Эл аралык валюта фонду Йемендин экономикасын муунтуп, биздин экономикалык байлыктарыбызды ээлеп алуу үчүн колун сунууда

Басма сөз баянаты
Эл аралык валюта фонду Йемендин экономикасын муунтуп, биздин экономикалык байлыктарыбызды ээлеп алуу үчүн колун сунууда
Адендеги Борбордук банктын жетекчиси Ахмед ал-Маабкий 2025-жылдын 15-октябрында АКШнын борбору Вашингтондо Эл аралык валюта фондунун Йемен боюнча миссиясынын жетекчиси Эстер Перес Руис жана Фонддун өкүлү Мухаммад Мааит менен жолукту. Жолугушууга Каржы министринин орун басары Хани Вахаб жана Каржы министрлигинин жардамчы өкүлү Абдулкадир Амин катышышты. Анын артынан Йемендин Дүйнөлүк банк тобундагы өкүлү да болгон Пландаштыруу жана эл аралык кызматташтык министри Уаид Базиб Ортоңку Чыгыш боюнча Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) вице-президенти Рикардо Полити менен жолукту. Жолугушууга Пландаштыруунун орун басары Низар Басхайб, Каржы министринин орун басары Хани Вахаб, Каржы министрлигинин өкүлү Абдулкадир Амин катышып, ошондой эле Дүйнөлүк банктын Ортоңку Чыгыш боюнча аймактык директору Стефан Гимберт жана Дүйнөлүк банктын Йемендеги директору Дина Абу Гайда катышты.
Бул эки жолугушуу 2025-жылдын 8–9-октябрында Амманда Фонд миссиясы менен Аден өкмөтүнүн премьер-министри Салим Салех бин Брейк жана Аден Борбордук банкынын жетекчиси Ахмед ал-Маабкий ортосунда өткөн «Йемен менен Фонддун IV беренеси боюнча консультацияларына» жана алардын жыйынтык декларациясын чыгарууга даярдык иретинде болду.
Биринчи жолугушуунун максаты — Фонддун 2014-жылдан бери үзгүлтүккө учураган пландарын жана программаларын Йеменде кантип улантуу маселесин талкуулоо эле. Ошондой эле ал Фонддун техникалык жана кеңешчи ролун — улуттук валютанын калыбына келишине колдоо көрсөтүү үчүн алмашуу курсун туруктуу кармоо, чет элдик резервдердин деңгээлин камсыз кылуу, өлкөдөгү каржылык туруктуулукту чыңдоо — каржылык жана акча-кредиттик реформанын аткаруу планы аркылуу жана чет элдик насыялардын агымын камсыз кылуу үчүн реформаларды улантуу сыяктуу багыттарда карады. Эстер Перес Руис буларды «каржылык жана административдик реформаларга олуттуу милдеттенме» деп баалады.
Экинчи жолугушуу болсо — эң кооптуусу — Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) инвестициялык терезеси аркылуу «чет элдик жеке сектор» өңүтүндө Йеменге жашыруун жол менен кирип баруусун жеңилдетүүнү сунуштоо үчүн болду. Азыр бул терезе тамак-аш жана саламаттык сактоо тармактарында болгону 15,9 миллион долларлык чакан сумма менен иштеп жатат. Бирок анын көздөгөнү — балык чарбачылыгы, телекоммуникациялар жана деңиз алдындагы кабелдер, электр сатуучу долбоорлор жана акыры мунай кендерине чейин жетүү.
Өкмөттүк делегация Вашингтонго учаардан мурун, колонизатор эки мамлекеттин элчи айымдары — Британиянын Абда Шариф жана Франциянын Катрин Курм Камун — Амманда Йемен делегациясы менен ар башка эки жолугушуу өткөрүп, өлкөлөрүнүн «кызматтарын» сунуштап, Йемендеги «туруктуулук жана өнүгүү» аракеттерин колдоорун билдиришти. Өкмөттүк делегация болсо жагалданып көрсөтмөлөрдү кабыл алды. Бул болсо агент башкаруучулар үчүн таң калычтуу нерсе эмес.
2025-жылдын башынан 31-июлга чейин созулган каргашалуу экономикалык кыйроо Эл аралык валюта фондунун программалары менен түздөн-түз байланыштуу эмеспи? Ага барып жалынбасаң, Фонд сен өз экономикаңды анын программаларына жана капиталисттик системасына байлап койгондугуң үчүн, экономикаңды талкалайт. Бул чындыкты түшүнүү үчүн Жон Перкинстин «Улуттардын экономикалык өлтүрүлүшү» аттуу китебин окугула: анда бул пландарын жана аларды ишке ашыруучу услубдар кандай экенин баяндайт.
Йемен экономикасын капиталисттик экономикага бекем байлап койгон «үч каргашалуу бекет» ушулар болду: 1975-жылы Дүйнөлүк банк Санадагы Борбордук банктын ичинде жашыруун кеңсе ачкан учур; 1995-жылы Дүйнөлүк банк каржылык-административдик реформаларды таңуулаган учур; 2011-жылы Эл аралык валюта фонду кирип келген учур. Бул аркылуу Йеменге чоң жамандык алып келинди. Анын түбөлүккө сакталышын көздөгөн бул камыттан кутулуу Йемен элинин мойнундагы милдет. Капиталисттик түзүм Йеменде жана калган мусулман өлкөлөрүндө үстүбүзгө колдонулар экен, биз бул каргашалуу абалдан чыкпайбыз, тескерисинче, күн сайын жаңы кризиске кирип бара беребиз.
Ишеним ээси элдин экономикалык бакыт-берекеси саясий-коомдук турмуштун, эл аралык мамилелердин жана башка бардык иштердин түзөлүшү менен кошо, Ислам менен башкарууда — пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкта болот. Бул жалгыз түпкү чечим. Тилекке каршы, бул чечим үммөттүн бардык катмарлары үчүн дайыма көңүл борборунда болбой келет. Ал эми Хизб ут-Тахрир ушул үчүн иштеп жатат. Биз чарчабастан, тайманбастан, адамдарга аны түшүндүрүүнү уланта беребиз.
﴿هَذَا بَيَانٌ لِّلنَّاسِ وَهُدًى وَمَوْعِظَةٌ لِّلْمُتَّقِينَ﴾
«(Куран) Адамдар үчүн Туура Жолду баян кылуучу жана такыбаа ээлери үчүн хидаят жана насаат.» (Али Имран: 138).
Хизб ут-Тахрирдин Йемен вилаятындагы маалымат бөлүмү
15.10.2025




