«Судан согушу: колониялаштыруу, чыккынчылык жана үмүтсүздүк тарыхы»

Басма сөз баянаты
«Хизб ут-Тахрир» партиясынын Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар бөлүмү дүйнөлүк кампаниясын жыйынтыктады:
«Судан согушу: колониялаштыруу, чыккынчылык жана үмүтсүздүк тарыхы»
Өткөн эки ай ичинде «Хизб ут-Тахрир» партиясынын Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар бөлүмү Суданда үч жарым жылдан бери уланып келе жаткан куралдуу кагылыштан келип чыккан кризиске эл аралык коомчулуктун көңүл бурдуруу жана аң-сезимди жогорулатуу максатында дүйнөлүк кампания өткөрдү. Бул акылсыздык согуш — генерал Абдул Фаттах аль-Бурхан жетектеген Судан куралдуу күчтөрү менен Мухаммад Хамдан Дагалу (Хамидти) жетектеген Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы — «унутулган согуш» деп аталат, анткени ал зарыл болгон маалыматтык жана эл аралык көңүл бурууга ээ болгон эмес.
Кампаниянын темасы — «Судан согушу: колониялаштыруу, чыккынчылык жана үмүтсүздүк тарыхы» деп аталып, төмөнкү маселелерди камтыды:
- Согуштун натыйжасында жүз миңдеген күнөөсүз жарандар, анын ичинде аялдар менен балдардын өлтүрүлүшүнөн келип чыккан кайгылуу гуманитардык кризис; дүйнөдөгү эң ири качкындык жана ачарчылык абалы; ар тараптан ачарчылыктын согуш куралы катары колдонулушу; ошондой эле уурдоо, кыйноо, этникалык тазалоо жана кеңири тараган жыныстык зомбулук, анын ичинде көптөгөн маалымат берилген жамаий зордуктоо учурлары.
- Исламдын Суданга тынчтык жолу менен кириши жана анын өлкөнүн саясий, сот, башкаруу жана экономикалык турмушун калыптандыруусу, мисалы, Фунж султанаты доорунда судандыктар үчүн гүлдөгөн жашоонун камсыздалышы.
- Судандын геосаясий маанилүүлүгү. Кызыл деңиздеги стратегиялык жайгашуусу (дүйнөлүк мааниге ээ соода жолу), анын мол жана түшүмдүү айыл чарба жерлери, табигый байлыктары, анын ичинде мунай, табигый газ, алтын жана уран. Ушунун баары өлкөнү эл аралык жана аймактык күчтөрдүн көз артуусуна айланткан, алар өз ара өлкө үстөмдүгү үчүн атаандашып, мурдагы жана учурдагы согуштарда ар кайсы тараптарды колдоп келишкен.
- Британия, Франция жана Америка сыяктуу Батыш колониялдык державалары өздөрүнүн «бөлүп башкар» саясаты аркылуу Судандагы уруулук, этникалык жана диний топтордун ортосун чыңалтуу менен бөлүнүүнү күчөтүп, өлкөдөгү үстөмдүгүн жана кызыкчылыктарын камсыздоо максатында бул өлкөдөгү жаңжалдын пайдубалын тарыхый жактан түптөшкөн. Тышкы саясий кийлигишүүнүн натыйжасында Судан Британиядан көз карандысыздык алгандан бүгүнкү күнгө чейин туруктуу жаңжал абалында жашап келүүдө.
- Умар аль-Баширдин диктатурасы тушундагы жашоо — коркунуч, ырайымсыз кысым, өтө оор экономикалык абал жана жарандык согуштар менен мүнөздөлгөн. Ал өзүнө каршы чыккан адамдарга кысым көрсөтүүнү актоо үчүн шариатты бурмалап колдонгон. Ал эми Бурхан менен Хамидти анын тарапташтары жана режиминин калдыктары болуп эсептелет.
- Судандагы мурдагы жаңжалдар, мисалы, Түндүк менен Түштүктүн ортосундагы жарандык согуш жана Дарфур жаңжалы — мунун баары Британиянын колониялык башкаруусу, Американын кийлигишүүсү жана Умар аль-Баширдин башкаруусунун натыйжасы болгон. Булардын баары эл арасындагы бөлүнүү отун саясий пайда үчүн тутандырган.
- Азыркы Судандагы жаңжалдын саясаты чындыгында бийлик үчүн күрөш. Бул күрөштө Америкага кызмат кылган Бурхан менен Хамидти, жана Британияга кызмат кылган «Эркиндик жана өзгөрүү күчтөрү» бири-бирине каршы туруп, 2019-жылы Умар аль-Башир кулатылгандан кийин өлкө үстөмдүгү үчүн таймашып жатышат. Мындан тышкары, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабия, Россия жана Кытай сыяктуу аймактык жана эл аралык күчтөр Судандын байлыктары менен стратегиялык мааниси үчүн согуштун эки тарабын тең ар кандай деңгээлде колдоп, жаңжалды күчөтүшкөн.
- Кампания Суданга улуу даңкты алып келе турган жалгыз жол – Халифалык экенин баса белгиледи. Бул пунктта «рамка келишими» – батыштык ишенимдерге жана анын сакофатына негизделген колониялык мүнөздөгү долбоор экени айтылды. Ал демократиялык, федералдык, парламенттик жана секулярдык мамлекет курууну көздөйт, анда мыйзамдар Куран менен сүннөттөн эмес, эл тарабынан чыгарылат. Бул болсо Судан мусулмандарын өз дининен алыстатып, Батыш жана башка Ислам өлкөлөрүндөй эле бөлүнүү жана ийгиликсиздик жолуна жетелейт.
Чындыгында, Аллахтын шариатын жана низомун толук колдонгон Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекети гана Судандагы колониялык кийлигишүүнү токтото алат. Ошондой эле ал саясий, экономикалык жана коомдук тармактарда жана жашоонун бардык өңүттөрүндө ийгиликке жетишип, бөлүнүүнү жоюп, элин жана аскерин бириктирип, өз жарандарына кам көрө турган саясий лидерлерди чыгара алат.
Кампания дүйнөлүк социалдык тармактар аркылуу бир нече тилде кеңири активдүүлүк жаратты. Анын алкагында ондогон макалалар, жүздөгөн посттор жана плакаттар, бир нече видеоматериалдар жарыяланды, алардын катарына төмөнкүлөр кирет:
- «Ислам Суданга кантип кирген».
- «Судан согушу: алтын, мылтыктар жана геосаясат».
- «Суданга даңкты кайтарып бере ала турган жалгыз нерсе — Халифалык».
Кампания ошондой эле араб жана англис тилдериндеги талкуу жыйындарын камтыды, анда учурдагы жаңжалдын себептери жана кесепеттери түшүндүрүлдү. Мында Судандын көйгөйлөрүн чечүүдө демократиялык модел эмес, Халифалык системасы гана иш жүзүндө натыйжалуу жол экени баса белгиленди.
Кампания аяктаганына карабастан, «Хизб ут-Тахрир» партиясынын Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар бөлүмү Судандагы жаңжал саясаты, анын жашыруун максаттары жана кесепеттери боюнча эл аралык аң-сезимди көтөрүүнү улантат. Ошондой эле Судан элинин азабын токтотуу, көйгөйлөрүн чечүү жана өлкөгө Халифалык мамлекети астында жаркын келечек куруу жолдорун түшүндүрүүнү улантат.
Кампаниянын бардык материалдары төмөнкү шилтемеден табылат:
«Судан согушу: колониялаштыруу, чыккынчылык жана үмүтсүздүк тарыхы».
Фейсбук: QanitatHT1
Инстаграм: Women_sharia
X (Твиттер): @ALQANITAT
Видео шилтемеси: Кампания видеосу
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُواْ لِلّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾
«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла». (Анфал: 24).
19.10.2025




