Басма сөз

Жамгыр – ырайым жана береке, бирок камкордуксуз калганда ал азапка айланат!

Басма сөз баянаты

Жамгыр – ырайым жана береке, бирок камкордуксуз калганда ал азапка айланат!

Суданда жааган катуу жамгыр жана сел 42 адамдын өмүрүн алып, дагы 31 кишини жарадар кылды, төрт миңден ашык үйдү кыйратты.

Биз Аллахтан бул жамгырлардын таасири менен каза болгон жакындарыбызга ырайымын жана кечиримин берүүнү, аларды шахиддердин даражасына жеткирүүнү сурайбыз. Ошондой эле, Анын кудурети менен өкүмүндө назиктик жана жеңилдик тилейбиз.

Өтө кайгылуу жана өкүнүчтүү жагдай – жамгыр мезгили күтүүсүз нерсе эмес, жыл сайын белгилүү айларда кайталанат. Андан да оор жагы – көптөгөн аба ырайын байкоочу борборлор катуу жамгыр болорун эскерткенине карабастан, өкмөттүк органдар анын кесепеттерин алдын алуу үчүн эч нерсе кылган жок. Натыйжада эң чоң зыянды Нил дарыясы өрөөнүндөгү айылдар, Чыгыш Судан, ал тургай Кордофан жана башка аймактар тартты.

Өкмөт болсо элди камкордукка алуудан таптакыр алыс. Болбосо, жетекчилерин арыктарды тазалатууга, көпүрөлөрдү курууга, сайларды текшерүүгө, эл менен малды бийик жерлерге көчүрүүгө, үйлөрдүн жамгырга туруштук бере алаарын текшерүүгө багыттамак. Бирок алар элдин көйгөйү менен эмес, башка иштер менен алек. Мындай кылуу менен алар элдин ишин карай турган жоопкерчилигин толугу менен таштап салышты. Болгону үйлөрү кулап түшкөндөрдүн туугандарына көңүл айтуу менен чектелишти.

Ошентип, өз негизи боюнча Аллахтын ырайымы жана берекеси болгон жамгыр, камкордуктун жоктугу айынан азапка жана кырсыкка айланды!

Камкордук кылуу милдети – бул Ислам өкүмү боюнча өкмөткө жүктөлгөн жоопкерчилик. Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деген:

«… وَالْإِمَامُ الَّذِي عَلَى النَّاسِ رَاعٍ وَهُوَ مَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

«…Эл үстүндө турган имам – башчы жана ал өз жарандары үчүн жоопкер» (хадис).

Пайгамбарыбыз ﷺ  бул жоопкерчиликти Мадинада мусулмандарга жетекчи болуп турган кезде амалда да көрсөттү. Анас ибн Малик رضي الله عنه  риваят кылат:

«كَانَ النَّبِيُّ ﷺ أَحْسَنَ النَّاسِ وَأَجْوَدَ النَّاسِ وَأَشْجَعَ النَّاسِ، وَلَقَدْ فَزِعَ أَهْلُ الْمَدِينَةِ ذَاتَ لَيْلَةٍ فَانْطَلَقَ النَّاسُ قِبَلَ الصَّوْتِ، فَاسْتَقْبَلَهُمُ النَّبِيُّ ﷺ قَدْ سَبَقَ النَّاسَ إِلَى الصَّوْتِ وَهُوَ يَقُولُ: لَنْ تُرَاعُوا لَنْ تُرَاعُوا، وَهُوَ عَلَى فَرَسٍ لِأَبِي طَلْحَةَ عُرْيٍ مَا عَلَيْهِ سَرْجٌ، فِي عُنُقِهِ سَيْفٌ، فَقَالَ: لَقَدْ وَجَدْتُهُ بَحْرًا أَوْ إِنَّهُ لَبَحْرٌ»

«Пайгамбарыбыз ﷺ  адамдардын эң жакшысы, эң берешени жана эң кайраттуусу эле. Бир күнү Мадинанын эли катуу үндөн чочуп, баары үн чыккан тарапка чуркап жөнөштү. Бирок Пайгамбарыбыз ﷺ  алардан мурда үн чыккан тарапка жетип барып, адамдарды тосуп алып: “Коркпогула! Коркпогула!” – деди. Ал Абу Талханын атын жайдак абалында, ээр токуму жок минип, мойнунда кылычы бар эле. Анан: “Мен аны (атты) деңиздей экенин билдим, ал чындыгында деңиз!” – деди». (Араб тилинде жакшы ат деңизге салыштырылат)

Эй Судандагы туугандар! Бул кызматчы режимдер силердин иштериңерди карабайт, тескерисинче, башыңарга балээ экендиги силерге эч шексиз айкын болду. Андыктан аларды кулатып таштагыла! Раббиңерди ыраазы кылуу үчүн Хизб ут-Тахрир менен чогулуп, камкордук мамлекети болгон – пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рашид Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылгыла. Ошондо анын көлөкөсүндө бакубат, урматтуу жашоого жетесиңер.

Аллах Таала айтты:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا للهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾

«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла». (Анфал: 24)

Ибрахим Усман (Абу Халил)

Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий өкүлү

29.08.2025

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button