
УКМК Баткенде дааватчыларга каршы “маски шоу” уюштурду
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Баткен облусунда экстремизм жалаасы менен 12 мусулман камакка алынганын билдирди. Аларга “Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо” беренеси менен айып коюлду.
Маалыматка ылайык, Исламды үйрөнүп жана үйрөнгөнүн башкаларга жеткирип жүргөн дааватчылардын үйүнөн диний китептер, телефон жана ноутбуктан башка эч нерсе табылган эмес. Кармоо учурунда күч органдары мусулмандарга адамдык сыпатка жат мамиле кылышып, “маски шоу” уюштурушкан.
Буга чейин Баткен облусунун тургундары экстремизм менен айыпталып камалган алты жигиттин бошотулушун талап кылып нааразылык акциясына чыгышкан. Нааразылыкка чыккан тургундар камакка алынган жигиттер пандемияда, чек ара окуясында калктын жүгүн көтөрүп, ар дайым муктаж үй-бүлөлөргө жардам берип келгенин билдиришкен. Ошондой эле, экстремисттик айыптар туура эмес тагылып жатканын, орган кызматкерлери куру доомат менен аларды кылмышкер катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышканын билдиришкен.
Атайын кызматтын мындай мыйзамсыз иштери буга чейин Бишкек шаарында, Ысык-Көл өрөөнүндө жана Нарын облусунда да болуп өткөн. Аларды кармоо учурунда да уурдап кетүү, убактылуу кармоочу жайда токко тарттыруу, үй-бүлөсүнө басым өткөрүү сыяктуу ар кандай мыйзамсыз аракеттер коштолгон.
Буга чейинки президенттер да өздөрүнүн башкаруудагы ийгиликсиздигин жашыруу жана мамлекеттеги саясий-экономикалык кризистерден элди чалгытуу үчүн “экстремизм” жана “терроризм”ге каршы күрөштү курал кылып колдонушкан. Мисалы, Атамбаев 2014-жылы Россиянын басымы астында мамлекетти карапайым калк үчүн эч кандай пайдасы болбогон ЕАЭБге алып кирүү алдында дал ушундай ыкманы колдонуп, муслималарды камакка алуу кампаниясын баштаган. Атамбаевден бийликти мураска алган Жээнбеков да Россиянын басымы себептүү жана эл аралык уюмдар бере турган жардамдарды алуу үчүн Ислам жана мусулмандарга, алардын арасында аялдарга каршы күрөштү улантты. Өтмүштөгү бийликтердин тагдырынан сабак албаган Жапаровдун бийлиги да алардын изи менен жүрүп, дааватчыларга каршы күрөштү улантууда.
Бийликке келе электе энергетика тармагындагы көйгөйдү чечем, Кыргызстанды беш жылдын ичинде карыз алуучу мамлекеттен карыз берүүчү мамлекетке айландырам деген убадалар унутулуп, баалар асмандап, карапайым калктын жашоо деңгээли төмөндөп, жумушсуздук күч алууда. А бирок, бийлик бул көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна экстремизм шылтоосу менен Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүүдө.
Расмий бийликтин даават жүгүн көтөргөн жигиттерге карата кезектеги зулумдугу жөн жерден эмес. Анткени, кыш мезгилинин жакындашы менен карапайым калкка карата электр энергиясынын өчүрүлүүсү, чектелүүсү, токту ири өлчөмдө пайдаланып келген майнинг фермалардын болсо үзгүлтүксүз камсыздалуусу калктын бийликке карата нааразылыгын күчөткөн. Буга кошумча, Кытай жарандарынын өлкөдөгү мыйзамсыз аракеттерине каршы коомчулукта нааразылык өсүп жатат. Буга кошумча, парламенттик шайлоонун жакындашы бийликти кошумча чараларды көрүүгө түртүп жатат. Муну президент Садыр Жапаровдун фейсбук баракчасындагы билдирүүсү да ырастап турат. Ал билдирүүсүндө: “Төңкөрүшкө жол берилбейт. Мындан ары төңкөрүштү түшүңөрдө гана көрөсүңөр”, – деп жазган. Ошондой эле, өлкөнүн күч түзүмү мурдагыдан кубаттуу экенин айтып, калкты коркутууга аракет кылды.
Мындан улам, Исламга каршы кысымды, мусулмандарга каршы зулумдуктарды күчөтүп жаткандарды Аллахтын аяты менен эскертебиз, Аллах Азза ва Жалла айтат:
“قَالَ إِنَّمَا أَشْكُو بَثِّي وَحُزْنِي إِلَى اللَّهِ وَأَعْلَمُ مِنَ اللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ”
«Ар көчөдө отуруп алып (адамдарды) коркутпагыла, Аллахка ыйман келтирген заттарды Анын жолунан тосуп о.э. ал жолду бузууга аракет кылып олтурбагыла!» (7: 86).
Урматтуу мусулмандар, сиздерге кайралабыз, ушул жалган доомат менен соттолуп жаткан мусулман бир туугандарыбыздын сотуна барып катышып көрүңүздөр. Же соттолуп жаткандардын туугандары менен сүйлөшүп көрүңүздөр. Ошондо бул дааватчылар кимдер экенин билип, күч түзүмдөрүнүн адилетсиздигине күбө болосуздар.
Ал эми, укук коргоочулар буйрукту аткарып жатканын, кармалгандардын жаман ишин көрбөгөнүн айтышууда. Анда мындай зулумдукка ким буйрук берип жатат? Убактылуу бийлик күрсүсү акырет жана бул дүйнө нематынан бийик болуп жатабы?! Тарыхта Аллахка, анын динине жана мусулмандарга каршы чыккан бир да падыша куткарылган эмес!
Аллах таала айтат:
وَلَا تَحْسَبَنَّ اللَّهَ غَافِلاً عَمَّا يَعْمَلُ الظَّالِمُونَ إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمْ لِيَوْمٍ تَشْخَصُ فِيهِ الْأَبْصَارُ
“Сен эч качан: «Аллах заалим адамдардын кылып жаткан иштеринен бейкабар» деп ойлобо! Болгону Аллах аларды(н жазаларын), көздөр (коркунучтан) катып кала турган, (Кыямат) Күнүнө гана калтырууда” (14: 42).
Хизб ут Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү
13.11.2025




