Басма сөз

Эгер койлордун  душманы койчунун өзү болсо, кол салган карышкырды жемелөөгө болбойт

Басма сөз баянаты

Эгер койлордун  душманы койчунун өзү болсо, кол салган карышкырды жемелөөгө болбойт

Хартум вилаятында кызамыкка каршы эмдөөдөн кийин үч бала каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул окуянын жагдайларын иликтөө үчүн тергөө ишин баштады. Судан Трибюн кабарлагандай, эки бала кызамыкка каршы эмдөө алган соң биринчи сааттын ичинде эле көз жумган, ал эми үчүнчү бала Оммдурмандын Аль-Балак ооруканасында тогуз күн бою жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан каза болгон (Судан Трибюн, 2025-ж. 5-август).

Тилекке каршы, эмдөөдөн улам балдар каза болуп жатканы биринчи жолу болуп жаткан жок, акыркы да болбойт. Балдарыбызга сайылып жаткан бул уулардын эмне экенин жана алардын кооптуулугун аныктоо ордуна, ага эшиктер толук ачып берилүүдө. Ал эми Судан элинин бөбөктөрү өлүп жатканы эч кимди кызыктырбайт!

Бул трагедия ошол эле учурда Саламаттыкты сактоо министринин БУУнун Балдарды коргоо агенттигинин (ЮНИСЕФ) аймактык директору менен жолугушуусу менен дал келди. Анда агенттиктин балдар, эмдөөлөр, вакциналарды жеткирүү жана эпидемияларга каршы күрөш боюнча ишмердүүлүгү талкууланды. Министрдин айтымында, ЮНИСЕФ Дүйнөлүк банк, глобалдык колдоо программалары жана Глобалдык вакцина альянсы сыяктуу өнөктөштөрдүн ишенимине ээ болуп, Суданда долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 200 миллион доллардан ашык каражат алууга жетишкен.

Судан элинин балдары жана алардын айланасында болуп жаткан окуялар бул коркок өкмөттүн мойнундагы жоопкерчилик. Бул өкмөт алардын өмүрүн динсиз, ахлаксыз, эч кандай адамдык баалуулугу жок капиталисттик уюмдар менен соодалап жатат. Алар үчүн ал пайда балдардын сөөгүнүн үстүндө болсо да, бардык нерсе өздөрүнө тийгизген пайдасына жараша бааланат. Бул Газа балдарынын ачкадан өлүшүндөй эле көрүнүш, ошол учурда бул уюмдар болгону карап турушат. Андан мурда Сирия, Ирак, Йемен балдарынын трагедиялары болду, тизме мындан да узун! Эми кантип биз бул өлүм уюмдарына ишенебиз? Алар «инсаният» деген шылтоо менен пландарын ишке ашырып, кожоюнсуз жана коргоочусуз калган адамдарга вакциналарды сынап жатышат!

Ал эми Аллах Таала Өзүнүн Куран китебинде каапырлар бизге душман экенин өкүм кылды. Анда кантип биз аларга жана алардын балдарыбызга карата иштерине ишенебиз?!

Мусулмандардын балдарын бул алсыз режимдер катышкан кутумдардан ким коргойт? Ким кутумчулардын колун кесет? Ким алардын келечегин коргоп, аларга жакшы жашоо, бейпил турмуш, таза чөйрө жана жарык келечек камсыз кылат? Албетте, бул милдетти аткара ала турган жалгыз тарап Халифалык мамлекети.

Халифалык доорунда халифа Умар ибн аль-Хаттаб (р.а.) бир гана ыйлаган бала үчүн өзү барып, анын себебин сураган. Баласын эмизүүнү токтоткусу келген энеси бар экенин угуп, ага Байт-ул-Малдан жардам берүүнү буйруган.  Эртең менен багымдат намазын окуганда сахабалар Умар (р.а) катуу ыйлагандыгынан улам анын Куранды даана окуй албай калганын көрүшкөн, ошондо Умар (р.а.) мындай деген: «Мусулмандардын балдарын өлтүргөн өмүрүңөргө каргыш болсун!»

Эй мусулмандар! Камкор халифа менен мусулмандардын балдарын душманыңарга тапшырып жаткан  бүгүнкү агент-өкүмдарларыңар ортосундагы асман менен жердей айырмачылыкты көрбөй жатасыңарбы?! Билип койгула, эгер  парздардын таажысы болгон Халифалыкты орнотуу үчүн аракет кылбасаңар, Аллах Субханаху ва Тааланын алдында жоопкерчилигиңерден кутула албайсыңар.

Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий өкүлү

07.08.2025

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button