Бүтүрүүчүлөрдүн жүк ташуучу унаалардагы жүрүштөрү боюнча талкуу Даниядагы медиа жана саясатчылардын исламга болгон терең жек көрүүлөрүн ачык көрсөттү

Басма сөз баянаты
Бүтүрүүчүлөрдүн жүк ташуучу унаалардагы жүрүштөрү боюнча талкуу Даниядагы медиа жана саясатчылардын исламга болгон терең жек көрүүлөрүн ачык көрсөттү
Өткөн жумада социалдык тармактарда мусулмандар быйылкы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, ошол эле учурда спирт ичимдиктери жана адепке сыйбаган жүрүм-турум коштогон бүтүрүүчүлөрдүн жүк ташуучу унаалардагы жүрүштөрүнө болгон исламдык көз карашты билдирген посттору кеңири маалыматтык жана саясий резонанс жаратты.
Жалпысынан акыл-эстүү жана талкууга багытталган бул исламий эскертүүлөр жергиликтүү маалымат каражаттарында жана Копенгагендеги Кристиансборгдогу (парламент) ар кандай саясий партиялардагы саясатчылардын арасында чоң чуу жаратты.
Исламга болгон терең кастыкка түрткөн бул жек көрүүчүлүк менен алар айрым мусулмандарга, анын ичинде Даниядагы Хизб ут-Тахрир партиясынын мүчөсүнө жеке чабуулдарды жасашты. Бул болгону ислам баалуулуктарын билдирип, мусулмандарды аларды сыймыктануу менен карманууга үндөө болгондугуна карабастан, айрым журналисттер жана жүрөгү каткан саясатчылар мусулмандарды үнсүз калтырууга аракет кылып, бул маселеге алардын кесиптик жашоосун да аралаштырды.
Өздөрүн өкмөттүн кызматкери кылып көрсөтүп алган «адистер» менен мурунтан эле баалуулуктардан жана адилеттүүлүктөн ажыраганын далилдеп жүргөн саясатчылар биригип, ислам баалуулуктарынан баш тартууга чакырышты. Алар тууралуу унчукпай коюуга макул болбогон мусулмандарды каралашты. Адаттагыдай эле, коомдук көзөмөлдүн терс маанайы, коркуу жана четке кагуу сыяктуу стереотиптер ырайымсыз түрдө жайылтылды.
Интеграция министри — Социал-демократиялык партиядан Кар Дипвад Бек — 2025-жылдын 2-июлунда BT телеканалына абдан акылсыз маек берип, жаштар арасында олуттуу көйгөй болуп саналган ичимдик ичүү маданиятын “бул биздин маданиятыбыздын бир бөлүгү, муну көйгөйгө айландырбай, кабыл алуу керек деп ойлойм” деди. Министр үчүн бул маселени четке кагуу «коркунучтуу» көрүнүп, “адам кантип даниялык коомдун бир бөлүгү боло алат дегенди элестетүүнү кыйындатат” деп билдирди.
Маданият министри, мурда кокаин менен алектенген Якоб Энгель-Шмидт (ортомчулдар партиясынан) да өз оюн айтып чыгып, өзүн мусулмандар эмнени карманышы керек жана Данияда кабыл алынуу үчүн кандай болушу зарыл экенин аныктаган «ахлакый сот» катары көрсөттү.
Адам сурабай кое албайт, Палестинада 637 күндөн бери уланып жаткан геноцидге карата болбогон мындай чоң саясий ачуулануу кайдан чыкты? Эмне үчүн, кандай ахлакый негизде, мусулмандарды «баалуулуктарга» үгүттөп жатканда, геноцидди колдогон медиа жана саясатчылар өздөрүн туура позицияда турат деп эсептешет? Ар дайымкыдай эле, сөз исламий билдирүүлөргө келгенде, макталган сөз эркиндигин капыстан табуу кыйын болуп калат.
Мусулман жигиттерине айтаарыбыз, баарыңыздарды чын жүрөктөн куттуктайбыз! Силер таасирдүү адамдардын жана жек көрүүчүлөрдүн басымына карабай, ислам баалуулуктарын бекем кармап, коркутууга баш ийбедиңер. Ушундай турумунар менен айланаңардагы жаштарга үлгү болуп жатасыңар. Чыныгы баалуулуктарга ээ болуунун, адилеттиктин жаркын мисалы болуп жатасыңар. Бул кайсы бир окуу деңгээлинен алда канча маанилүү. Силердин исламий шахсиятыңарды жок кылууга аракет кылгандар жөнөкөй эле сылыктык жана адамдык сапаттардан да ажыраган. Алар силерди каралап, жаман көрсөтүүгө аракет кылганда үмүтүңөрдү үзбөгүлө.
Коомго активдүү катышып, исламды сөзүңөр жана амалыңар менен алып жүргүлө. Бул жек көрүүчүлүккө жана жалган жалаага каршы эң натыйжалуу жооп. Силерди кемсинткенде же коркутууга аракет кылышканда кайгырбагыла. Алар өздөрүнүн «эркиндик» деп атаган нерсесин жокко чыгарып, өздөрүнүн негиздерин канчалык алсыз экенин көрсөтүп жатышат. Жеңиш берүүчү алар эмес, Аллах Таала жана Ал дайыма силер менен. Силердин сыймыктанууга толук акыңар бар. Анткени силер жалпы ислам үммөтүнүн сыймыгысыңар.
Ильяс Мурабит
Хизб-ут-Тахрирдин Даниядагы маалымат бөлүмүнүн өкүлү
04.07.2025