Жол кырсыктарынын көбөйүшү менен камкордуктун жоктугу өкүм сүрүүдө!

Басма сөз баянаты
Жол кырсыктарынын көбөйүшү менен камкордуктун жоктугу өкүм сүрүүдө!
Йемендин түштүгүндөгү Абин провинциясынын Шукро районунда жайгашкан Аль-Аркуб жолунда 2025-жылдын 5-ноябрь шаршемби күнү таңкы маалда Жидда шаарынан чыгып, Аденге карай бара жаткан «Сакр аль-Хижаз» компаниясына таандык 42 жүргүнчүсү бар маршруттук автобус катуу жол кырсыгына учурап, өрттөнүп кетти.
Кырсык жолдун тардыгы жана начар абалы себептүү аварияга учураган башка бир унаа менен автобус кагылышуусунан келип чыккан. Өкүнүчтүүсү, өрт өчүрүүчү каражаттардын жоктугу себептүү, жалын төрт саат бою токтобой күйүп турган, жүргүнчүлөр автобустан чыга албай калышкан. Бул кайгылуу кырсыктын натыйжасында 17 үй-бүлөнүн туугандары кайгыга батып, аларды тосуп алуу үчүн даярдалган кубаныч менен курсант үндөр ордуна кайгы-муң каптап, көз жаш төгүлдү. Жети үй-бүлө болсо туугандарын күйүп-жаракат алып ооруканада жаткан абалда көрүүгө мажбур болду.
Бул адамдарды узак жолдун азабына чыдоого жана жакындарынан алыста жашап иштөөгө мажбур кылган нерсе — өлкөдө камкордуктун начардыгы, элдин башка жактарга жумуш издеп кетүүгө аргасыз болушу. Анткени өлкөнүн байлыктары Лондон жана Вашингтондогу кафир колонизаторлорго кетип, алардын балдары ошону менен жыргаса, Йемен мусулмандары азап жана кыйынчылык ичинде жашап келишет!
Расмий органдар кырсык болгондон кийин 7 саат өткөндө, тагыраагы саат таңкы 10до гана келишти. Калкына ушундай камкорчулук болобу?! Бийлик өз жоопкерчилигинен баш тартып, кырсык боюнча ар кандай шылтоолорду келтирип, күнөөнү каза болгондорго жана айдоо учурундагы ылдамдыкка, шалаакылыкка, кооптуу ашып өтүүлөргө жана жолдун карама-каршы бөлүгүнө кирүүгө оодарып коюшту. Шылтоону азайтуу үчүн Рашад аль-Алими Абин губернатору жана саламаттык сактоо министри менен эки телефон сүйлөшүүсүн жүргүзүп, маркумдардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүү, оор абалдагыларды ооруканада дарылоону жеңилдетүү, жалпы жолдорду убак-убагы менен оңдоо, жол коопсуздугун күчөтүү жана кырсыктардын кайталанышын азайтуу тууралуу алсыз көрсөтмөлөрдү берди!
Бул каргашага эки тарап тең жоопкер. Анын келип чыгышына себепкер да ушул экөө. Биринчиси, автобустун ээлери болгон компания. Алар өз паркына коопсуздук жабдууларын камсыздабаган жана аларды тейлебеген. Ошондой эле кырсыкка чейин эле автобустун ичинде өрт башталышына алып келген шалаакылык үчүн жооптуу. Бул тууралуу кырсыктан аман калган бир жүргүнчү ооруканага жеткирилген соң берген көрсөтмөсүндө айткан.
Экинчиси, сегиз кишилик Президенттик кеңеш. Алардын начар камкордугу, жолдордун кеңейтилбегени, үзгүлтүксүз оңдоонун жоктугу жана негизги жолдо алгачкы медициналык жардамдын берилбеши кырсыктын түздөн-түз себептеринин бири.
Йеменде жол кырсыктары жыл бою элди жеп-жутуп жатат. Расмий маалыматтарга ылайык, өткөн айдын ичинде эле Президенттик кеңеш көзөмөлдөгөн аймактарда жол кырсыктары 64 адамдын өлүмүнө, 290дон ашуун адамдын жаракат алышына алып келген. Эгер бул кырсык ушунчалык коркунучтуу болуп, мурдагыдай жашыруун калтырылбай сыртка чыкпаганда, бул жөнүндө эч ким билмек эмес.
Исламдын башкаруусу бүгүнкү башкаруудан түп-тамыры менен айырмаланат. Халифа Умар ибн аль-Хаттаб رضي الله عنه мындай деген: «Эгер Иракта бир эшек чалынып жыгылса, Аллах мага: “Эмне үчүн жолду түздөбөдүң, оо Умар?” — деп суроо берет деп корком».
Биз Йемендин бул өкмөтүнөн өткөн жаман бийликти көргөн жокпуз. Алар уурулар, колонизатор кафирлердин куйруктары. Бул азап чеккен өлкөдөгү үй-бүлөлөрдүн бири да алардын зулумунан, бузукулугунан аман калган эмес. Алар кылып жаткан иштер кандай жаман!
Оо биздин элибиз, ыйман менен даанышмандыктын ээлери! Качанга чейин бул азапты унчукпай көтөрүүгө чогулуп турасыңар? Силердин оор жашооңорго бейкапар болгон, башыңа түшкөн балээ-кырсыктарга кайдыгер болгон ушул башкаруу түзүмүнө канчага чейин чыдайсыңар?
Эмне үчүн колуңарды сунуп, ушул түзүмдү тамыры менен кыркуу жана аны терең аргасыз түпсүз аңга ыргытууга, анын ордуна Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты орнотуу үчүн Хизб ут-Тахрир менен бирге иштөөгө киришпейсиңер?
Хизб ут-Тахрирдин Йемен вилаятындагы маалымат бөлүмү
08.11.2025




