Басма сөз

Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий өкүлүнүн «Төрт тараптуу билдирүү жана жоголгон эгемендүүлүк» аттуу маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзү

Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий өкүлүнүн «Төрт тараптуу билдирүү жана жоголгон эгемендүүлүк» аттуу маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзү

2025-жылдын 12-сентябрында, жума күнү, 1447-хижрий жылдын 20-Рабиул-аввалында, Америка, Саудия, Бириккен Араб Эмираттары жана Египеттен турган «төрт тараптуу» деп аталган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Судан тууралуу бир билдирүү чыгарышты. Анын негизгилери төмөнкүлөр болду:

  1. Үч айлык ок атышууну токтотуу максатында гуманитардык жардамдардын киришине шарт түзүү, бул дароо туруктуу ок атышууну токтотууга алып барсын.
  2. Толук жана ачык-айкын өтүү процессин баштоо, ал тогуз айдын ичинде аяктап, легитимдүү жарандык өкмөттү негиздөөгө алып келсин.
  3. Суданды башкаруунун келечегин судан эли чечет, бул толук жана ачык-айкын өтүү процесси аркылуу ишке ашып, жаңжал кылуучу эч бир тараптын көзөмөлүнө түшпөсүн.

Бул «төрт тараптуу» билдирүүгө байланыштуу Судандын тышкы иштер министрлиги 2025-жылдын 13-сентябрында, ишемби күнү, 1447-хижранын 21-Рабиул-аввалында, билдирүү чыгарып, мындай деди:

«Судан өкмөтү согушту аяктоого жардам берген ар кандай регионалдык жана эл аралык аракетти колдойт, бирок мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана анын легитимдүү институттарын урматтабаган кийлигишүүнү кабыл албайт. Ошондой эле өкмөт өзүн Ыкчам колдоо күчтөрү менен теңөө аракетин да четке кагат».

Судан маселесин жана анын жеринде жүрүп жаткан эл аралык катуу тирешти көз салып жүргөн адам так билет: бул согушту Америка британ таасирин түп-тамыры менен жок кылуу жана Судандан Дарфурду бөлүп таштоо аркылуу мамлекетти бөлүү үчүн жүргүзүп жатат. Американын Судандагы бардык саясий же курал жарак менен коштолгон аскерий иш-аракеттери англиялык адамдардын кайра сахнага чыгышына тоскоолдук кылуу үчүн гана жасалууда.

Ошондуктан «төрт тараптуунун» бул учурдагы аракети англиялык адамдардын Африка Биримдигинин комиссиясы аркылуу (Сумуд) кыймылын кайра сахнага чыгаруу аракетинин фонунда болду. Маалымат булактары кабарлагандай, Африка Биримдиги Судан армиясын колдогон улуттук күчтөрдү жана (Сумуд) тобун 6-октябрда Аддис-Абебада өтө турган судандык диалог жыйындарына чакырык жөнөткөн. Англиялык адамдар айрыкча Африка Биримдигинин комиссиясында (Сумуд) кыймылын кайра калкып чыгышы үчүн жигердүү аракеттенүүдө. Ушул эле алкакта Африка Биримдигинин комиссары Махмуд Али Юсуф 2025-жылдын 12-сентябрында, жума күнү, Абу-Дабиде (Сумуд) жетекчиси Абдулла Хамдук менен жолугушту. «Сумуд» коалициясынын жогорку даражалуу жетекчилеринин бири «Судан Трибюнга» кабарлагандай, Хамдук менен Юсуфтун жолугушуусу «Африка Биримдигинин жаңжалды чечүүдөгү ролун, жана судандыктар жетектеген, Африка Биримдигинин калканы астындагы ишенимдүү саясий процесске макул болууну» талкуулаган.

Ошондуктан Америка «төрт тараптуу» аркылуу 2025-жылдын 3-октябрында Судандын БУУдагы туруктуу өкүлү Харис Идрис тарабынан БУУнун Башкы катчысына берилген «жол картасын» көтөрүп чыкты. Америка бул «төрт тараптуунун» билдирүүсүн, т.а Судан өкмөтү өзү берген ошол «жол картасын» өкмөт менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы келишимдин негизине айландырууга умтулууда. Бул алардын «тамагы» толук бышкан кезде ишке ашырылат.

Бул Судандагы саясий вакыйлык. Анда «эгемендүүлүк» деген түшүнүктүн орду бул маани-маңызсыз сахнанын кайсы жеринде турат?!

Биз, Хизб ут-Тахрир / Судан вилаяты, төмөнкү чындыкты ачык айтабыз:

Биринчиден: Батыш кафир колонизатору Осмон Халифатынын урандылары үстүндө Сайкс–Пико келишими негизинде түзүлгөн мамлекетчелердин ичинде Судан да бар. Алар – колонизатордун кызматчы мамлекетчелери. Бул мамлекетчелер үчүн колонизаторлор өз ара тирешет жана бул тирешүүдөгү куралдар куралдуу күчтөрдүн жетекчилери, көтөрүлүшчү кыймылдар жана ачык же көмүскө түрдөгү секулярдык саясий кыймылдар. Мындай колонизатордун куралдары өздөрүнө өзү эгемендүү боло алышпаса, алардын өлкөлөрү кантип өзү эгемендүү болот?!

Экинчиден: Алдамчылык – кафир колонизатордун жана анын жардамчыларынын эң коркунучтуу куралы. Алар душманды дос кылып көрсөтүп, аны мамлекеттин бардык майда-чүйдө иштерине жана элдин жашоосуна кийлигиштиришет. Ал эми бир тууганды душман кылып көрсөтүп, ага өлтүрүү машинасын иштетишет. Ошентип, душмандардан келген элчилер менен элчилердин орун басарлары «өлкө жана элдин кызыкчылыгын көздөгөн досторбуз» деген шылтоо менен өлкөнүн майданын тебелеп-тепсешет!

Үчүнчүдөн: Бул өлкөдөгү эгемендүүлүк жөнүндө акыл-эси бар адам кантип сүйлөй алат? Анын бардык маселелери БУУнун бардык агенттиктеринде, айрыкча Коопсуздук Кеңешинде, Африка Биримдигинде, Араб Лигасында, ИГАДда, «төрт тараптууда», Судандын коңшу өлкөлөрүндө, «Альп альянсында» талкууланат. Эки мамлекеттин президенттери же эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери жолуккан сайын сөзсүз Судандын маселелери тууралуу сүйлөшөт. Андан кийин биз «эгемендүүлүк» жөнүндө сөз кылабызбы?! Силердин араңарда акылдуу эркек киши жокпу?!

Төртүнчүдөн: Мусулмандардын мамлекети  Халифалык жоголгондо, биздин өлкөлөрдөн эгемендүүлүк түшүнүгү да жоголду. Ал эми азыр бул түшүнүк колонизатор кафирдин куралдары болгон өкүмдарлар жана саясатчылар тарабынан гана колдонулууда. Алар аны өз кожоюндарына каршы келген долбоорлордун жолун тосуу үчүн «шылтоо» катары көтөрүп чыгышат. Бирок кожоюндары алып келген кылмыштуу долбоорлорго келгенде, аларды «өлкө жана элдин кызыкчылыгын көздөгөн достор» деген шылтоо менен өткөрүп беришет!

Бешинчиден: Колонизатор кафирлер, айрыкча ушул капиталисттик дүйнөнүн биринчи мамлекети болгон Америка, алсыз өлкөлөрдө согуштарды тутанткан тарап болуп эсептелет. Анан ошол согуштарды башкарууну алсыз элдердин кызыкчылыгы үчүн эмес, өздөрүнүн кызыкчылыгын ишке ашыруучу курал кылып алышат. Натыйжада колониализм күчөйт, өлкөлөр болсо майдаланып кетет. Ошондуктан, колонизатор кафирдин же анын аймактагы кызматчы мамлекетчелердин кийлигишүүсүн чакырган жана ага уруксат берген адам – өз элине чыккынчы болуп саналат. Демек, чет элдик күчтөргө таянуу – саясий өзүн-өзү өлтүрүү болуп эсептелет.

Алтынчыдан: Эл аралык мамилелер тең статуска жана өз аралык мамилеге негизделбейт беле?! Анда эмне үчүн бул көрүнүштү Судандагы өкмөттөрдүн башка мамлекеттер менен болгон мамилесинде көрө албайбыз? Ал мамлекеттер өздөрүнүн атайын өкүлдөрүн жөнөтүп, биздин өкүмдарлар менен жашообуздун эң майда-чүйдөсүнө чейин – тамак-аш, азык-түлүк, дары-дармек, билим берүү, Эль-Фашердеги курчоо жана башка бардык иштер боюнча сүйлөшүп жатышат!

Мисалы, 2025-жылдын 10-сентябрында «Судафакс» сайты Камил Идрис менен британиялык өкүл Ричард Кроудердин жолугушуусу тууралуу кабарлады. Анда Кроудер «Анын өлкөсүнүн негизги артыкчылыктары азыр Фашер шаарында ок атышууну токтотууга жана гуманитардык жардамдын жай тургундарга тоскоолдуксуз жетишин камсыз кылууга топтолгонун» баса белгилеп, «Суданга тынчтык жана туруктуулукту алып келүү аракеттерине Лондондун толук колдоосун» ырастаган.

Ушундай кабарларга кулагыбыз көнүп калды, саясий чөйрөдө муну эч ким четке кагып айыптабайт. Кээ бирөөлөр муну «чоң жетишкендик» деп да көрүшөт. Бирок аль-Бурхан Британиянын ички маселелерин талкуулоо үчүн өзүнүн атайын өкүлүн Британиянын премьер-министринин алдына жөнөтө алабы?!

Демек, бизге чыныгы эгемендүүлүгү бар мамлекет керек, жалган «эгемендүүлүк» керек эмес.

Жетинчиден: Америка Судан маселесинде өзүнө атаандаш боло турган тарап бар экенин сезсе эле дароо кыймылдайт. Ошондуктан ал «төрт тараптуу» жыйындын билдирүүсүн чыгарып, андан кийин өзүнүн өкүлүн Африка Биримдигине жөнөттү.

2025-жылдын 18-сентябрында «Аль-Жазира Нет» сайты кабарлагандай: «АКШ президентинин Африка иштериндеги башкы кеңешчиси Мусад Болус Судан боюнча төрт тараптуу механизм башка демилгелерге альтернатива эмес, тескерисинче аларды колдогон платформа экенин ырастады. Ал Африка Биримдиги Судан кризисин чечүү аракеттеринде негизги тарап бойдон калууда деп баса белгиледи. Аддис-Абебада Африка Биримдиги комиссиясынын төрагасы Махмуд Али Юсуф менен биргелешкен маалымат жыйынында Болус: төрт тараптуу жыйын башка платформалар менен катар иш алып барып жатканын, айрыкча так убакыттык графиктерди камтыган реформалык жол картасы жарыялангандан кийин оң жыйынтыктарга жеткенин түшүндүрдү».

Күтүлүп тургандай, Америка британиялык адамдар Судандын саясий сахнасына «Сумуд» кыймылын кайра киргизүү үчүн колдонууну каалаган «судандык диалог» чакыруусуна тоскоолдук кылышы мүмкүн. «Аль-Мухаккик» сайты билдиргендей: «Улуттук кыймыл күчтөрүнүн башчысы доктор ат-Тижани Сиси Африка Биримдигинин калканы астында, алдыдагы 6-октябрда Аддис-Абебада өткөрүлүшү пландалып жаткан судан диалогуна даярдык жыйындарына улуттук күчтөрдүн катышуусу кыйын экенин ырастады. Сиси Судандын улуттук күчтөрү бул чакырууга жана Африка Биримдиги тарабынан сунушталган жолуна байланыштуу өз эскертүүлөрүнө ээ экенин айтты».

Мунун бардыгы биздин өлкөбүздүн эл аралык тирештердин майданына айланганын айкын көрсөтүп турат!

Саясий жана маалымат чөйрөсүндө жүргөн урматтуу бир туугандар:

Бизге исламий жашообузду кайра баштоого муктаждык бар, ал болсо адилеттүү Халифалыкты тикелөө менен болот. Ал саясий чөйрөнү мунафыктар менен агенттерден тазалайт, жана батыштагы кафир колонизатордун таасирин өлкөлөрүбүздөн жулуп салат; анын капиталисттик мабдасын жана пайдакорлук аклиясын жоготот. Ошондо биз Аллага гана кул болуунун жагымдуу жытын сезебиз, жана шариатка гана үстөмдүк бериле турган жашоону өткөрөбүз, аны бизге иззатыбызды жана кадыр-баркыбызды кайтарып берген эр азаматтар жетектейт. Ошондо биз адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөткө кайрадан айланабыз. Ошондуктан, бир туугандарым, ушул иш үчүн аракет кылуучулардан, чакыруучулардан жана сүйүнчүлөөчүлөрдөн болгула, анткени мунун ичинде дүйнөнүн да, акыреттин да жакшылыгы бар.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾

«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла». (Анфал: 24).

Ибрахим Усман (Абу Халил)

Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий өкүлү

20.09.2025

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button