Яхудий түзүмү – колонизаторлук долбоор, ал эми Голландия анын тиреги

Басма сөз баянаты
Яхудий түзүмү – колонизаторлук долбоор, ал эми Голландия анын тиреги
Массалык маалымат каражаттары «Социалдык келишим» партиясынын өкмөттөн чыгышын мабдаий кадам катары көрсөтүүгө шашты. Кыязы, партия Газадагы палестиналыктардын коркунучтуу азап-тозокторунан улам өз саясатын түп-тамыры менен таштап кеткендей көрүнөт! Бирок бул туура эмес түшүнүк, алардын кетиши ахлакый ачууланууну билдиргендиктен эмес, саясий эсептердин натыйжасы болду. Бул «Социалдык келишим» партиясын колонизатордук долбоору болгон яхудий түзүмүнөн ажыратып койгон жок, тескерисинче, алардын ага канчалык тыгыз байланышкандыгын ачып көрсөттү.
Яхудий түзүмү башталышынан тартып эле колонизатордук долбоор болуп келген жана ал мусулман жерлериринин жүрөгүнө отургузулган. Ал бул аймакты бөлүп-жарып, алсыратуу үчүн түзүлгөн жана азыр да Батыштын кызыкчылыктары үчүн колонизатордук курал катары кызмат кылууда. Голландия болсо ондогон жылдардан бери бул долбоордун бир бөлүгү болуп келген. Эркиндик жана демократия үчүн элдик партиябы, дыйкандар кыймылыбы, же Улуттук коопсуздук кеңешиби айырмасыз, алардын бардыгы яхудий түзүмүн мамлекет катары таанып, колдоп келишет. Ошентип, алар палестин элин бир кылымдан ашык эзип келген колонизатордук долбоорду да колдоп келишет.
Азыркы өкмөт менен Улуттук коопсуздук кеңешинин айырмасы болгону формада гана. Коалиция Нетаньяхунун геноцид саясатын ачык колдоп жатса, Улуттук коопсуздук кеңеши аны түзүлгөн күндөн тартып эле унчукпай кабыл алып келген. Алардын көйгөйү эч качан баскынчылык, геноцид же колонизатордук вакыйлыктын өзү менен болгон эмес. Тескерисинче, коргонууга мүмкүн болбогон Натаньяхунун саясаттагы ыкмаларын колдоп келишкен. Ошондуктан алардын кетиши Газаны колдоо үчүн эмес, төмөнкү үч эсептен улам болду:
- Эл аралык басым – БУУ геноцид тууралуу ачык айткандан соң.
- Ички басым – Гаагадагы массалык нааразылык акцияларынан кийин.
- Шайлоо коркунучу – тарыхтын «кара кагазына» түшүп калуудан корккондугу үчүн.
Палестиналыктар үчүн эч нерсе өзгөргөн жок. Азап-тозок дээрлик эки жылдан бери уланууда: он миңдеген адамдар өлтүрүлдү, балдар ачарчылыктан кыйналып жатат, бүтүндөй шаарлар урандыларга айланды. Улуттук коопсуздук кеңеши болсо карап гана туруп, унчукпай келди. Алар өз ойлорун билдирген учур – зулум башталганда эмес, саясий жактан аны улантуу мүмкүн болбой калган маалда гана болду.
Булардын баары Голландия яхудий түзүмүнүн убактылуу союздашы гана эмес, тескерисинче, Батыштын кеңири колонизатордук долбоорундагы активдүү тирек экенин көрсөтүп турат. Яхудий түзүмү жолунан адашкан кадимки мамлекет эмес, ал башынан тартып эле колонизатордук логиканы чагылдырган долбоор болгон. Голландиядагы партиялар бул долбоорду таанып, колдогон болсо, геноциддин улануусунда алар да күнөөкөр жана шерик болушат.
Ошондуктан Газаны эч качан Гаагадагы, Брюсселдеги, Вашингтондогу батыш лидерлеринин «ырайымы» деп аталган ураандар бошотпойт. Анткени бул өкмөттөр бейтарап эмес, алар – мусулмандардын жериндеги яхудий түзүмү аркылуу көрүнүп турган колонизатордук түзүлүштүн инженерлери жана сакчылары.
Чыныгы боштондук мусулмандардын өздөрү бул долбоорду четке какканда жана биримдикке келгенде гана келет. Үммөт кайрадан биримдигин калыбына келтирип, Батышка баш ийбеген, тескерисинче, Исламга ылайык иштеген өзүнүн саясий бийлигин орноткондо гана Палестина бошотулат. Ошол кезде гана адамзаттын калган бөлүгү да капитализмдин жана колонизатордук үстөмдүктүн оор жүгүнөн кутулат.
Окай Балай
Хизб-ут-Тахрирдин Голландиядагы өкүлү
24.08.2025