Басма сөз

Пакистан чыныгы эгемендикке Пайгамбарыбыз ﷺ  дын минхажындагы рашид Халифалыкты орнотуу менен жетишет

Басма сөз баянаты

Пакистан чыныгы эгемендикке Пайгамбарыбыз  дын минхажындагы рашид Халифалыкты орнотуу менен жетишет

Азыркы эл аралык системанын шартында «эгемендик» деп аталган нерсе жөн гана алдын ала даярдалган оюн. Чыныгы боштондук мамлекет өз ички иштерин да, тышкы мамилелерин да өзүнүн мабдасына ылайык жүргүзгөндө гана ишке ашат. «Ла илаха илла Аллах Мухаммад расулуллах» калимасына чындап ишенген эл өз жеринде исламий башкаруу, экономика,  ижтимаъий низом, билим берүү жана сот системасын, ошондой эле дааватка жана жихадга негизделген тышкы саясатты орнотмойунча боштондукка чыга албайт. Мына ушул – көз карандысыздыктын чыныгы мааниси. Демек, Пакистан азыркыга чейин бошонгон жок!

Бул үчүн Пакистан саясатын үстүртөн гана карап көрүү жетиштүү. Пакистандын Кудуска жана Газага болгон саясатын АКШнын Борбордук командачылыгы, Пентагон жана Мамлекеттик департаменти түзүп жаткан жокпу? Кашмир маселесиндеги саясатыбыз Трамптын көңүлүн буруу үчүн жалынууга негизделген жокпу? Биз болгону бир нече ай мурун аны түздөн-түз бошотууга кудуретибиз бар экенин көрсөтпөдүк беле? Пакистандын Афганистанга карата саясатын биздин Тышкы иштер министрлиги түздүбү, же АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү менен Борбордук командачылыктын аскер башчылары түздүбү? Өкмөт башчыларыбыз уялбастан электр энергиясынын баасын төмөндөтүү үчүн Эл аралык Валюта Фондунун уруксатын издешерин жарыялап жатышабы? Пакистан соттору алигиче Англиянын жалпы укугуна таянып өкүм чыгарып жатпай элеби? Жакында Пакистан армиясынын башкы командачысы өзүнүн «түз башчысы» генерал Курилланын пенсияга чыгуу аземине катышуу үчүн Америкага барган жокпу? Кандай көз карандысыздык бул? Кашмир же Газа үчүн согуш ача албай туруп, Америка үчүн согушууга ар дайым даяр турган көз карандысыздыкпы?

Пакистан дүйнөдө жарыяланган жети ядролук державанын бири.

Булардын бешөө дүйнөнүн ар кайсы аймактарын көзөмөлдөп, өз кызыкчылыктарына жараша анын иштерин калыптандырууда. Франция менен Британия Европа саясатында үстөмдүк кылат; Америка дүйнөнүн бардык бурчтарында өз шарттарын таңуулайт; Россия Чыгыш Европага терең тамыр жайган; Кытай болсо өз таасирин акырындап кеңейтип жатат. Ал эми индус мамлекети бул аймактын «полициясы» болууга жан үрөп иштеп жатат. Анда Пакистан бул эсепте кайсы позицияда турат? Америка каалаган убакта Иран менен ядролук келишим түзүп, жокко чыгарып, кайра түзө алат, бирок биз Иран менен мунай сатып алуу боюнча келишим да түзө албайбыз! Эмне үчүн? Бул кандай көз карандысыздык?

Оо, Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн офицерлери жана жоокерлери!

Пакистанды чыныгы көз карандысыздыкка жана боштондукка жеткирүүгө тоскоол болуп жаткан нерсе – ресурстардын тартыштыгы эмес, жоокерлерибизде же элибизде дем-күчтүн, кайраттуулуктун, жөндөмдүн жетишсиздиги да эмес. Биздин чыныгы көйгөй – бул келечекти көрө билбеген жетекчилик. Мындай жетекчилик алмашып, ордуна мабдаий лидерлик келип, ага нусрат байъаты берилмейинче, Халифалык орнобойт. Мына ушул чыныгы көз карандысыздыктын туура аныктамасы. Аны ишке ашыруу, Пакистанды ушул максатка баштап баруу – силердин мойнуңарда турган улуу жоопкерчилик.

Хизб ут-Тахрир мабдаий көз карашы менен алдыңарда турат жана ал толук программа жана долбоор менен келди. Андыктан, бул Эгемендик күнүнүн жетимиш сегизинчи жылдыгында чыныгы көз карандысыздыктын кийимин кийип тосуп алгыла, бул колонизатордук эл аралык системаны четке каккыла жана «Ла илаха илла Аллах Мухаммад расулуллах» деген туунун астында жаңы дүйнөлүк түзүлүштү кургула!

﴿وَأَنَّ هَذَا صِرَاطِي مُسْتَقِيماً فَاتَّبِعُوهُ وَلَا تَتَّبِعُوا السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَنْ سَبِيلِهِ ذَٰلِكُمْ وَصَّاكُمْ بِهِ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ﴾

Албетте мына ушул Менин туура жолум. Демек, ушул жолго ээрчигиле! Башка жолдор менен жүрбөгүлө (анткени)алар силерди Анын жолунан чыгарып салат. Балким такыба кылаарсыңар деп силерди мына ушул нерсеге буюрду. (Анъам:153).

Хизб ут-Тахрирдин Пакистан вилаятындагы маалымат бөлүмү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button