Басма сөз

Мубашшир Ахмад өзбек режиминин дагы бир курмандыгына айланабы?

Басма сөз баянаты

Мубашшир Ахмад өзбек режиминин дагы бир курмандыгына айланабы?

19-август күнү Алишер Турсуновго каршы ачылган кылмыш иши боюнча сот башталды. Ал «Мубашшир Ахмад» деген лакап аты менен белгилүү. Ага диний радикализм жана диний экстремисттик идеяларды жайылткан материалдарды медиада таратуу айыбы коюлууда. Буга чейин ал мыйзамсыз диний материалдарды даярдоо, сактоо же таратуу менен айыпталып, Өзбекстандын ИИМи аны эл аралык издөө тизмесине киргизген болчу. Түркия болсо ушул жылдын май айында Өзбекстандын талабы боюнча Мубашшир Ахмадды экстрадиция кылып берген.

Мубашшир Ахмадга таандык Azon Global порталы өз ишмердүүлүгүн 2023-жылдын ноябрында төрт тилде баштаган: өзбекче, орусча, англисче, түркчө. Ал портал ислам, мусулмандар жана дүйнө жаңылыктары боюнча материалдарды чагылдырат. Алардын ичинде өзгөчө Палестинанын берекелүү жеринде жырткыч яхудий түзүмү жасап жаткан кылмыштарды жана Кытайдын уйгур мусулмандарына каршы колдонуп жаткан ырайымсыз кысым саясатын активдүү чагылдырып келет. Көрүнүп тургандай, бул порталдагы ишмердүүлүк өзбек режиминин ислам мазмуну боюнча катуу белгилеп койгон чектөөлөрүнө туура келбейт.

Бирок өзгөчө баса белгилөө зарыл: бул портал чындыгында өзбек режимине каршы эч кандай ишмердүүлүк жүргүзбөйт. Андан тышкары, ал толугу менен Өзбекстандын сыртында жайгашып иштейт, демек ага өзбек мыйзамдары колдонулбайт. Албетте, өзбек режими өзү ойлоп тапкан мыйзамдарын тебелеп-тепсеп, өзүнө жакпаган ар бир адамды жазалаганы жаңылык деле эмес.

Биз бир тууганыбыз Мубашшир Ахмадды Аллах Субханаху ва Таала куткаруусун, залим режимдин колунан эртерээк бошотулушун сурайбыз. Анткени Абу Хурайра رضي الله عنه  риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз ﷺ  айтты:

«الْمُسْلِمُ أَخُو الْمُسْلِمِ لَا يَظْلِمُهُ وَلَا يَخْذُلُهُ وَلَا يَحْقِرُهُ» رواه مسلم

«Мусулман – мусулманга бир тууган. Ага зулум кылбайт, аны жалгыз таштабайт жана аны кемсинтпейт» (Имам Муслим риваят кылган).

Мубашшир Ахмаддын ишмердүүлүгүн биздин өлкөдө да, анын сыртында да бардык активисттер үчүн бир белги катары кароого болот. Башкача айтканда, өзбек режими белгилеп алган исламга каршы саясий багыттан ким четтесе, же болбосо жөнөкөй ката же кичине кемчилик кетирсе да, сөзсүз жазаланарын көрсөтүп коюу максаты көздөлүүдө!

Бирок биз ишенебиз, өлкөбүздөгү жана анын сыртындагы бардык активисттер Мубашшир Ахмаддын ишинен сабак алышы керек. Анткени бул режим Россия, Америка, Кытай сыяктуу колонизатор мамлекеттердин талаптарын кечиктирбестен аткарып, исламга жана мусулмандарга каршы күрөшүүдө. Ошондуктан ал силерге кайра-кайра тыюу салууларды таңуулай берет, диндин ар бир үзүмүн жок кылганга чейин токтобойт.

Эми өзбек режимине жана анын артында турган жаман мамлекеттерге багынып берүүнү токтотуп, Алланын ыраазылыгын гана көздөп, ислам жана мусулмандардын негизги кызыкчылыктары үчүн чын ыклас менен иштөөнүн убактысы келди.

Хизб ут-Тахрирдин Өзбекстандагы маалымат бөлүмү

20.08.2025

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button