Басма сөз

Эгемендик жоголгон, партиялар болсо мансап үчүн өз ара кармашып жатышат, үммөтткө камкордук кылуу алардын оюнда да жок

Басма сөз баянаты

Эгемендик жоголгон, партиялар болсо мансап үчүн өз ара кармашып жатышат, үммөтткө камкордук кылуу алардын оюнда да жок

Бийлик партиялары 2025-жылдын 11-ноябрында өтө турган шайлоо жана анын олжолору үчүн таймашка даярданып жаткан маалда, 22-август жума күнү таң эртең менен атайын түзүлгөн бөлүктөр, танктар жана бронетехника Сулеймания шаарынын борборундагы «Лале Зара» мейманканасын курчоого алып, аны бастырып киришти. Бул операциянын максаты Элдик фронт партиясынын лидери Лахур Шейх Жангини кармоо эле. Бир нече саатка созулган катаал куралдуу кагылышууда антитеррордук күчтөр жана атайын даярдыктагы «коммандос» менен «асайиш» — Курдистан улуттук биримдик партиясына байланышкан коопсуздук күчтөрү бир тарапта, ал эми Жангинин коргоочулары экинчи тарапта тирешти. Натыйжада Лахур менен иниси Булат камакка алынды, бир нече адам өлүп-жарадар болду.

Бул окуя биринчи жолу болгон жок. Мунун алдында да окшош операциялар өткөрүлгөн. 2025-жылдын 12-августунда «асайиш» бөлүктөрү жарандык либералдык оппозициянын көрүнүктүү лидерлеринин бири — «Жаңы муун» кыймылынын жетекчиси Шасвар Абдулланы кармаган. Ошол эле маалда Сулеймания соту «коопсуздукту бузуу» деген жүйө менен чыгарган ордердин негизинде башка жарандык активисттер да камакка алынган.

Сулейманияда болгон окуялар бүтүндөй Иракта жүрүп жаткан көрүнүштөрдүн бир бөлүгү гана. Анын себеби арам малга берилип, өлкөнүн байлыгын өз кызыкчылыктарына багындырган саясий топтордун орун талашуу, бири-бирин алсыратуу, четтетүү, атүгүл жок кылуу аракети. Ар күнү «Баас партиясын жоюу мыйзамы» же «коррупциялык иштер» өңдүү жүйөлөр менен шайлоодон четтетилгендердин ысымдары жарыяланып жатат. Маселен, Зикар облусунун губернатору, Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы жана Антитеррордук күчтөрдүн командачысы болуп иштеген Абдулгани Асадинин мисалын алсак болот. Ал бул кызматтарды ээлеп турган маалда мыйзам кайда эле?!

Булардын баары Иракта бүгүн өкүм сүрүп жаткан башаламандык, коркунуч жана тынчсыздануу абалында болуп жатат. Мындан тышкары, Америка кийлигишип, өзүнүн коркутуп-үркүтүүлөрү менен суверенитет деп аталган түшүнүктү таптакыр жокко чыгарып, «Хашд» жөнүндө мыйзам долбоорунун добушка коюлушун алдын алып турат. Бул мыйзамды «координациялык алкактын» күчтөрү колдоп жатышса да, бүгүнкүгө чейин аны өткөрүүгө батына элек. Алар өздөрүнүн тарапташтарынын сезимдерин пайдалануу үчүн, күнөөнү оппозицияга оодарып көрсөтүүгө аракет кылышууда. Чынында болсо, добуш берүүгө толук мүмкүнчүлүктөрү бар, анткени парламентте көпчүлүк орунду ээлешет.

Жаңылыктарда депутат Хади Саламинин билдирүүсү жарыяланды. Ал «Хашд аш-Шааби мекемесине байланышкан мыйзам долбоору координациялык алкактын жыйынынан кийин чакыртып алынды, премьер-министр болсо жыйында кабыл алынган чечимди аткарды жана бүгүнкү күнгө чейин мыйзам кайра киргизилген жок» деди. Ошондой эле ал мыйзамдын биринчи жана экинчи окуулары өткөнүнө карабастан, фракция лидерлеринде аны өткөрүүгө болгон айкын эрк жок экенин белгилеп, мунун себебин кызмат орундарын бөлүштүрүү боюнча тирешүүгө байланыштырып көрсөттү.

Эй Ирак мусулмандары! 2003-жылдагы баскынчылыктан бери бийликке келген бардык өкмөттөр эгемендиктен да, элдин муктаждыгын чечүүдөн да баш тартышты. Алар баскынчыларга кызмат кылуу, бийлик үчүн тирешүү жана өлкөнүн байлыктарына, ресурстарына ар кандай арзан жана ыплас ыкмалар менен ээ болуу менен алек болушту. Ошондуктан бизде урмат да, кутулуу да жок! Чыныгы кутулуу – бул нажасаттарды түп-тамыры менен жок кылып, өлкөнү алардан тазалап, америкалык баскынчы таңуулаган бул жийиркеничтүү түзүмдү алмаштырып, анын ордуна Пайгамбарлык минхажындагы Халифалыкты тикелөө. Мына ушул урматка жана даңктуу жашоого силерди өз элине калп айтпаган жетекчи Хизб ут-Тахрир чакырып келет. Ошондуктан, Раббиңердин аманатын кабыл алгыла:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла жана билип койгула, албетте, Алла ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат жана Анын алдына топтолосуңар». (Анфал: 24).

Хизб-ут-Тахрирдин Ирак вилаятындагы маалымат бөлүмү

25.07.2025

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button