Осло келишиминин караңгы барагын жок кылуу убагы келди

Басма сөз баянаты
Осло келишиминин караңгы барагын жок кылуу убагы келди
Смотрич Палестина мамлекетинин долбоорун көмүп, анын ордуна E1 же “Чыгыш Бир” долбоорун жарыялады. Бул долбоор «Улуу Кудс» деп аталган планды ишке ашыруу болуп эсептелет жана Батыш Жээктин түндүгүн түштүгүнөн ажыратуу дегенди билдирет. Ошондой эле яхудий түзүмү Батыш Жээктин элине ал жерде колдонуп жаткан чаралары менен бирге, аларды курчап турган «геттолорду» чийип жатат. Мунун алдында Батыш Жээктин түндүгүндөгү качкындар лагерлерин бузуу иши башталган жана БУУнун Палестина качкындары боюнча агенттиги (UNRWA) мыйзамсыз уюм деп жарыяланган эле. Мунун максаты – качкындар маселесинин жер үстүндө эч кандай изи калбай калышы керек.
Ушул ырааттуу жана барган сайын күчөп жаткан чаралар бир гана нерсени көрсөтүп турат: Осло келишиминен жер үстүндө эч нерсе калган жок. Палестина мамлекетин жактагандар үчүн эгемендик да, куралы да, жарым-жартылай мамлекетке окшош нерсе да калган жок!
Акыркы чечим маселелеринен (Кудс, чек аралар, качкындар) сүйлөшө турган эч нерсе калган жок! Осло келишиминен калган нерсе – бул Палестина азаттык уюмунун эң көп бөлүгүн яхудийлерге берип коюп, Палестина жеринин көпчүлүгүндө алардын укуктары бар деген жалган жана ката таануу! Ослодон калган нерселердин ичинен бир гана коопсуздук координациясы калды. Ал яхудийлер менен колонизаторлорду коргоп, уюмдун алдында да, андан кийин да алмашып келген режимдерге баскынчы түзүм менен мыйзамдуу тарап катары мамиле кылууга эшик ачат!
Бул чыккынчылык келишиминен калган нерсе – яхудийлердин, америкалыктардын жана европалыктардын күн тартибин ишке ашыруу: мужахиддер менен күрөшүү, окуу программаларын өзгөртүү, мусулмандардын жүрөгүнөн Ислам баалуулуктарын жоготуу жана алардын ордуна куфр, тынчтык жана «чогуу жашоо» деген түшүнүктөрдү киргизүү! Осло келишиминен калган нерсе – бийликтеги пайдакор адамдар Палестина элинин мал-мүлкүн жеп, аларды салыктар менен эзиши жана алардын ар бир демин эсептеп турган банк системасына байлап коюусу!
Бул бардык чындыктарга, баскынчы түзүмдүн кайра-кайра Палестина мамлекетин курууга эч качан уруксат бербей турганын жарыялап келатканына, жана Газада Палестина бийлигине орун жок экенине карабастан, алардын колдоочулары өздөрүн сактап калуу үчүн яхудийлерге кандай гана кызмат болбосун көрсөтүүгө жармашууда. Газадабы, Батыш Жээктеби же алар жоготкон жана элинен ажыраткан Палестинанын калган калдыктарындабы – өз кызматтарын талыкпай аткарып жатышат.
Осло келишимин яхудий түзүмү өзүнө пайдалуу болгон калдыктарынан башкасын көмүп салган, ал эми Палестина мамлекети саткынчылыктын боюнда пайда болбой жатып эле көмүлгөн. Эми Ислам үммөтү бул келишимдин эң караңгы барагын – Газаны жана анын жараларын – жаап, тарых менен географиянын жаңы барагын ачышы керек. География жагынан караганда, Палестина – Шамдын бермети, Пайгамбарыбыз ﷺ бир түндө Исра сапарын кылган, ал мусулмандардын биринчи кыбыласы жана үчүнчү ыйык мечити. Деңизинен дарыясына чейин ал Мухаммад ﷺ үммөтүнүн мүлкү. Тарых жагынан ал – сахабалар жана халифалар жерди багындырган, салих адамдар бошоткон, мужахиддердин улуу салгылашуулары өткөн жер. Ошол жерде кресттүүлөр талкаланып, ошол жерде Аллах монголдорду жеңилткен. Бул жер уюмдардын маселеси эмес, бүтүндөй үммөттүн маселеси катары сөзсүз мурунку абалына кайтып келет. Ага аскерлер бардык тараптан кирип, аны ээлеп алган издерди өчүрүшөт, аны саткандар соттолот. Андан соң ал Исламдын борборуна айланат.
Аллах Таала айтат:
﴿وَلَقَدْ كَتَبْنَا فِي الزَّبُورِ مِنْ بَعْدِ الذِّكْرِ أَنَّ الْأَرْضَ يَرِثُهَا عِبَادِيَ الصَّالِحُونَ * إِنَّ فِي هَذَا لَبَلَاغاً لِقَوْمٍ عَابِدِينَ﴾
Чындыгында Биз (Лавхул-махфузда) зикир кылгандан кийин Забурда да: «Албетте (бейиштин) жерине менин саалих пенделерим мураскор болушат», деп жазып койгонбуз. 106. Албетте, мына ушул (Куранда) ибадат кылуучу коом үчүн жетээрлик нерсе бар. (Анбия: 105–106).
Хизб-ут-Тахрирдин Берекелүү Палестина жериндеги маалымат бөлүмү
17.08.2025