Китепчелер күнү: секулярдык конституциянын алтымыш жылдык ийгиликсиздиги

Басма сөз баянаты
Китепчелер күнү: секулярдык конституциянын алтымыш жылдык ийгиликсиздиги
2025-жылдын 27-августунда 2010-жылкы Жогорку мыйзамдын жарыяланганына он беш жыл болот. Кениянын 2010-жылкы Конституциясы «өзгөртүүчү» деп даңазаланган эле. Анткени ал саясий, социалдык жана экономикалык маанилүү реформаларды киргизип, мурдагы конституциянын доорундагы ондогон жылдар бою созулган туруксуздукту жоюуну көздөгөн.
Бул жагынан алып караганда, биз «Хизб ут-Тахрир» партиясынын Кениядагы маалымат бөлүмү төмөнкүлөрдү тактап кетебиз:
Анын жарыяланган күнүнөн тартып Кениядагы конституциялык кризистер негизинен аткаруудагы боштуктарга, шайлоо талаштарына, бийлик бутактарынын ортосундагы мамилеге, гендердик эрежеге жана өзгөртүү процессине байланыштуу болуп келди. Кениянын биринчи Жогорку сот төрагасы доктор Вилли Мутунга бир нече жолу айткандай, 2010-жылкы Конституция прогрессивдүү документ, аны толук ишке ашыруу жок дегенде 20-30 жылды талап кылат.
Бирок жаңы Конституция мурдагы колонизатордук конституция чече албаган көйгөйлөрдү чечип берет деген ойго келсек, өткөн 15 жыл секулярдык конституциянын катуу ийгиликсиздигинин жетиштүү далили болуп калды. Жападан жалгыз «ийгилиги» – элдин мүшкүлдүү жашоосун узартуу, коррупциянын күчөшү, экономикадагы артка кетүү, эч кандай сотсуз ишке ашкан өлтүрүүлөр жана башка көптөгөн жаман көрүнүштөр.
Секулярдык конституциялар менен саясий түзүлүштөрдү ойноп-тамаша кылуу оңой. Анткени саясий кызыкчылыктар көп учурда мыйзамдардан жана конституциядан да жогору коюлат. Кениялыктар 2010-жылдагы жалпы референдумдан кийин добуш берип кабыл алган жаңы Конституциянын негизинде да ошол эле эски колонизатордук конституциянын маңызы жатат. Бул – абсолюттук башкарууну адам, аалам жана тирүүлүктү жараткан Заттан тартып алып, адамга берип, аны багыт аныктоочу жана мыйзам чыгаруучу жалгыз булак деп жарыя кылган конституция.
Секулярдык конституциялардын вакыйлыгы болсо адам табиятынын алсыздыгын көрсөтөт. Анткени адамзатка жол көрсөтүүдө ал дайыма ойноого, өзгөртүүгө же бүтүндөй жаңы документ жазууга дуушар болуп келет. Тарых кайра-кайра далилдегендей, адам өз алдынча жол көрсөтүүчү боло албайт. Ал эч качан демократиялык конституциялардын кемчиликтеринен чыныгы куткарууну камсыз кыла албайт. Анткени аларда жаман капиталисттик мабда гүлдөп өнүгөт.
Чындыгында, биз коомдун бардык катмарындагы адамдарды — интеллигенцияны, академиктерди, саясатчыларды — эгоисттик лидерликке жем болбогон жана өзгөртүүгө муктаж болбогон илахий багытты бекем орнотуу үчүн олуттуу аракет кылууга чакырабыз. Адамзат үчүн Аллах Таала тараптан келген багыт гана керек. Бул чыныгы куткаруу Робъий ибн Амирдин Перс империясынын башчысы Рустамга айткан сөзүндө даана көрүнүп турат:
«لقد ابتعثنا اللهُ لنخرج العباد من عبادة العباد إلى عبادة ربّ العباد، ومن ظلم الأديان إلى عدل الإسلام ومن ضيق الدنيا إلى سعة الدنيا والآخرة».
«Аллах бизди адамдарды адамдарга ибадат кылуудан Жаратуучуга ибадат кылууга чыгарыш үчүн, диндердин зулумунан Исламдын адилеттүүлүгүнө алып чыгыш үчүн, дүйнөнүн тардыгынан дүйнө менен акыреттин кеңдигине алып чыгыш үчүн жиберди».
Конституция – бул башкаруу түзүмүнүн формасын аныктаган, башкаруучулар менен калктын ортосундагы келишимди негиздеген, ошондой эле үммөттүн акыйдасы менен бардык жашоо тармактарын тартипке салуучу баалуулуктарынын чагылышы болгон маанилүү документ.
Ислам болсо – бардыгын камтыган акыйда катары – Аллахтын шариатына негизделген конституцияны талап кылат. Мындай конституцияны колдонуу Халифалык мамлекети аркылуу гана ишке ашат. Аллахтын уруксаты менен ал жакын арада мусулман өлкөлөрүнүн биринде кайрадан тикеленет.
Шаъбан Муаллим
Хизб ут-Тахрирдин Кениядагы өкүлү
27.08.2025