Элдин коопсуздугу үчүн жооптуу адам өзү кантип коопсуздук издеп качат?!

Басма сөз баянаты
Элдин коопсуздугу үчүн жооптуу адам өзү кантип коопсуздук издеп качат?!
Судан жаңылыктары «Дарфур 24» сайтында мындай аталыштагы маалымат чыкты:
«Координацияланган чегинүүбү же кулашыбы?! Армиянын жана биргелешкен күчтөрдүн жетекчилери менен бирге түндүк Дарфурдун губернатору жана башка аткаминерлер Фашердин кулашынан эки күн мурда чыгып кетишкен».
Маалыматта мындай делет: «Түндүк Дарфурдун эки булагы «Дарфур 24» сайтына билдиргендей, армия жетекчилери, биргелешкен күчтөрдүн айрым мүчөлөрү жана түндүк Дарфурдун губернатору Хафиз Бухийт, анын өкмөтүнүн бир катар мүчөлөрү менен кошо, Ыкчам колдоо күчтөрү Фашердеги 6-пехота дивизиясынын штабын толук көзөмөлгө алганы жарыяланардан эки күн мурда шаардан чыгып кетишкен».
Бул кабарды армия башчысы Бурхан өз сөзүндө да ырастады: «Баары Фашерде эмне болгонуна көз салып турат. Ал жактагы жетекчилик, анын ичинде коопсуздук комитети, шаар системалуу түрдө кыйратылып, жай жарандар кыргынга учурап жатканын көрүп, шаарды таштап, коопсуз жерге кетүү керек деген чечимге келишти. Муну менен алар калган жарандарды жана шаарды кыйроодон сактап калууну каалашкан», — деди.
Анда эмне болду? Бул чегинүүдөн кийин элди системалуу өлтүрүүдөн сактап калыштыбы? Жооп жок. Бүткүл дүйнө Ыкчам колдоо күчтөрү өздөрү тартып тараткан видеолордон көргөндөй, чыныгы кыргын дал ушул армиянын жана биргелешкен күчтөрдүн жетекчилери менен аткаминерлер чегингенден кийин башталган. Фашерден келген кабарларда Ыкчам колдоо күчтөрү тарабынан кеңири талаа түрүндө атылган жазалоолор, бул согуштун эң чоң өч алуу операцияларынын бири катары сүрөттөлөт. Аялдар да, кары эркектер да бул кыргындан аман калган жок. Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча отчетторуна ылайык, түндүк Дарфурда болжол менен 1850 жай тургун өлтүрүлгөн, алардын кеминде 1350 адам Фашердин өзүндө. Отчетто байланыштын жоктугунан бул сандар чындыктын өзүн толук чагылдырбай турганы да белгиленет. Кайра качууга аракет кылган жарандардын атылып өлтүрүлгөнү, этникалык мотивдер байкалганы, согуш иш-аракеттерине мурда катышкан, бирок кийин катышпай калган адамдар бутага айлангандыгы да көрсөтүлгөн. БУУ алган көп видеолордо жаракат алган адамдардын ондогон топтору Ыкчам колдоо күчтөрүнүн жоокерлери тарабынан аткыланып же өлүп жаткан абалда жерде жатканы байкалат.
Биз, Хизб ут-Тахрир / Судан вилаяты, бул жийиркеничтүү мыкаачылыкты жасаган Ыкчам колдоо күчтөрүнүн жетекчилерин жана жоокерлерин жооптуу деп эсептейбиз жана аларга Аллах Тааланын бул аятын эске салабыз:
﴿وَمَن يَقْتُلْ مُؤْمِناً مُّتَعَمِّداً فَجَزَاؤُهُ جَهَنَّمُ خَالِداً فِيهَا وَغَضِبَ اللَّهُ عَلَيْهِ وَلَعَنَهُ وَأَعَدَّ لَهُ عَذَاباً عَظِيماً﴾
«Ким атайылап бир момунду өлтүрсө, анынжазасытозок, ошол жайда түбөлүккалат. Дагы ал Алланын азабына жана каргышынадуушар болот.Алла ал үчүн чоң азапты даярдап койгон». (Ниса: 93).
Ошондой эле, биз өкмөттү Фашер элине жардам берүүнү жана аларды курчоону алып салууну кечеңдеткени үчүн жооптуу деп эсептейбиз. Алар муну кыла алышат, бирок Фашер кулаганга чейин колдорун кармап, алардын мындай кылуусуна тоскоол болгондор бар! Америка Фашердин кулашын күтүп турган, анткени ал Ыкчам колдоо күчтөрүнө шаарды курчоого жана ага кол салууга «жашыл жарык» берген. Алар шаарга 268ден ашуун жолу чабуул жасагандан кийин, шаар акыры кулады. Ошондо Трамптын Жакынкы Чыгыш жана Африка боюнча кеңешчиси Масад Булус фашерде болуп жаткан окуялар тууралуу мындай деген: «Болгон нерсе таң калычтуу эмес!»
Бирок биз аларга айтабыз, жетекчи коопсуздук издеп качып кетпейт, өзүнүн кол алдындагылардын жана жарандардын коопсуздугу үчүн жооптуу болуп туруп, аларды куралсыз абалда таштап кетпейт. Кандайча жетекчилер жана жооптуу адамдар согушкерлерди жана жөнөкөй адамдарды кыргын жана зомбулук машиналарынын алдында калтырып кетишет?! Ыкчам колдоо күчтөрүнүн тарыхы өлтүрүү, сүйрөө, зордуктоо жана бардык ыплас иштер менен байланышкан. Андай болсо, адамдарды тагдырын билип туруп таштап кетүүнү кандай атоо керек?!
Исламда жетекчи эч качан качпайт. Бизге муну Пайгамбарыбыз ﷺ үйрөткөн, ал эң мыкты үлгү болгон:
﴿لَّقَدْ كَانَ لَكُمْ فِي رَسُولِ اللَّهِ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ لِّمَن كَانَ يَرْجُو اللَّهَ وَالْيَوْمَ الْآخِرَ وَذَكَرَ اللَّهَ كَثِيراً﴾
«(Эй момундар), силер үчүн – Алла жана Акырет күнүнөн үмүткөр болгон, ошондой эле Алланы көп жат кылган кишилер үчүн Алланын пайгамбарын (ыйман – ишеними жана кулк мүнөзүн) дө көркөм өрнөк бар» (Ахзаб: 21).
Хунайн күнүндө Пайгамбарыбыз ﷺ чоң кайраттуулук менен алдыга чыгып, коркунучка бетме-бет турган. Ошол маалда согуш абдан катуу жүрүп, мусулмандар чегине башташкан эле. Бирок Ал ﷺ бекем туруп, аларды чакырып турду, алар кайтып келишип, акыры жеңишке жетишкен. Эй Фашер эли, эй Судан эли, жана бардык жердеги мусулмандар! Бизге Пайгамбарыбыз ﷺ сыяктуу жетекчи керек. Бизди Аллахтын Китеби жана Анын Элчисинин ﷺ Сүннөтү менен башкарган, өмүрүбүздү сактаган, ар-намысыбызды коргогон халифа керек. Бул болсо биз аны табууга аракет кылмайынча болбойт. Андай жетекчилик Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб ут-Тахрир менен олуттуу иштөө аркылуу гана келет.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾
“Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла жана билип койгула, албетте, Алла ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат жана Анын алдына топтолосуңар”. (Анфал: 24)
Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы маалымат бөлүмү
29.10.25




