Басма сөз

Пакистан башкаруучуларынын чыккынчылыгы жана алардын нормалдаштыруу жолуна түшүүсү

Басма сөз баянаты

Пакистан башкаруучуларынын чыккынчылыгы жана алардын нормалдаштыруу жолуна түшүүсү

Трамп жана Америка Жакынкы Чыгышта өз кызыкчылыктарына кызмат кыла турган жаңы тартипти түзүүгө умтулуп жатышат. Бул кызыкчылыктардын башында яхудий түзүмүнүн коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу, аны ислам өлкөлөрүндөгү алдыдагы аскердик базага айлантуу жана аны саясий, экономикалык жана пикирий деңгээлинде аймактагы үстөмдүк кылуучу «падышага» айлантуу турат. Мына ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн Америкага көз каранды агенттер биринин артынан бири кадам таштап жатышат.

Бул ишти биринчи болуп Перс булуңундагы мамлекет башчылары жана Судан баштаган. Алардан кийин Пакистан башчысы генерал Асим Мунир да кошулду. Ал Пакистандын эң чоң душманы болгон Индияга каршы Пакистандын аба күчтөрүнүн жетишкен жеңишин текке кетирип, андан кийин Газа, Ливан жана Ирандын касапчысы болгон Трампты Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгына көрсөттү. Бул демилгени Нетаньяху да колдоп, ал дагы Трампты «Тынчтык эмес, согуш боюнча Нобель сыйлыгына» көрсөттү.

Бүгүн болсо кезек Пакистандын саясий агенттерине келип жетти. Алар бул ыплас долбоорду ишке ашырууга даярдык көрүүдө. Пакистан Ислам Лигасы партиясынын лидери премьер-министрдин кеңешчиси, Пакистандын президенти Рана Санауллах: «Пакистан Абрахам келишимдерине карата ислам өлкөлөрүнүн позициясын ээрчиши керек» деп билдирди. Ошол эле учурда тышкы иштер министри Исхак Дар жана коргоо министри Хваджа Асиф «Пакистан бул келишимге кошулбайт, анткени израилди таануу Пакистандын көп жылдан берки эки мамлекет чечимин колдоосуна каршы келет. Бул маселени карап чыгуу үчүн ал Пакистандын улуттук кызыкчылыгына жооп бериши керек» деп билдирди.

Американын 2020-жылы түзгөн «келишимдеринин» чыныгы жүзү ачыкка чыгып калганы менен бул келишимдер Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Оман жана Судан менен ыплас жана чыккынчы нормалдашуу мамилелерин баштоого жол ачып, алардын ичинде, элчиликтерди ачуу, соода келишимдерин түзүү жана технология жаатындагы кызматташуу сыяктуу иштерди камтыган  ошол башкаруучулар бул үммөттөн ажырап, Пакистандын чыныгы ислам ишенимин, жана Ибрахим (алайхис салам) пайгамбарыбыздын яхудийлерден жана насронийлерден аруу экендигин тоготпой жатышат. Бул жөнүндө Аллах Таала мындай деген:

﴿مَا كَانَ إِبْرَاهِيمُ يَهُودِيّاً وَلَا نَصْرَانِيّاً وَلَكِنْ كَانَ حَنِيفاً مُّسْلِماً وَمَا كَانَ مِنَ الْمُشْرِكِينَ﴾

«Ибрахим жөөт дагы, насраний (христиан) дагы эмес, тескерисинче акыйкат жолдон тайбаган (Аллага) моюн сунуучу-мусулман адам болгон. Ал мушрик (Аллага) шерик кошуучулардан да болбогон». (Али Имран сүрөсү, 67-аят).

Бул башкаруучулар жакын арада, кечиктирбестен, ушул келишимдерге кошулууга даярданып жатышат. Алар «калган мусулман өлкөлөрүнүн режимдери бизден мурда кошулсун» деп шылтоо айтышууда. Мында Британиянын тарбиялап өстүргөн, Американын агенттери болгон Сауд үй-бүлөсүнүн башкаруучулары, Ирандын башкаруучулары, Түркиянын мунафыктары жана алардын башында турган эң чоң мунафык Эрдоган да бар. Ошентип, алар Пайгамбарыбыз ﷺдын насаатына карама-каршы келип, «иммаат» ооп кетүүчү, эрксиз адамдар болууну тандап жатышат. Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деген:

«لَا تَكُونُوا إِمَّعَةً تَقُولُونَ إِنْ أَحْسَنَ النَّاسُ أَحْسَنَّا، وَإِنْ ظَلَمُوا ظَلَمْنَا، وَلَكِنْ وَطِّنُوا أَنْفُسَكُمْ، إِنْ أَحْسَنَ النَّاسُ أَنْ تُحْسِنُوا، وَإِنْ أَسَاءُوا فَلَا تَظْلِمُوا»

«Иммаат болбогула! Эл жакшы иш кылса, биз да кылабыз, алар зулум кылса, биз да кылабыз дебегиле! Адамдар жакшылык кылса, силер да жакшылык кылгыла, алар зулум кылса, силер зулум кылбагыла, өзүңөрдү ушуга көндүргүлө» (Тирмизи риваяты).  (Түшүндүрмө: Башкалардын пикирин жана аракетин ойлонбостон же айырмалабастан кайталаган адамдар болбогула, тескерисинче, өз көз карашы жана көз карандысыз мүнөзү бар адамдардан болгула. «Иммаат» бул өзүнүн ою жок, айланадагылар кимди ээрчишсе, ошолорду ээрчип, алар эмне десе, ошону сүйлөгөн адам. Ал чындык менен жалганды, жакшылык менен жаманды ажырата албаган наадан адам. Котормочудан)

Чыныгы вакыйлыкты бурмалап көрсөтүп, жеңилүүнү жеңиш катары тартуулоонун үлгүсүндө, алар Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн шерлери Индияга каршы жетишкен жеңишин текке кетиришти, Кашмирден баш тартышты, Индиянын суу келишимдерин аткарбай калганына көз жумуп коюшту, бирок мунун баарын «жеңиш» деп аташып, ал үчүн штаб башчысын маршал наамына көтөрүштү.

Эми ошол эле алдамчылыкты кайрадан кайталашып, эки мамлекет чечимин кармануу аркылуу үммөттү алдап жатышат. Алар муну «ардактуу позиция» катары көрсөтүп жатышат. Чындыгында болсо бул долбоор яхудий түзүмүнүн урпактарынын Мубарак Палестина жеринин 80%дан ашыгын ээлеп калуусун мыйзамдаштырат жана бул иш адамдарга «жеңиш» катары тартууланууда.

Так ушул ыкманы мурда эң чоң чыккынчы Ясир Арафат да колдонгон, ал чыккынчы Осло келишиминде яхудийлердин Мубарак Палестина жерин басып алуусун расмий тааныган. Бул кылмыштын ордуна, Палестин мамлекетин ошол жердин 20%дан аз бөлүгүндө түзүүгө макул болгон!

Эй Пакистан мусулмандары, өзгөчө силер, куралдуу күчтөрдөгү жеңүүчүлөр! Силердин саясий башкаруучуларыңар жана аскерий жетекчилериңер яхудийлерге жана насронийлерге болгон берилгендиктерин ачык билдиришти. Алар өз кожоюндарына кызмат кыла турган ар кандай келишимдерге кол коюудан тартынбайт. Ал тургай бул иштер Исламдан чыгууга жана алардын жаңы «ибрахимий» динин кабыл алууга алып барса да. Алар биринчи кыбыладан жана үчүнчү ыйык мечиттен — Кудус-Шарифтен — баш тартууну талап кылса да буга макул болушат.

Бул даярдык алардын үммөттүн душмандарына болгон берилгендигинин натыйжасы. Алар силердин тилиңерде сүйлөп, Куран окугандары менен, алар Аллах Таала эскерткен мунафыктар. Аллах «Мунафикун» сүрөсүндө мындай деген:

﴿وَإِذَا رَأَيْتَهُمْ تُعْجِبُكَ أَجْسَامُهُمْ وَإِنْ يَقُولُوا تَسْمَعْ لِقَوْلِهِمْ كَأَنَّهُمْ خُشُبٌ مُّسَنَّدَةٌ يَحْسَبُونَ كُلَّ صَيْحَةٍ عَلَيْهِمْ هُمُ الْعَدُوُّ فَاحْذَرْهُمْ قَاتَلَهُمُ اللهُ أَنَّى يُؤْفَكُونَ﴾

«Качан сен аларга карасаң алардын тулку-бойлору (көрүнүштөрү, кийген кийимдери) сени таң калтырат, сүйлөгөндөрүндө болсо сөздөрүнө (жагымдуу үн, көркөм- чечендик болгону үчүн берилип) кулак саласың. (Бирок алардын дилдери ыйман менен жакшылыктан бош болгону үчүн) алар куду (дубалга) жөлөп коюлган (чирик) жыгачтарга окшошот. Алар (жүрөксүздүктөрү себептүү) ар-бир кыйкырык-үндү үстүлөрүнө (түшүп жаткан кандайдыр балээ-апаат деп) күмөн кылышат. Алар душмандар. Демек, алардан этият болгун! Аларды Алла наалаттайт. Алар кандай адашууда ээ!» (Мунафикун сүрөсү, 4-аят).

Ошондуктан, силер алардын колунан кармап, аларды кулатып, Аллах түшүргөн мыйзамдар менен башкарган, Байтул-Макдисти жана Исра сапарындагы жерди бошотуп, Инд жарым аралын кайрадан үммөттүн койнуна кайтарып, эки миллиарддык үммөттү бириктире турган таухид туусу астында жыйнай турган халифага байат кылууга милдеттүүсүңөр.

Хизб-ут-Тахрирдин Пакистан вилаятындагы маалымат бөлүмү

10.07.2025

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button