Басма сөз

Шарм-эш-Шейх конференциясы — үммөт үстүнөн жеңишти жарыялоо, көз карандылыкты бекемдөө жана баскынчыны мыйзамдаштыруу

Басма сөз баянаты

Шарм-эш-Шейх конференциясы — үммөт үстүнөн жеңишти жарыялоо, көз карандылыкты бекемдөө жана баскынчыны мыйзамдаштыруу

Трамп өзүнүн асырандысы болгон яхудий түзүмү менен биргеликте жетишкен “жеңишин” б.а. жөнөкөй жарандарга, аялдарга, балдарга, карыяларга жана табиятка каршы жасалган кыргын «жеңишин» кнессет алдында сүйлөгөн сөзүндө жарыялагандан кийин, Газаны канга боёгон кылмышкер Мисирдеги өзүнүн кызматкери Сиси уюштурган конференциясына жөнөдү. Ал конференцияга Мубарак жерге каршы кутумга катышкан бардык тараптар чакырылган эле. Конференция 2025-жылдын 13-октябрында Шарм-эш-Шейх шаарында “Шарм-эш-Шейх тынчтык саммити” деген аталыш менен өттү. Ага жыйырмадан ашык мамлекет жана эл аралык уюм катышып, Америка президенти Трамп жана Мисир президенти Сиси төрагалык кылышты. Ошондой эле Иордания падышасы, Катар эмири, Франция президенти, Түркия президенти, Пакистандын жана Индонезиянын премьер-министрлери, ошондой эле Европа жана Азия өлкөлөрүнүн делегациялары катышты. Бул конференция баскынчы менен Хамас ортосунда ок атышууну токтотуу, туткундарды алмашуу, согушту токтотуу, Газаны башкаруу жана кайра куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо келишиминен бир нече күн өткөн соң өткөрүлдү.

Конференциянын сырткы аталышы “тынчтык, туруктуулук жана кайра куруу” деген өңдүү жалтырак болгон менен, анын мазмуну тескерисинче эле. Анын чыныгы маңызы, Трамптын жана яхудий түзүмүнүн “жеңишин” майрамдоо жана аны “улуу жетишкендик” катары көрсөтүү болду. Трамп бул аркылуу өзүн Ортоңку Чыгыш маселесинин жалгыз чечүүчүсү жана жаңы тартиптин калыптоочусу катары көрсөтүүгө аракет кылды. Ал тургай, бул “жеңиши” үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу экенин кыйытты. Бирок бул сыйлык эч качан адамзаттын чыныгы баалуулуктары үчүн берилген эмес. Ошондой эле Трамп ачык эле мусулман өлкөлөрүнүн манкурт башкаруучуларын Абрахам келишимдерине кошулууга, башкача айтканда, баскынчы түзүмдү жаңы Орто Чыгыштын “падышасы” катары таанууга чакырды.

Мисир бул саммитте негизги ролду ойноо менен Америка уюштурган схемаларга “араб калканын” камсыз кылды. Ал ок атышууну токтотуу келишимдеринде да ушундай ролду аткарган. Анткени Мисир режими Кэмп-Дэвид келишими менен аскерий жактан чектелип, яхудий түзүмүнүн чек арасын кайтаруучу болуп калган. Ошондуктан бүгүн ал өзүн “бейтарап ортомчу” катары көрсөтсө да, анын чыныгы ролу Америка буйругу менен башка мусулман өлкөлөрүн яхудийлер менен мамиле түзүүгө даярдоо жана үммөттөн келе турган каардан яхудий түзүмүн коргоо болуп саналат.
Бул Шарм-эш-Шейхтеги жамандыкка бириккендер Палестина маселесинин да, Ислам үммөтүнүн да өкүлү боло алышпайт. Анткени Палестинаны бошотуу жана анын шахиддеринин канын актоо милдети — Аллахка берген антына бекем турган эр-азаматтардын гана мойнундагы оор аманат болуп саналат:
﴿صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللهَ عَلَيْهِ﴾

«Аллага берген (Ал Заттын жолунда жихад кылып шейит болуу жөнүндөгү) убада – шерттерин чындыкка чыгарган кишилер бар». (Ахзаб: 23).
Ал эми бул акмак рувайбизалар андай эрдикке татыктуу эмес.

Кимде-ким яхудий түзүмүн таанып, аны менен чогуу жашоого чакырган ар кандай келишим же конференция өткөрсө, ал анык батыл (жараксыз). Себеби бул аракет Аллахтын ачык өкүмүнө каршы келет б.а. Мубарак жерди толугу менен бошотуу жана анын бир карышын да таштап берүүнүн харам экенине каршы келет, Аллах Таала айтат:
﴿وَقَاتِلُوهُمْ حَتَّىٰ لَا تَكُونَ فِتْنَةٌ وَيَكُونَ الدِّينُ كُلُّهُ لِلَّهِ﴾

«Тээ фитна токтоп, дин толугу менен Аллага таандык болгонго чейин алар менен согуша бергиле!» (Бакара: 193).
Жана дагы мындай дейт:
﴿وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ﴾

«(Эй момундар), силерге эмне болду, Алла жолунда жана бечаралар (ды азат кылуу) жолунда согуш кылбай жатасыңар?!» (Ниса: 75).

Бул конференция — Американын аймакты кайрадан тартипке келтирүү, яхудий түзүмүн анын ичине сиңирүү жана Палестина маселесин жалган саясий жолдор аркылуу жоготуу долбоорунун бир бөлүгү. Алар Газаны согуштар жана курчоолор менен алсыраткандан кийин, эл аралык байкоочу күчтү киргизип, коопсуздук иштерин көзөмөлдөөнү жана яхудийлердин коопсуздугун камсыздоону көздөшүүдө. Бул иштерге араб режимдери, айрыкча Мисир режими жардам берип жатат. Мындай ролду ойноо чыккынчылык кылмышы, анткени ал үммөттүн кызыкчылыгына эмес, америкалык кожоюнунун буйругуна жана анын пландары ишке ашуусуна кызмат кылууда.

Газа маселеси боюнча чыныгы милдет конференция өткөрүү эмес, эл аралык чечимдерди күтүп отуруу да эмес, тескерисинче, мусулмандардын аскерлерин Аллах буйругандай Мубарак жерди деңизден дарыяга чейин бошотууга аттандыруу болуп саналат. Бул армия бир күндүн ичинде яхудий түзүмүн талкалоого жөндөмдүү. Бирок бул аскерлерди токтотуп турган эң чоң тоскоол — кыянатчы башкаруучулар. Алар Кэмп-Дэвид, Вади Араба, Осло жана Абрахам келишимдери сыяктуу кулдук келишимдерге жана аскерий чектөөлөргө байланган. Ошондуктан Палестинаны чыныгы бошотуу иши ушул түзүмдөрдү тамыры менен жулуп салуудан жана Пайгамбарыбыз ﷺ  көрсөткөн тарикат менен экинчи рошид Халифалыкты тикелөөдөн башталат. Ошондо гана ал Халифалык аскерлерди Аллахтын буйругуна ылайык жихадга чыгарып, жерди азат кылып, үммөттү бириктирет.
Эй, Мисир жоокерлери!
Силер Америка үчүн кызмат кылган аскерлер эмессиңер, анын саясий пландарынын аткаруучулары да эмессиңер. Силер Мухаммад ﷺ үммөтүнүн бир бөлүгүсүңөр. Аллах Таала силерге алсыздарды коргоону жана Аллахтын сөзүн үстөм кылууну шаръан фарз кылган.

Шарм-эш-Шейхте силердин көз алдыңарда, кулагыңардын алдында болуп жаткан нерсе Газага жардам берүү эмес, тескерисинче, анын курчоосун чыңдоо жана душмандын үстөмдүгүн бекемдөө. Алар яхудийлерге Газаны канга боёп, талкалап туруп да колуна киргизе албаган нерселерди берип жатышат.

Шарият боюнча мындай конференцияларды четке кагуу, алардын чыныгы максаттарын ачыктоо жана жалган “тынчтыкка” эмес, чыныгы боштондукка багыт алуу шарт.

﴿وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ﴾

«(Эймомундар), силерге эмне болду, Алла жолунда жана эркектер, аялдар ошондой эле балдардан турган бечаралар (ды азат кылуу) жолунда согуш кылбай жатасыңар?!»
(Ниса: 75)

Хизб ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы маалымат бөлүмү

14.10.25

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button