору үчүн жок кылууга умтулууда.

Бул болуп жаткан нерсе – элдин укуктарына ачык кол салуу жана Ислам өкүмдөрүнө ачык каршы чыгуу. Анткени Аллах Таала мүлктү үч түргө бөлүп койгон: фардий мүлк, умумий мүлк жана мамлекеттин мүлкү. Ар бири үчүн өзүнүн өкүмдөрү жана чектери бар. Эл жашап, атадан балага мурас болуп келген жерлер – бул фардий мүлк. Аны мамлекет шаръий негизсиз тартып ала албайт. Мисалы, жер толугу менен таштап коюлуп, иштетилбей калса же башкаларга анык зыян келтирсе – ошол учурда гана мамлекет кийлигише алат. Бирок «өнүктүрүү» же «умумий пайдалуу» деген шылтоо менен тартып алып, аны инвесторлорго жана соодагерлерге өткөрүп берүү – бул адамдардын мал-мүлкүн туура эмес жол менен жеп коюу болот. Аллах Таала айтты:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَأْكُلُوا أَمْوَالَكُم بَيْنَكُم بِالْبَاطِلِ إِلَّا أَن تَكُونَ تِجَارَةً عَن تَرَاضٍ مِّنكُمْ﴾

«Эй момундар, малыңарды ортоңордо бузукулук (тактап айтканда уурулук, каракчылык, сүткордук, паракордук, кумар сыяктуу) жолдор менен жебегиле. Бирок, өз ара ыраазычылык менен болгон соода-сатык аркылуу мал-дүнүйө(байлык) жыйнагыла. Жана да бир-бириңерди өлтүрбөгүлө. Албетте Алла силерге Мээримдүү Зат». (Ниса: 29).

Мындан тышкары, элди үйлөрүнөн мажбурлап көчүрүп чыгуу жана турак жайларын бузуу – Аллах эң катуу тыюу салган зулумдукка кирет. Өзгөчө бул зулумдук элдин башына камкор болушу керек болгон хаким тарабынан жасалганда, анын оордугу андан да чоң болот!

Мындан тышкары, режим шылтоо катары айтып жаткан «умумий пайдалуу» түшүнүгүнүн Исламда мындай кенен мааниде эч негизи жок. Ал капиталисттик системалардан кирип келген түшүнүк болуп, бийлик ээсинин кызыкчылыгына жараша «жогорку пайда» деген шылтоо менен укуктарды тартып алууну актоо үчүн колдонулат. Ал эми исламда амалдардын өлчөмү – шариат, жөнөкөй «пайда» же «инвестиция» эмес. Эгерде порт куруу же долбоорду кеңейтүү мусулмандар үчүн пайдалуу болсо да, бул эч качан адамдарга зулум кылууга жана алардын мүлктөрүн акыйкатсыз тартып алууга шылтоо боло албайт.

Исламда дарыялар, кендер жана ири коомдук жайлар сыяктуу жерлер умумий мүлк болуп, бардык үммөткө таандык болот. Мамлекет болсо анын башкарылышын өз мойнуна алып, анын пайдасын элге тең бөлүштүрүүгө милдеттүү. Бирок мамлекет элди үйлөрүнөн кууп чыгып, алардын жерлерин компанияларга өткөрүп берүүчү куралга айланып кетсе, бул ачык батыл болуп эсептелет. Мындай ишти кылууга да, кабыл алууга да, унчукпай отурууга да болбойт.

Арышта, Варакта жана Масперодо болуп жаткан нерселер – Египетти эл аралык инвестициялык долбоорлорго байлап коюуну жана жер менен элди жергиликтүү жана чет элдик капиталисттердин пландарына кызмат кылдырууну көздөгөн режимдин саясатынын узун чынжырындагы бир эле бөлүгү. Ошондуктан, экономикалык баалуулугу бар ар бир жерден ошол эле көрүнүш кайталанууда: үйлөр уратылат, эл көчүрүлөт, келишимдер түзүлөт, ал эми «компенсация» деп аталган төмөн баалуу сунуштар кылмышты өткөрүп жиберүү үчүн берилген парага айланууда.

Бул маселени чечүүнүн жолу – мындай саясаттарды тамыры менен четке кагуу, аны колдонуп, элди ага баш ийүүгө мажбурлап жаткан режимди кулатуу жана Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкаруучу Халифалык мамлекетин тикелөө. Ошондо гана үммөттүн мүлкү корголот, зулумдуктун жолдору жабылат, ал эми коомдук жайлар компаниялардын кызыкчылыгы үчүн эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн башкарылат.

Бүгүн Арыш эли менен болуп жаткан окуя – Египеттеги ар бир адамдын кулагына кагылган коңгуроо болушу керек. Кимдир бирөө көчүрүү бир эле аймак менен чектелет деп ойлосо, ал катуу жаңылышууда. Анткени режим үчүн ар бир жер – кирешелүү келишимге айлана турган болсо, ал коркунуч алдында турат. Ар бир үй-бүлө – жээкте, аралда же «өнүктүрүлөт» деп жарыяланган шаар ичинде жашап жаткан болсо – кууп чыгарылуу коркунучунда турат. Масперонун эли үйлөрүнөн куулгандай, Варактын эли жылдардан бери кысымга алынгандай, бүгүн Арыштын эли да ошол эле тагдырга туш келүүдө.

Эй, Мисир эли! Режимдин колу Варак аралында токтоп калган жок жана Арыш районунда да токтобойт. Ал көзү түшкөн ар бир өзгөчө же инвестициялык мүмкүнчүлүгү бар жерге келет да, аны күч менен тартып алат. Ошондуктан бүгүн силердин мойнуңардагы шаръий милдет – режимдин Арыш элине жасаган кол салуусун токтотуу жана алардын жерлерин күч менен тартып алышына жол бербөө. Эгерде бүгүн аларды жалгыз таштап койсоңор, анда эртең режим ар бириңер менен өзүнчө күрөшүп, силерге да кезек келет. Ошондо гана: «Ак бука жеген күнү мен да жедим» деген сөздү айта баштайсыңар.

Ошондуктан Арыш элин режимге жалгыз калтырып, өздөрү менен күрөшүүгө таштап кетпегиле. Өзүңөрдүн бирдиктүү позицияңарды жарыялагыла! Анткени бул режим силерге эч бир ыйыктыкты жана эч бир келишимди сактабайт. Ал силердин укуктарыңарды жана байлыктарыңарды текке кетирүүдө, силерди өзүңөрдүн жериңерде жана оокат-тиричилигиңерде кысымга алууда жана диниңерге каршы согуш жарыялоодо.

Эй, Мисир аскериндеги ихластуу момундар!

Ибн Таймийя (рахимахуллах) Дамасктагы зынданда отурганда, аскер ага келип: «Кечир мени, эй устаз, мен буйрукту аткаруучумун» деди. Ошондо Ибн Таймийя ага: «Аллахка касам, сен болбосоң алар зулум кылышмак эмес!» – деп жооп берди. Аллахка касам, силер болбосоңор режим Мисирге жана анын элине мындай зулум кылмак эмес, аларга мындай үстөмдүк кылып, бүгүнкүдөй кулга айланта алмак эмес! Аллахка касам, силерди Улуу Аллах Таала Кыйамат күнү токтотуп сурайт:

﴿وَقِفُوهُمْ إِنَّهُمْ مَسْئُولُونَ * مَا لَكُمْ لَا تَنَاصَرُونَ﴾

“(Бирок азырынча) аларды токтоткула. Анткени алар суралуучулар! Силер эмнеге бири-бириңерге жардам бербей жатасыңар?” (Саффат: 24-25).

Ал күнү силерге режим да, анын акчалары да, мансаптары да, силердин диниңерди, намысыңарды жана уят-сыйыңарды сатып алган жеңилдиктери да эч пайда бербейт. Ошондо эл силердин моюндарга асылып: «Эй, Раббибиз! Алар бизди таштап коюшту, Сенин жана биздин душманыбызга бизди басынтууга шарт түзүп беришти!» – дешет.

Ошондуктан билип алгыла, эй Мисир аскерлери! Силердин милдетиңер – элди бул режимдин зулумунан коргоо. Силердин эң улук милдетиңер – элдин укуктары менен намысын сактоо үчүн бул режимди тамыры менен – бардык куралдары, символдору жана аткаруучулары менен кошо – кулатуу жана исламий жашоону кайра баштоо үчүн аракет кылып жаткан адамдарга жардам берүү. Бул болсо – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги кайрадан орнотулуучу Халифалык мамлекетти тикелөө аркылуу гана ишке ашат. Ал Халифалык адамдарды ар бир залимдин зулумунан сактап, аларга кайрадан намысын жана урматын кайтарып берет.

Бул – силердин вазыйпаңар жана милдетиңер. Кыйамат күнү Аллахтын алдында силер мындан сураласыңар. Ошондуктан шашылгыла! Балким Аллах силерди кабыл алып, мурдагы кылмыштарыңарды кечирип, силер аркылуу бизге кубанычтуу улуу жеңишти ачып, Мисир силер аркылуу нур чачкан жерге айланат, иншаАллах.

﴿وَلَا تَأْكُلُوا أَمْوَالَكُمْ بَيْنَكُمْ بِالْبَاطِلِ وَتُدْلُوا بِهَا إِلَى الْحُكَّامِ لِتَأْكُلُوا فَرِيقاً مِّنْ أَمْوَالِ النَّاسِ بِالْإِثْمِ وَأَنتُمْ تَعْلَمُونَ﴾

«Мал-мүлк, байлыгыңарды өз араңарда арам жолдор менен жебегиле (бири-бириңердин акыңарды жебегиле) жана (күнөө кылып жатканыңарды) билип туруп, адамдардын байлыгынын бир бөлүгүн арам жол менен жеш үчүн (байлыгыңарды пара кылып) акимдерге узатпагыла!» (Бакара: 188).

Хизб-ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы маалымат бөлүмү

28.08.2025

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button