Качан адам баласынын каны баркталат? Качан ар кандай кол салууларга чек коюлат жана кылмышкердин колдору кесилет?!

Басма сөз баянаты
Качан адам баласынын каны баркталат? Качан ар кандай кол салууларга чек коюлат жана кылмышкердин колдору кесилет?!
2025-жылдын 23-июлунда Палестинанын саламаттык сактоо министрлиги, яхудийлердин Газа тилкесине жасаган кол салуусунун айынан шейит кеткендер жана жаракат алгандар боюнча күнүмдүк статистикалык эсебин жарыялады. Маалыматта, акыркы 24 саат ичинде Газа тилкесиндеги ооруканаларга 113 шейит жана 534 жарадар жеткирилгени айтылды. 2025-жылдын 18-мартынан тартып бүгүнкү күнгө чейин жалпы 8363 шахид жана 31004 жарадар катталган. Ошентип, 2023-жылдын 7-октябрынан бери жалпы 59219 шейит жана 143045 жарадар катталды.
Ошондой эле, 2025-жылдын 24-июлунда Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы 24 саат ичинде ачарчылык жана азык-түлүк жетишсиздигинен улам дагы 10 адам каза болгонун жарыялады. Кризис башталгандан бери жалпы 111 адам ачкачылыктан көз жумду. Мындан сырткары, медициналык булактар акыркы үч күн ичинде 21 бала ачкалыктан жана азык жетишсиздигинен улам көз жумганын билдирди. Кээ бир балдар чатырларда же үйлөрүндө ооруканага жетпей көз жумууда. Алардын көбүнүн өлүмү катталбай калганы да маалым болду.
Ошол эле учурда ДССУнун Палестинадагы өкүлү Рик Пайперкорн, июль айында эле 5100 бала азыктандыруу жана дарылоо программаларына киргизилип, алардын ичинен 800ү өтө оор дистрофия оруусуна чалдыкканын билдирди.
Яхудийлердин кылмыштуу түзүмү, биздин Газадагы бир туугандарыбызга каршы бомбалоо, өлтүрүү, курчоо жана ачарчылык сыяктуу бардык ыкмалар менен кол салуусун улантууда. Алардын максаты Газа элине кыргын салуу жана аларды жер бетинен жок кылуу. Алар аялдар менен балдарды өзгөчө бутага алып Газалык боордошторубуздун кайратын сындырууга жана үмүттөрүн үзүүгө урунуп жатышат.
ЮНИСЕФтин аткаруучу директору суу алуу кезегинде турган 7 баланын өлүмү тууралуу үрөй учурган маалыматты билдирди. Азык-түлүк алуучу кезектерде аялдар жана балдар ачкачылыктан же октон улам өлтүрүлүп жатышат. Бул Газадагы балдарыбыздын эжелерибиздин акыбалы!
Алар мыкаачылык менен заалымдардын колунда өлтүрүлүп жатышат. Ошол эле учурда, үммөт ичиндеги жигиттердин каны катып, аларга жардам берүү үчүн бир кадам шилтегенге да алы келбей турат!
Оо, Ислам үммөтүнүн уул-кыздары! Эмне болду силерге? Силер өлүксүңөрбү? Бир туугандарыңар жардам сурап жатышат, кыйкырып жатышат, силер алар үчүн аракет кыласыңарбы? Же дуба кылуу менен эле чектелип калдыңарбы? Силер чынында жардам кыла албай жатасыңарбы же өмүрдү сүйүп, өлүмдөн коркуп калдыңарбы? Диниңерге болгон сүйүү кайда? Шахид болууга ынтызарлык кайда? “Же жеңиш, же шахид болуу” деген ураандардан баш тарттыңарбы? Оо, адамзат үчүн чыгарылган эң мыкты үммөт! Эмнеге зулумдуктар менен өлтүрүүлөргө көнүп, жардам берүүдөн алыстап калдыңар?! Эмне үчүн силерде чынчылдык, ак ниеттик, намыс сезимдери козголбой жатат? Бир дене болуп туруп, кылмышкерлерди жок кылуу, зулум алдында калган бир туугандарыңарга жардам берүү үчүн көтөрүлүп чыкпайсыңарбы?!
Биз, Хизб ут-Тахрир партиясынын Борбордук маалымат бөлүмү / Аялдар канаты, үммөттүн бардык уулдарына кайрылабыз! Бул кыргынды токтотууга, Газа элин кырып жаткан ачарчылык саясатын токтотууга, аккан канды токтотууга жана душмандын зыяндуу колдорун кесе турган чараларды көрүүгө чакырабыз. Баарыңарды Халифалыкты кайра орнотууга чакырабыз! Ал өз жарандарынын укугун коргойт, аларга тынчтык жана коопсуздук алып кепилдейт жана душмандын жүрөгүнө коркуу салат! Анткени күчтүү мамлекетибиз болсо, эч ким Ислам үммөтүнө кол салууга батына албайт.
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү / Аялдар канаты