Басма сөз

Көрүп жана угуп турган саткын режимдердин алдында Аль-Акса мечити яхудийлерге тапшырылууда!

Басма сөз баянаты

Көрүп жана угуп турган саткын режимдердин алдында

Аль-Акса мечити яхудийлерге тапшырылууда!

Мусулмандарды башкарган өкүмдарлардын көзүнчө яхудийлер Аль-Акса мечитинин короосуна биринин артынан бири бастырып кирүүдө. Акыркы жолу бул кечээ, жекшемби күнү, Аллахтын душманы Бен-Гвир жана ашынган яхудийлердин бир тобу жетектеген эң ири бастырып кирүү болду.

Иордания падышасынын, Сисинин, Эрдогандын жана башка өкүмдарлардын көзүнчө яхудийлер Аль-Акса мечитин булгап, алардын “ыйык храмдын кыйрашы” деп атаган күнүндө Бен-Гвир: «Израил Иерусалим менен Хайкал тоосуна болгон көзөмөлүн күчөтөт», – деп жарыялап, ошол жалган храмдын кыйраган күнү Аль-Акса мечити яхудийлер үчүн ыйык жай деп жарыялады.

Мухаммад ﷺ  үммөтүнүн көзүнчө саткын режимдер биринин артынан бири эч салмагы, эч наркы жок алсыз билдирүүлөр менен гана чектелүүдө: “Аль-Акса мечитине (Израил) эгемен эмес” деген сөздөрүнүн эмне пайдасы бар?! Же болбосо БУУну чабуулдарды токтотууга жана отурукташтыруучулардын кирүүсүн чектөөгө чакыруунун кандай мааниси бар?! Маселе болсо мунун баарынан ашып, Аль-Акса мечитин өздөрүнүн ырым-жырымдарын аткара турган синагогага айландыруу үчүн амалий кадамдарга өтүүдө.

Эй Мухаммад ﷺ дын үммөтү, адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт!

Бул саткын өкүмдарлар яхудийлерге Газа секторун кыйратууга, анын элин өлтүрүүгө жана ачарчылыкка учуратууга мүмкүнчүлүк берип, эми болсо аларга Аль-Акса мечитин өздөрүнүн ырым-жырымдарын жана дубаларын аткара турган синагогага айлантууга жол ачып беришүүдө. Анда силер эмне кыласыңар?

Түш убагындагы күн сыяктуу ачык болду. Аль-Акса мечити, Байтул-Макдис жана берекелүү жердин элинин каны Аллахка жана Анын Элчисине ишенгендерди гана козгойт. Бул үчүн Аллахты, Анын Элчисин жана акырет үйүн максат кылгандар гана аракетке келет жана аны коргоодо Аллахка кулчулукту жашоосунун максаты кылгандарга гана таянууга болот.

Бул үммөттөн Аллахка чындык менен ишенгендер гана калды, алар саткын тактыны кыйратуучу балталар жана Ислам сарайын куруучу колдор болушу керек: Балталар болушу керек, анткени бул режимдер кутумдан, саткындыктан жана айыптоочу билдирүүлөрдү чыгаргандан башка эч нерсе билишпейт. Алар үммөттү бөлүп-жарды жана Газаны да, Аль-Акса мечитин да коргоодон чектеди.

 Куруучу колдор болушу керек: Анткени алар Ислам сарайын курат, анда үммөт биригет жана аскерлер Аль-Акса мечитин, берекелүү жерди азат кылууга, Газа элин колдоого жолго чыгат.

Байтул-Макдисти азат кылуу бул үммөт өз тагдырын өзү чечиши үчүн саткын режимдерди кулатууга байланыштуу. Муну жасабаган ар бир чакырык көзгө чаң чачуу жана азаттык менен жардамды кечеңдетүү болуп эсептелет.

﴿فَإِذَا جَاءَ وَعْدُ الْآخِرَةِ لِيَسُوءُوا وُجُوهَكُمْ وَلِيَدْخُلُوا الْمَسْجِدَ كَمَا دَخَلُوهُ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَلِيُتَبِّرُوا مَا عَلَوْا تَتْبِيراً﴾

«Анан, качан кийинки (бузукулуктун) убакты – сааты келгенде, жүздөрүңөрдү кара кылуулары, абалкы ирээт киргендери сыяктуу Масжид (ал-Аксага басып) кирип, (аны тебелеп тепсөөлөрү) үчүн ошондой эле ээлеп алган (бардык) жерлерди ойрон кылуулары үчүн (дагы душмандарыңарды силердин үстүңөргө жиберебиз)». (Исра сүрөсү, 7-аят).

04.08.2025

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button