Иорданиянын Газанын элине чыккынчы жана Трамптын планын кабыл алган режими Хизб ут-Тахрир жигиттеринин бирин камады

Басма сөз баянаты
Иорданиянын Газанын элине чыккынчы жана Трамптын планын кабыл алган режими Хизб ут-Тахрир жигиттеринин бирин камады
Иордания режими күнөөлөрүн жана зулумун улантып келе жатат. Ал Газа элин жалгыз таштап гана койбостон, яхудий түзүмү менен геноциддик согушта тил табышып, ага жардам берип, анын сакталышына жана үстөмдүгүнө шарт түздү. Андан соң, Трамптын мусулман жерлерин ээлөө жана Палестинанын мубарак жерин жок кылуу планын ишке ашыруу үчүн түзүлгөн “Тынчтык кеңеши” деп аталган жыйынга катышып, ага жалган күбө болуп, кылмышкер Трампты колдоду.
Өзүнүн чыккынчылыгын жана коркоктугун жашыруунун ордуна, анын коопсуздук органдары 2025-жылдын 8-октябрында Хизб ут-Тахрир жигиттеринин бири устаз Халид аль-Ашкарды (Абу аль-Му‘таз) намаздан чыгып келе жатканда мечиттин эшигинин алдында мыкаачылык менен кармап кетти (ошол эле учурда анын жездесин да башка жерден кармап кетишти). Себеби ал мурдараак мечиттин имамы менен Газанын абалы жана аны колдоо боюнча үммөттүн шаръий милдети жөнүндө сүйлөшкөн эле.
Муну менен алар Хизб ут-Тахрир жигиттеринин амр бил-мааруф ва нахий мункар фарзына ылайык айтып жаткан акыйкат сөзүн басуу аракетин көрүшүүдө. Дүйнө шаарлары болсо азыр Газада яхудийлер жүргүзүп жаткан кыргынга каршы дүрбөп турган учур.
Режимдин Яхудий түзүмү жана Америка менен болгон окшоштугун, Газа элине жардам берүү үчүн аскер жиберүү фарзын аткарбай жаткандыгын ашкерелеген акыйкат сөзгө каршы репрессиялык кампанияны күчөтүшү — анын кафир колонизатор Батышка көз каранды бойдон калуудагы өжөрлүгүн, Иордания жана Палестина элине карата зулумдугун, ошондой эле үммөттүн душмандарына жакын болуп, аларга таянышын айгинелейт. Ал адилетсиздигине каршы айтылган бир гана акыйкат сөздөн титиреп жатат.
Ал эми Хизб ут-Тахрирге келсек, сиздер билгендей, ал эч качан чарчабайт, бул камоолор жана режим өзүнүн жигиттерине каршы жүргүзүп жаткан басым жана маалыматтык блокада аны токтото албайт. Ал өзүнүн саясий жана фикирий күрөшүн уланта берет. Себеби анын максаты пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты кайра тикелөө аркылуу исламий жашоону кайра жандандыруу. Ал Халифалык армияларды душманды көздөй жиберип, яхудий түзүмүн, ошондой эле Американын аймактагы куралдарын жана пландарын жок кылат да, үммөткө өзүнүн иззатын жана урматын кайра алып келет.
﴿الَّذِينَ قَالَ لَهُمُ النَّاسُ إِنَّ النَّاسَ قَدْ جَمَعُوا لَكُمْ فَاخْشَوْهُمْ فَزَادَهُمْ إِيمَاناً وَقَالُوا حَسْبُنَا اللَّهُ وَنِعْمَ الْوَكِيلُ﴾
«Андай заттарга айрым кишилер: «(Курайштын) адамдары силерге каршы (сан жеткис кол) топтогон, корккула!» дешкенде, бул сөз алардын ыймандарын дагы да күчөтүп жибердижана: «Бизге Жалгыз Алланын Өзү жетип ашат. Ал Зат эң жакшы ишеничтүү Өкүл!» — дешти». (Али Имран: 173).
Хизб ут-Тахрирдин Иордания вилаятындагы маалымат бөлүмү
16.10.25




