Эй адамдар! Ушул өкүмдарлардан жана рувайбиза саясатчылардан дагы эле жакшылык күтүп жатасыңарбы?!

Басма сөз баянаты
Эй адамдар! Ушул өкүмдарлардан жана рувайбиза саясатчылардан дагы эле жакшылык күтүп жатасыңарбы?!
Дүйнөлүк колонизатор күч болгон Америка Кошмо Штаттарынын эшигинде кезек талашып, өз ара жарышып жаткан ач көз демократиялык саясий катмарлардын аракети буга чейин болуп көрбөгөн абал. Пайгамбарыбызﷺ “إِذَا لَمْ تَسْتَحْيِ فَاصْنَعْ مَا شِئْتَ” :
“Эгер уятың болбосо, каалаганыңды кыл” – деп айтканын Бухари риваят кылган. Бул сөз азыркы убактылуу өкмөт менен демократиялык саясий катмарларга толук ылайык келет. Анткени алар элдин үмүт-тилектерин эске албай, бийликке болгон ач көздүктө жана кафир колонизатор Америкага берилгендикти көрсөтүүдө атаандашууда. Эл болсо бул саясий маскаралыктан тажап, ошол эле учурда чоң тынчсызданууга түштү.
Коррупциялык саясатка жана бийликтегилердин зулумдугуна, Америкага, Британияга жана Индияга кул болууга, ошондой эле Хасинанын он беш жарым жыл бою жүргүзгөн исламга каршы согушуна каршы көтөрүлүп чыгып, секуляризмдин кылычы болгон Авами Лига партиясынын бийлигин өткөн жылдын июль айындагы көтөрүлүштө кулаткан адамдар, бүгүн ошол эле шордуу саясаттын кайра кайтып келишин көрүп турушат.
“Июль жарыясы” элдин мойнуна ондогон жылдардан бери илинип турган ишке жарабаган капиталисттик секулярдык түзүмдү сактап калуудан башка нерсе болгон жок. Ал эми сунушталган “Июль документи” болсо, өлкө ичинде Америка үстөмдүгүн орнотуу үчүн саясий келишим аркылуу саясий партиялар менен алардын агенттери ортосунда бийликти бөлүштүрүү максатында келтирилди. Мындай уятсыз өкүмдарлардан жана саясатчылардан эмнени күтсө болот?!
Залым Хасина кулагандан кийин эл профессор Юнус дүйнөлүк деңгээлде кабыл алынган аброюн пайдаланып, Америка, Британия жана Индиянын үстөмдүгүнө каршы таасирдүү кадамдарды таштайт деп үмүт кылышкан. Ал өлкөдө элге жаңы саясий келишимди түзүүгө шарт түзүп бере турган саясий чөйрөнү калыптандыра алмак. Ошондо жаңы Бангладеште исламдын жана элдин кызыкчылыктарын, өлкөнүн эгемендүүлүгүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болмок. Бирок өлкө калкынын көпчүлүгү мусулман болгонуна карабастан, убактылуу өкмөт Исламды саясий келишимдерден четтетүүнү улантты. Хасинанын “Хизб ут-Тахрирге” салган тыюусун алып салган жок, тескерисинче бул маселеде да Америка менен Индияга баш ийди.
Ошого карабастан, Хизб ут-Тахрир өзүнүн онлайн конференциялары аркылуу исламий мамлекеттин түзүлүшүн, өзүн-өзү камсыз кыла турган экономика куруунун жолун жана өлкөнүн эгемендүүлүгүн коргой турган күчтүү аскерий күч түзүүнү сунуш кылды. Булардын баары исламий конституциянын негизинде жаңы Бангладештеги элдин үмүт-тилектерин ишке ашыруу үчүн көрсөтүлдү. Ошондой эле “Революциялар кантип жеңилет?” аттуу конференция да алардын бири болуп, саясий аң-сезим деңгээлин көтөрдү. Бирок исламды, элдин кызыкчылыктарын жана өлкөнүн эгемендүүлүгүн коргоо үчүн бул сунуштарды кабыл алуунун ордуна, убактылуу өкмөт исламды сүйгөн элди жана Хизб ут-Тахрирди кысымга алуу саясатын улантты.
Бул өлкөнүн элин бириктирүү ислам акыйдасынын негизинде гана мүмкүн. Ошого карабастан, биз бир исламий партия башка секулярдык партия менен (Бангладеш улуттук партиясы) союз түзүп, экөө тең Америкага ислам түзүмүнүн – Халифалыктын – көтөрүлүшүнө каршы турууга убада берип жатышканын көрүп турабыз. Мындай абал менен алар Америкага кулдук кылуу саясатына биригишти жана исламды сүйгөн эл менен болгон байланышын үзүштү.
Пайгамбарыбыз ﷺ мындай өкүмдарлар жана саясатчылар тууралуу эскертип айткан:
«سَيَأْتِي عَلَى النَّاسِ سَنَوَاتٌ خَدَّاعَةٌ، يُصَدَّقُ فِيهَا الْكَاذِبُ، وَيُكَذَّبُ فِيهَا الصَّادِقُ، وَيُؤْتَمَنُ فِيهَا الْخَائِنُ، وَيُخَوَّنُ فِيهَا الْأَمِينُ، وَيَنْطِقُ فِيهَا الرُّوَيْبِضَةُ»
قِيلَ: وَمَا الرُّوَيْبِضَةُ؟ قَالَ: «الرَّجُلُ التَّافِهُ يَتَكَلَّمُ فِي أَمْرِ الْعَامَّةِ»
(رواه ابن ماجه).
“Элге алданып калуучу жылдар келет: ал жылдарда жалганчы чынчылга, чынчыл жалганчыга айланат. Ал жылдарда рувайбизалар сөз сүйлөйт. Сахабалар: “Рувайбизалар ким?” – деп сурашты. Пайгамбарыбыз ﷺ : “Элдин иштеринде сүйлөгөн акмак ыплас адам”, – деп жооп берди.
Ошондуктан эл бул наадандардын, алсыз өкүмдарлар менен саясатчылардын айланасынан арылуу зарыл. Анткени алар Американын кызыкчылыктарын жан талашып көздөп жатышат, ал эми үммөттүн иштерин башкарууда жана алардын акы-укуктарын сактоодо катаал кыянатчылык кылышууда.
Эй адамдар! Жетишет! Эми алдыга кадам таштоонун убагы келди. Аллах Таала айтат:
﴿إِنَّ اللَّهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّىٰ يُغَيِّرُوا مَا بِأَنفُسِهِمْ﴾
Аныгында бир коом тээ өздөрүн өзгөртүшмөйүнчө Алла алардын акыбалын өзгөртпөйт. (Раʻд: 11).
Силер Америкага кулдук саясатынан баш тартып жана ислам негизинде биригишиңер зарыл. Акыркы башпаанегиңер – аскердеги ихлас уулдарыңар. Силер алардан бийликти Хизб ут-Тахрирге өткөрүп берип, Нубувват минхажы боюнча Халифалыкты тикелөөнү ачык талап кылышыңар керек.
Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
«Андан кийин пайгамбарлык минхажы негизинде Халифалык болот» (Ахмад риваяты).
Бул хадистен эки нерсе айкын көрүнүп турат: биринчиси – пайгамбарлык минхажы боюнча Халифалыктын кайра кайтып келиши жөнүндө сүйүнчү кабар. Экинчиси – азыркы жапайы бийлик аягына чыгып, Аллахтын каалоосу менен жакын арада күтүлгөн Халифалыктын тикелениши.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تَنصُرُوا اللَّهَ يَنصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾
“Эй момундар, эгер силер Аллага жардам берсеңер (тактап айтканда Анын жолунда жихад кылсаңар), Ал Зат да силерге жардам берет жана согуш майданында кадамдарыңарды бекем, туруктуу кылат”. (Мухаммад: 7).
Хизб ут-Тахрирдин Бангладештеги маалымат бөлүмү
15.08.2025