Вашингтондун геноцидди колдоосу анын эки жүздүүлүгүн жана коомдук пикирге чакырык таштоосун ашкерелейт

Басма сөз баянаты
Вашингтондун геноцидди колдоосу анын эки жүздүүлүгүн жана коомдук пикирге чакырык таштоосун ашкерелейт
Учурдагы Трамптын жетекчилигиндеги АКШ администрациясы мусулман өлкөлөрүндөгү заалым өкүмдар болгон өз кызматчыларынын изи менен бара жатат. Алар коомдук пикирдин таразасы менен өлчөбөстөн, үммөттүн акыйдасын жана баалуулуктарын тоготпой, толук диктатура менен өкүм жүргүзүшөт. Америкалык акыркы сурамжылоолор америкалыктардын Газага каршы согушта яхудий түзүмүн курал-жарак менен камсыздоону колдоосу кыйла азайганын, ага берилчү аскерий жардамга чектөөлөрдү киргизүү талаптары күчөгөнүн көрсөтүп турса да, Трамп Кнессет алдында сүйлөгөн сөзүндө америкалык куралдарды колдонуу жөнүндө мактанып: «Биз дүйнөдөгү эң мыкты куралдарды чыгарабыз, бизде алар көп, биз алардын көбүн “Израилге” бердик. Чынын айтсам, Биньямин (Нетаньяху) мага бат-баттан чалып, “мындай куралды берсең, тигиндей куралды берсең” деп сурачу, айрымдарын мен мурда уккан да эмесмин», — деди. Ал дагы: «Бирок биз аларды бул жакка жеткирип турчубуз, туурабы?» — деп кошумчалады. Газада болуп жаткан кыргындарда бул куралдардын «таасирдүүлүгүн» ырастагандай, Трамп: «Израил аларды кантип жакшы пайдаланууну үйрөндү», — деп, яхудий түзүмүнүн аларды колдонуудагы «ыктуулугун» даңазалады.
АКШ администрациясынын яхудий түзүмүн колдогон саясатына каршы коомдук пикирдин негизги көрсөткүчтөрү төмөнкүчө: «Галлап» институтунун сурамжылоосуна ылайык, америкалыктардын болгону 32%ы яхудий түзүмүнүн Газага каршы согушун колдойт, 60%ы каршы. «Пью» изилдөө борборунун сурамжылоосу чоңдордун 33%ы АКШ яхудий түзүмүнө ашыкча аскерий жардам берип жатат деп эсептээрин, ал эми 35% палестиналыктарга көрсөтүлүп жаткан гуманитардык жардам жетишсиз деп ойлоорун көрсөткөн. «Куиннипияк» сурамжылоосу болсо шайлоочулардын 60%ы яхудий түзүмүнө дагы кошумча аскерий жардам жөнөтүүгө каршы экенин ачып берди.
Бул сурамжылоолор АКШ администрациясынын саясаты Америкадагы коомдук пикирди да, аны шайлаган америкалык шайлоочунун эркин да чагылдырбай турганын тастыктайт. Бул – өлкөдөгү расмий органдар жана саясий кырдаал даңазалаган «демократиялык өкүлчүлүктөн» АКШ саясатынын кыйла алыс экенинин ачык далили. Андан да ашыгыраак айтканда, АКШдагы негизги саясий партиялар администрациянын саясаты менен таптакыр шайкеш келбей калды: демократтар арасында яхудий түзүмүнө колдоо кыйла азайып, алардын 75%ы кошумча аскерий жардам жөнөтүүгө каршы; көз карандысыздардын 66%ы да каршы; ал эми республикачылардын – салттуу колдоосуна карабай – болгону 56% гана кошумча аскерий жардам жөнөтүүнү жакташат. Бул сандык маалыматтар АКШ коомдук пикиринде яхудий түзүмүнө аскерий колдоону кайра карап чыгуу жагына олуттуу бурулуш болуп жатканын, америкалык аскерий жардамга чектөөлөрдү киргизүү талабы күчөгөнүн көрсөтөт. Бул болсо зомбулуктун күчөшү жана анын мубарак жер болгон Палестинанын элине тийгизген таасири тууралуу америкалыктардын тынчсыздануусу өсүп жатканын чагылдырат.
Батыш дүйнөсүнүн жана «эркин дүйнө» деп аталган чөйрөнүн Газадагы яхудий түзүмүнүн кылмыштары менен аскерий, каржылык, саясий жана маалыматтык колдоосуна, кылымдын кыргынын актаган жүйөлөрүнө бир кишидей туруп бериши, балдарга, аялдарга, кары-картаңдарга каршы «жеңиштерин» жарыялоо үчүн айтышып, ооруканаларды, мектептерди, мечиттерди талкалаганы менен мактанышып, баары тең Шарм-эш-Шейхтеги жыйынга катышышы – булардын чындыгын ачыкка чыгарган дагы бир далил. Бул байыркы элдерге каршы жасалган кылмыштардын үстүнө курулган батыш цивилизациясынын жүзү жана «эркиндик, адам укуктары, өз тагдырын өзү аныктоо» сыяктуу ураандарды айткан, бирок чыныгы турмушта үлүшү жок мамлекеттердин жүзү.
Ошондуктан дүйнө элдери, өзгөчө ислам өлкөлөрүнүн элдери, аларды азапка салган секулярдык капиталисттик түзүмдү Кудайдан келген Ислам түзүмү менен алмаштырууга аракет кылууга тийиш. Анткени бул секулярдык капиталисттик түзүм убакыт өтүшү менен элдердин эркин чагылдырбаган, алардын кызыкчылыгына кызмат кылбаган, тескерисинче, каржылык пайда издеп, инсаниятка жат жана адашкан ой-пикирлерди жайган таасирдүү топтордун кызыкчылыгын көздөгөн диктатурага айланып кетти. Ал эми Ислам мусулмандардын эркин билдирген, алардын чыныгы кызыкчылыктарын Кудайдын көрсөтмөсү астында камсыз кылган адилет жана ахлакый түзүмдү сунуштайт. Бул элдин оюн этибарга албай, геноцидди курал-жарак жана жалган маалымат менен колдогон АКШнын саясатына такыр окшобогон жол.
Хизб-ут-Тахрирдин Америкадагы маалымат бөлүмү
20.10.2025




