Басма сөз

Кризистерди пайда кылып жаткан бузулган түзүмдү дарылоо анын өзү аркылуу болушу мүмкүн эмес.

Басма сөз баянаты

Кризистерди пайда кылып жаткан бузулган түзүмдү дарылоо анын өзү аркылуу болушу мүмкүн эмес.

Америка 2003-жылы Иракты басып алгандан бери 22 жыл өттү, ошондон бери өлкө каржылык кризисте жашап келүүдө, жакырчылык менен муктаждык кеңири жайылды. Жыл сайын жүздөгөн миллиарддык мунай кирешелерине карабастан, бийлик адистер менен мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын төлөй албай калуу жөнүндө коңгуроо кагышат.

2025-жылдын 19-августу, шейшемби күнү, ирактык экономист Набиль ал-Марсуми өзүнүн Facebook баракчасына мындай деп жазды:

«2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн Каржы министрлиги жарыялаган расмий финансылык эсептер көрсөткөндөй, айлык жана компенсациялардын жалпы суммасы болжол менен 44,9 триллион динарды түздү. Ал эми чийки мунай экспортунан түшкөн киреше 45,2 триллион динардын тегерегинде болду. Бул мунай кирешеси айлыкты жабууда 99,2% жеткенин билдирет».

Бул коркунучтуу сандар жана өкүнүчтүү теңдеме мамлекет колдонуп жаткан экономикалык түзүмдүн бузулганын ачык көрсөтүп турат. Айтылган чоң суммадагы каражат айлык жана компенсацияларга кетет дешкен менен, анын көпчүлүк бөлүгү үч бийлик бутагындагы коррупционерлердин чөнтөгүнө түшөт. Бул болсо чоң айлыктар, «асмандагы кызматкерлер», алдамчылык жана жосунсуз долбоорлор аркылуу жүзөгө ашууда. Ошондуктан алар кызмат орундар үчүн катуу күрөшөт, бири-бирине эң төмөн ыкмалар менен кутум даярдашат. Муну ар бир шайлоо айлампасында көрүп келебиз.

Эй мусулмандар, эй Ирак калкы!

Ирактын жана башка мусулман өлкөлөрүнүн көйгөйү – бул системанын көйгөйү, жана каапырлар мамлекетти талкалап, бийлигиңерди кулаткандан кийин силердин моюнуңарга отургузган саткын, бузукулардын көйгөйү. Аны өздөрүн экономисттер деп атаган кишилер сунуштап жаткан жалган оңдоолор менен айыктыруу мүмкүн эмес. Мисалы, экономика маселелери боюнча адис Ахмед ат-Тамими мындай дейт: «Мамлекеттик бюджет боюнча көп факторлордун айкалышынан улам каржылык тартыштык уланат. Анын эң негизги себеби, дүйнөлүк мунай бааларынын төмөндөшү, бул жалпы кирешенин 90%дан ашыгын түзөт. Ошондой эле айрыкча айлык чыгымдары камтылган жумушчу чыгашалардын үзгүлтүксүз өсүшү, мындан тышкары мунайдан башка киреше булактарын диверсификациялоодогу алсыздык».

Ал муну түшүндүрүп, мындай деп кошумчалады: «Бул тартыштык менен күрөшүү үчүн практикалык чечимдер талап кылынат. Алар салык системасын реформалоодон, салык базасын кеңейтүүдөн, бейрасмий секторлордон да салык жыйноодон башталат. Ошондой эле чек ара өткөрмө жайларын башкаруунун натыйжалуулугун көтөрүү аркылуу мамлекеттин кирешесин арттыруу, алдамчылык менен коррупцияны азайтуу жана электр энергиясы, суу, муниципалдык кызматтар сыяктуу мамлекеттик кызматтардан адилеттүү жана тартипке салынган төлөмдөрдү көбөйтүү зарыл».

Мына ушулар – түзүмдүн табиятынан чыккан аклий сунуш, чечимдер. Ал эми чыныгы жана натыйжалуу дабаа – бул сасык түзүмдү анын бузукулары менен кошо тамырынан жулуп таштоо жана адилеттүү, Раббани түзүмдү орнотуу. Ал Аллах Таала бүткүл адамзат үчүн ыраазы болгон ислам түзүмү. Аны Аллахтан корккон адил адамдар ишке ашырат. Алар Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан сөздү көз алдыларында сакташат:

«كُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ، فَالْأَمِيرُ الَّذِي عَلَى النَّاسِ رَاعٍ وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ…»

«Силердин ар бириңер башчысыңар жана кол алдыңардагылардан жоопкерсиңер. Эл үстүндөгү амир да башчы жана ал өз жарандарынан жоопкер…».

Ошондуктан Хизб ут-Тахрир силерди ушул улуулукка жана урматтуу жашоого чакырууда. Ал өз үммөтүнө калп айтпаган жол башчы. Андыктан Аллах Тааланын буйругуна моюн сунуп, убадасын ишке ашыруу үчүн чын жүрөктөн аракет кылыңыздар:

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً وَمَن كَفَرَ بَعْدَ ذَٰلِكَ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾

“Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум илгери өткөн (ыйман-ишенимдүү) заттарды (жер жүзүнө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа орун басар кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин, үстөм-бекем кылууну, ошондой эле аларды (Меккеде көргөн) коркунучтарынан кийин, (Мадинада) тынчтык-бейпилдикке бөлөп койушун убада кылды. Алар Мага ибадат кылышат жана Мага бир да нерсенн шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин (нематка) күпүрдүк кылса, демек алар баш ийбес адамдар”. (Нур: 55).

Ошондой эле Пайгамбарыбыз ﷺ  ачык сүйүнчүлөгөн:

«ثُمَّ تَكُونُ مُلْكًا جَبْرِيَّةً، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ. ثُمَّ سَكَتَ»

«Андан кийин зордук-зомбулук менен башкаруу болот. Ал Аллах каалаганча болот. Анан Аллах аны жоготот. Андан кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот. Анан ал унчукпай калды» (Ахмад риваяты).

Хизб-ут-Тахрирдин Ирак вилаятындагы маалымат бөлүмү

21.08.2025

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button