«Республика»нын кыйрашы улуу Алланын буйругу болгон рашид Халифалыкты орнотууга алып келиши керек

Басма сөз баянаты
«Республика»нын кыйрашы улуу Алланын буйругу болгон рашид Халифалыкты орнотууга алып келиши керек
Афганистандагы республикалык түзүмдүн кыйрашы жыйырма биринчи кылымда Афган эли үчүн да, жалпы ислам үммөтү үчүн да эң маанилүү бурулуш окуялардын бири болуп эсептелет. Бул түзүм исламий акыйдага эч кандай байланышы жок, жаңы колонизатордук долбоордун жемиши болгон. Башка жактан алып келип таңууланган, бузукулук менен көз карандылыкты жана зулумду системалаштыруу үчүн курулган түзүм эле. Ал исламга жат, исламдын баалуулуктарына карама-каршы болгондуктан кыйрашы табигый эле.
Афганистанда таңууланган республикалык түзүм өзүнөн-өзү ийгиликсиз үлгү болгон табиятынан таагуттук түзүм. Ал исламий шариаттан куру болгон жана акыры мусулмандардын каршылыгы, мужахиддердин ихласы жана дааватчылардын сергек аң-сезиминин алдында кыйрап түштү. Биз Афганистан мусулмандарын, ихлас менен күрөшкөн мужахиддерди, акыйкатка даават кылуучуларды жана жалпы ислам үммөтүн бул тарыхый жана берекелүү өзгөрүү менен куттуктайбыз. Аны чечүүчү бурулуш, ойгонуу жана исламий башкарууга кайтуу чекити деп эсептейбиз.
Бирок «республика» жана «демократия» бул жөн эле аталыш, символдор же белгилер топтому эмес. Алар түзүм кулап түшкөндө кошо жок болуп кете турган нерселер эмес. Тескерисинче, алар ички башкарууну жана тышкы саясатты аныктаган белгилүү принциптерге негизделген толук мабдаий жана саясий негиз. Ошондуктан, республика кыйрады деп айтылганы менен, анын фикрий негизи саясий институттары, мыйзамдары, саясаттары жана дүйнө таанымы чоң өлчөмдө сакталган бойдон калууда.
Тилекке каршы, бүгүнкү башкаруучулар кээде афган салттарынан үлгү алышканы менен, дагы эле саясий реалдуулуктун негизги элементтерин, капиталисттик прагматизмди жана уруулук, улутчулдукту кабыл алышууда. Булардын бардыгы болсо, алар алмаштырдык деп доомат кылган республикалык моделдин өзгөчөлүктөрү болуп саналат. Мунун ачык мисалы катары «улуттук кызыкчылыкка» туруктуу көңүл бурууну жана дүйнөлүк секулярдык түзүм менен шайкештик издөөнү айтууга болот. Демек, жөн гана жетекчиликтин алмашуусу же бузулган башкаруу аппаратын таркатуу — республикалык түзүм толук жок болгонун билдирбейт.
Афганистандын көпкө созулган көйгөйлөрүнүн бири өкмөттөрүнүн туруксуздугу. Чет элдик кийлигишүү рол ойносо да, эң терең көйгөй башкаруучулар менен элдин ортосундагы чыныгы жана бекем байланыштын жоктугунда. Арт-артынан келген режимдер эл менен жалпы байланыш түзө алышкан жок жана кеңири элдик легитимдүүлүктү камсыз кыла алышкан жок. Ошондуктан бул түзүмдөрдүн ичинен ыдыроо же сырттан таңуулоо аркылуу кыйрашына таң кала турган эч нерсе жок.
Эгерде азыркы түзүм чыныгы туруктуулукка жана туруктуу легитимдүүлүккө жетүүнү кааласа, анда саясий бийлик ислам үммөтүнөн келип чыгарын түшүнүшү зарыл. Ал исламий чечимдерди коомдун ичинде бекемдөөгө жана ички, тышкы саясатта бир гана исламга таянып иш алып барууга милдеттүү. Анткени исламий дүйнө таанымда бийлик исламий коомдон алынат, эл аралык түзүмдөргө же анын институттарына жасалган кайрылуулардан эмес. Исламда легитимдүүлүк эл аралык таануу аркылуу берилбейт, тескерисинче, ал байъат аркылуу берилет. Байъат — бул момундар тарабынан берилген шаръий убада-келишим. Ошондуктан, Исламдагы башкаруунун негизи ислам акыйдасына, исламий саясатка жана исламий рисалатка курулушу керек. Бул рисалат башкаруучуну улутчулдуктун, экономикалык кызыкчылыктын жана нейтралдуулуктун чектеринен бошотот жана Исламдын үстөмдүгүн орнотуп, аны даават жана жихад аркылуу бекемдөөгө милдеттендирет.
Акырында, азыркы Афганистан башкаруучулары Аллах Тааланын улуу сыноосу алдында турганын баса белгилөө зарыл. Саясий өзгөрүүдөн кийин бийликти алышкандан соң, алар Аллах Таалага шүгүр кылууга милдеттүү болушчу. Бул шүгүр сөз менен гана эмес, Исламды толук жана комплекстүү түрдө колдонуу менен ишке ашмак. Бул жасалма улуттук мамлекет чек арасынан тышкары да жихадды улантууну, исламга каршы болгон бардык баалуулуктарды, идеяларды жана түзүмдөрдү түп-тамыры менен жоготууну камтыйт. Аларга рашид Халифалыкты орнотуу парз болгон.
Эгерде алар анын ордуна өздөрүн кайрадан секулярдык эл аралык түзүмдүн катышуучулары катары көрсөтүүнү тандаса; эгерде алар колонизатордук державалардын жана алардын институттарынын таануусун алууга умтулса; эгерде алардын арасынан жихад руху өчүп кетсе; эгерде алар Исламды тандалма жана жарым-жартылай колдонсо, анда Аллах Тааланын эскертүүсү жакын арада ишке ашат:
﴿وَإِنْ تَتَوَلَّوْا يَسْتَبْدِلْ قَوْماً غَيْرَكُمْ ثُمَّ لَا يَكُونُوا أَمْثَالَكُمْ﴾
«Эгер силер (Аллага моюн сунуудан) жүз буруп кетсеңер, Ал Зат (ордуңарга) силерден башка бир коомду алмаштырып койот. Андан кийин алар силерге окшогон болушпайт, (Тескерисинче Аллага моюн сунуп сыйынышат)!» (Мухаммад: 38).
Хизб-ут-Тахрирдин Афганистан вилаятындагы маалымат бөлүмү
15.08.2025