Басма сөз

Дарфурду бөлүп-жарууга умтулган Америка эми Абей маселеси менен коркутуп-үркүтүүдө!

Басма сөз баянаты

Дарфурду бөлүп-жарууга умтулган Америка эми Абей маселеси менен коркутуп-үркүтүүдө!

2011-жылы Түштүк Судан түндүктөн бөлүнүп чыккан соң, Абей аймагы талаштуу абалда калып, түндүк же түштүк тарапка таандык экени чечилбей калган. Аймактын түндүккө же түштүккө кошуларын аныктоо үчүн, ал жерде 2011-жылы Түштүк Судандын референдуму менен катар өзүнчө референдум өтүшү керек болчу. Бирок референдум өткөн эмес, анткени эки мамлекет ким добуш берүүгө укуктуу деген маселеде макулдашпай калган. Анткени аймакта түштүккө таандык Динка нгок уруусу жана түндүккө таандык Месирия уруусу жашайт. Албетте, Динкалар өз уруусунан бөлүнүп, Түндүк Судан тарапка өтүүгө макул болбойт эле. Анткени алар Судан мамлекетинде эң алсыз тарап болуп калмак. Ошондой эле Месириялар да өз уруусунан бөлүнүп, Түштүк Суданга кошулууга макул болбойт эле, анткени алар да ал жерде эң алсыз тарап болуп калышмак.

2012-жылы аймакта кыска согуш чыгып, бирок ал Абей боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун убактылуу коопсуздук күчтөрүн (ЮНИСФА) түзүү менен басылган. Андан кийин 2020-жылдын ноябрында Коопсуздук Кеңеши Судан менен Түштүк Судандын ортосундагы чечилбей калган маселелер, ошондой эле Түштүк Кардофан жана Көк Нил вилаяттарындагы кырдаал боюнча №2046 резолюциясынын аткарылышын талкуулаган. Бирок Абей тууралуу так чечимге келген эмес.

Акыры жыйын кечээ, 2025-жылдын 5-ноябрында өттү. Анда АКШнын элчиси Майкл Уолц, Түндүк Суданды да, Түштүк Суданды да коркутуп, эгер тараптар тынчтык келишиминдеги өз милдеттенмелерин аткарбаса, анда БУУнун тынчтык күчтөрү ЮНИСФА миссиясынын мандатын узартууга каршы чыгарын билдирди. Бул миссиянын мөөнөтү быйыл 15-ноябрда аяктайт.

Биз «Хизб ут-Тахрир / Судан вилаяты, 2011-жылдын 21-майындагы басма сөз баянатыбызда Нефаша келишиминин кооптуулугу тууралуу эскерткенбиз жана Абей аймагы Судандын “Кашмири” болуп чечилбей турган чек ара маселеси деп так айтканбыз. Мына, бул сөзүбүздөн 14 жылдан ашык убакыт өттү. Бирок Абей маселеси ошол бойдон ордунан жылбай турат. Бул болсо колонизатор мамлекеттер үчүн таң калычтуу эмес.

Анткени Ислам өлкөлөрүнүн, өзгөчө 1916-жылы каргыш тийген Сайкс–Пико келишими менен бөлүнгөн араб аймагынын ичинде, бүгүнгө чейин чечилбей келген талаш аймактар көп. Бул талаштар атайылап чечилбей калтырылган. Мунун эң көрүнүктүү мисалы Мисир менен Судандын ортосундагы Халайиб жана Шалатин боюнча талаш.

Бул маселелердин баары башынан эле мусулман өлкөлөрүнүн ички аймактары болгон талаштар. Ал Халифалык мамлекети орнотулмайынча чечилбейт. Халифалык тикеленгенде бардык мусулман өлкөлөр бириктирилет, чек ара боюнча эч кандай талаш калбайт, анткени жерлер исламий диярлар болуп эсептелет. Ошондуктан үммөт Пайгамбар ﷺдын минхажы негизинде түзүлгөн, ыйманды жана адилеттикти тикелеген, рошид Халифалыкты кайра орнотууга чакырылышы зарыл. Ошондо гана колонизатор кафир мамлекеттердин кыянаттык кылып, жерибизге созулган колу кесилет.

Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы маалымат бөлүмү

06.11.2025

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button