
Рамазан рубрикасы: Ижтимаий түзүм
Батыштагы ижтимаий институттардын кулашы
Батыш Европа өлкөлөрүндө жана АКШда үй-бүлөлүк институттун кыйрашы, билдирүүлөрдө айтылып жаткандай убактылуу кризис эмес, бул туруктуу идеологиялык кыйроо. XX кылымдын ортосунда нике кандайдыр бир деңгээлде социалдык ченем катары кабыл алынып, кандайдыр бир милдеттенмелерди түшүндүрсө, бүгүнкү күндө ал каалаган убакта же «канааттанбаса» бузууга мүмкүн болгон жеке кызыкчылыкка айланды. АКШда алгачкы кыйылган никенин болжол менен 40–45 пайызы ажырашуу менен аяктоодо. Европанын бир катар өлкөлөрүндө, баш кошуулардын дээрлик жарымы бузулууда. Францияда балдардын 60 пайыздан ашыгы, расмий эмес никеден төрөлүүдө. Ал эми, Швецияда балдардын жарымынан көбү жана Германияда үчтөн биринен ашыгы никесиз катталууда. Бул абал бүгүнкү күндө кадимки көрүнүшкө айланып калды.
Мунун натыйжасы анык, расмий маалыматтарга ылайык, Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдө төрөттүн жалпы көрсөткүчү 1,3–1,6 коэффициенттин тегерегинде араң кармалып турат. Италияда жана Испанияда бул көрсөткүч 1,2ге чейин түшүп кеткен. Ал эми калктын саны туруктуу сакталышы үчүн жаңы төрөлгөндөрдүн деңгээли 2,1 коэфиценттен кем болбошу шарт. Бул көрсөткүчтөр, ар бир кийинки муун сан жагынан мурункусунан аз болуп жатканын ачыктайт. Тактап айтканда, учурдагы система өзүн-өзү кайра толуктай албай калды.
Бирок, демография бул маселенин үстүртөн гана көрүнгөн тарабы. АКШда балдардын 20 пайыздан ашыгы атасы жок үй-бүлөлөрдө жашашат. Ондогон жылдар бою жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, толук эмес үй-бүлөлөр жакырчылыкка, мектептеги ийгиликсиздикке жана жүрүм-турум көйгөйлөрүнө көбүрөөк дуушар болушат. Үй-бүлөлөрдүн бузулушу массалык мүнөзгө ээ болгондо, бул «жеке трагедия» эле болуп калбастан, өсүп келе жаткан муун үчүн адаттагы системалуу абалга айланат.
Ошону менен бирге, коомдук деңгээлде, айрыкча өспүрүмдөрдүн сексуалдык тажрыйбага эрте аралашуусу да Батыш дүйнөсүндө чоң көйгөй. Бир катар Батыш өлкөлөрүндө, алгачкы сексуалдык тажрыйбанын орточо курагы 16–17 жашка чейин төмөндөдү. Санариптик порнографиянын жайылышы, жашы жете электер үчүн ага жетүү мүмкүнчүлүгүн ачты. Интимдик мамилелер жоопкерчиликтен ажыраган мындай маданиятта, албетте, эң биринчи болуп, жаш өспүрүмдөр соккуга дуушар болот.
Дагы бир байкалбаган, бирок кыйратуучу көйгөй карылардын жалгыз калуусу. Батыш Европа өлкөлөрүндө, үй чарбаларынын 30 пайыздан ашыгы бир эле адамдын карамагында турат. Ири шаарларда бул көрсөткүч кыйла жогору. Кары-картаңдардын көпчүлүгү балдарынан бөлөк жашашат. Германияда жана Францияда миллиондогон пенсионерлер жалгыздыкта күн кечиришет. Социалдык кызматтар, «карылардын социалдык обочолонуусун» барган сайын көбүрөөк каттоодо.
Ажырашуу маданиятында өскөн муун, карылыкка жеткенде, айланасында эч кандай туруктуу үй-бүлөлүк байланыштар жок экенин байкайт. Бактысыз карылык өзгөчө учур эмес, тескерисинче, массалык көрүнүшкө айланууда. Ошону менен бирге, улуу муунга болгон мамиле да өзгөрдү. Үй-бүлө баалуулугу жоголгон жерде муундардын ортосундагы сый да жоголот. Ата-эненин кадыр-баркы боштукка айланат. Эгерде ата-энелердин никеси оңой эле бузулса, эгерде атасы же энеси баланын күнүмдүк жашоосунан жоголуп кетсе, улгайгандарды сыйлоо туруктуу ченем катары калыптанбай калат.
Мунун баары таң калычтуу кубулуштар эмес, тескерисинче, капиталисттик түзүмдүн кесепети жана жоопкерчиликти ыңгайлуулук менен алмаштыруу түшүнүгүнөн келип чыгууда.
Мамлекеттер бул идеологиялык көйгөйдү жашыруу максатында колдоо программаларын киргизүүгө, социалдык кызматтарды кеңейтүүгө аракет кылышууда. Бирок бул аракеттер ишенимден кеткен жана узак убакыттан бери жоголгон моралдык баалуулуктарды калыбына келтирүүгө кудурети жетпейт. Төрөттү материалдык жактан стимулдаштыруу мүмкүн, бирок биргелешкен жашоодогу курмандыкка баруу баалуулугун, административдик жол менен кайтаруу мүмкүн эмес.
Бүгүнкү күндө демографиялык төмөндөө, карылардын жалгыздыгы, толук эмес үй-бүлөлөрдүн көбөйүшү жана өспүрүмдөрдүн сексуалдык жашоого эрте аралашуусу, мунун баары биригип жалпы көрүнүштү ачык көрсөтөт. Андыктан, бул көйгөйдү «көрсөткүчтөрдү өзгөртүп» көрсөтүүчү терминдер менен жашыруу мүмкүн эмес.
Муундарга таасирин тийгизген мындай көрүнүш бул процесстин артка кайткыс экендигинин белгиси. Туруксуз үй-бүлөлөрдө өскөн балдар чоңойгондо кайрадан туруксуз жашоону кайталашынын ыктымалы чоң. Дал ушундан улам, негизги көйгөйлөр чечилбестен туюк айлампага айланып калууда.
Милдеттенме алуу маданиятын жоготкон коом, бара-бара өзүн-өзү кайра толуктоо, тагыраагы демографиялык, адеп-ахлактык жана муундар аралык байланыш жөндөмүнөн ажырайт. Ошентип, үй-бүлө институтунун кыйрашы жай жүрүп жаткандай көрүнгөнү менен, артка кайтпас мүнөздө ишке ашууда.
Батыш Европанын бир катар өлкөлөрүндө, статистика жаатында спекуляциялык маалыматтар байкалууда. Ал жерлерде жалпы улуттук көрсөткүчтөр дал ушул миграциялык абалдын эсебинен бир аз жогору болуп чыгууда. Германия, Франция жана Швеция сыяктуу өлкөлөрдө, жалпы төрөлгөн балдардын санына мусулман тектүү аялдардын кошкон салымы жогору. Айрым шаарларда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын үчтөн биринин ата-энесинин бирөөсү мигрант болуп саналат. Бул жөн эле баа берүү эмес, бул акыркы он жылдыктагы статистика.
Ошону менен бирге, демографиялык жагдайдагы айырмачылыктар да байкалууда. Сирия, Ирак, Ооганстан сыяктуу Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрүнөн келгендердин биринчи мууну, өздөрүн кабыл алган өлкөлөрдүн жергиликтүү калкына салыштырмалуу төрөттүн кыйла жогорку деңгээлин сактап калышууда. Жада калса бара-бара жергиликтүү коомго адаптация болгон күндө да, бул көрсөткүчтөр негизинен жергиликтүү европа калкынын орточо коэфицентинен жогору бойдон калууда.
Айырмачылык бир гана сандарда эмес, диний көз караштарда да кездешет. Жөнөкөй Исламий үй-бүлөлөрдө үй-бүлө мурдагыдай эле борбордук социалдык институт катары каралат. Ал эми нике, жетилген курактагы жашоонун милдеттүү баскычы катары каралат. Үй-бүлө куруу, бул жеке адамдын ийгиликке жетүүсүндөгү бир шарт эмес. Тескерисинче, бул кадимки эле социалдык муктаждык болуп саналат. Көп балалуу болуу, жашоо стандартынан четтөө дегенди түшүндүрбөйт, тескерисинче, ал ошол жашоо стандарттын жана бейпилдиктин далили.
Мына ушундан ачык-айкын айырмачылык байкалууда. Европа өлкөлөрү жекелик жашоону жактап, «эркин тандоонун» моделин алга сүргөнү менен иш жүзүндө өздөрүнүн демографиялык туруктуулугун баалуулуктарын үй-бүлөгө артыкчылык берген, диний ченемдер жана жоопкерчиликке негиздеген жамааттардын эсебинен кармап турушат. Эгерде Батыш өлкөлөрү капиталисттик негизди карманган бойдон кала берсе, анда салттуу үй-бүлө моделин карманган калктын үлүшү демографиялык алмашуу аркылуу өсө берет. Андыктан, маселе статистикада гана эмес, маданиятка байланыштуу. Демек, жакынкы келечекте, кайсы баалуулуктар системасы жашоого жөндөмдүү болуп чыгат? Өзүнүн санын толуктай албаган системабы? Же үй-бүлөнү социалдык түзүмдүн артыкчылыгына айландырган системабы?
Эгерде, капиталисттик жана исламий дүйнө караштын ортосуна графикалык чек сыза турган болсок, анда алардын ортосундагы айырмачылык тиричиликтеги майда нерселерде гана эмес, баалуулуктардын түпкү булагында экени байкалат.
Капиталисттик батыш модели, инсандын эркиндигине негизделет. Анда, нике бул тек гана тандоо. Үй-бүлөлүк турмуш, баркы жок бир көрүнүш жана аны каалаган убакта бузууга болот. Мамилелердин сакталышы адамдын көңүлүнө көз каранды. Мамлекет бул баш кошууга, ал ондогон жылдарга сакталабы же бир жылдан кийин бузулабы, айтор кайдыгер мамиле кылат. Бул системада ченемдер туруксуз, ал эми милдеттер шарттуу гана мүнөзгө ээ.
Ислам идеологиясында болсо, бардыгы башкача түзүлгөн. Үй-бүлө бул жеке кызыкчылык эмес, Жаратуучу тарабынан белгиленген тартип. Ыйык Куранда Аллах Таала мындай деп айткан: “Ага байыр алууңар үчүн өзүңөрдөн жубай жаратып, ортоңорго махабат жана мээримдүүлүк берип койгонунда – Анын белгилери бар.” (30:21).
Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в) сүннөтүндө, нике анын жолунун ажырагыс бөлүгү экени көрсөтүлгөн. Айтты: «Нике менин сүннөтүм; ким менин сүннөтүмдөн жүз үйрүсө, ал менден эмес».
Анас ибн Маликтен (р.а) төмөнкүдөй риваят кылынат: Үч киши Пайгамбарыбыздын ﷺ жубайларынын үйлөрүнө келип, анын ибадаты тууралуу сурашты. Ал жөнүндө айтып беришкенде, алар муну аз деп эсептегендей болушуп: «Биз кайда, Пайгамбар ﷺ кайда? Анын мурунку жана кийинки күнөөлөрү кечирилген да», – дешти. Алардын бири: «Мен түнү бою тынбай намаз окуп чыгам», – деди. Экинчиси: «Мен дайыма орозо кармайм жана аны эч качан калтырбайм», – деди. Үчүнчүсү: «Мен аялдардан оолак болом жана эч качан үйлөнбөйм», – деди. Пайгамбарыбыз ﷺ бул тууралуу билгенде, аларга келип: «Тигини жана муну айткан силерсиңерби? Аллахка ант ичем, мен силердин араңардагы Аллахтан эң көп коркконуңар жана эң такыбаңармын. Бирок мен орозо да кармайм, ооз да ачам, намаз да окуйм, эс алам жана аялдарга үйлөнөм. Ким менин сүннөтүмдөн жүз үйрүсө, ал менден эмес», – деп айтты.
Ажырашууга уруксат берилгени менен, Абу Дауддан жеткен хадисте ал «адал иштердин ичинен эң жагымсызы» деп аталган. Башкача айтканда, юридикалык жактан буга уруксат бар, бирок моралдык жактан жактырылбайт. Ошондуктан, үй-бүлөнүн бузулушу, бул бейтарап тандоо эмес, бул эң акыркы арга болуп саналат.
Исламда ата-энеге кам көрүү маселеси да чечкиндүү түрдө бекитилген. Алла Таала айтат: «Аларга (ата-энеңе) жада калса “уф” деп да айтпа» (Исро сүрөсү, 23-аят).
Бул жөн гана сый-урмат эмес, бул муундар арасында сый-урматты жана жоопкерчилик маданиятын калыптандырат. Исламда, карылык үй-бүлө андан кутула турган нерсе эмес, аны асыроо балдардын милдети жана үй-бүлөнүн ичинде багылат.
Исламда социалдык чөйрө жана аны жөнгө салуу ар дайым мамлекеттик деңгээлде бекитилип келген. Халифалыктын укуктук түзүмүндө, үй-бүлөлүк мамилелер теориялык жактан гана эмес, иш жүзүндө да Шарияттын практикалык ченемдери менен тартипке салынган. Үй-бүлөнү материалдык жактан камсыздоо, ажырашуу тартиби, мураскорлук – мунун бардыгы Жаратуучунун буйруктарына ылайык аткарылат. Бир нече муун бирдей коомдук жоопкерчиликте болгон. «Чоң үй-бүлө» кайсы бир элдин өзгөчөлүгү же этнографиялык көрүнүшү болгон эмес, тескерисинче, ал жашоодо колдонулган Ислам идеологиясынын натыйжасы болгон.
Жада калса бүгүнкү күндө да, Германия же Франциядагы миграциянын оор шартында, Сирия, Түркия же Мароккодон келгендер, төрөлүүнүн жогорку көрсөткүчүн жана эртерээк үй-бүлө курууга умтулушун көрсөтүп келишет. Мунун себеби тиричилик шарттарына гана барып такалбайт. Анын тамыры идеологиялык ишенимде катылган. Үй-бүлө куруу – бул коомдук максат жана милдет, ал эми тукум улоо ааламдардын Жаратуучусу болгон Аллага ибадат кылуунун бир бөлүгү. Дал ушул жерден эки дүйнө караштын айырмасы ачык көрүнөт. Капиталисттик акыйда, үй-бүлө институтун жеке инсандын канааттануусуна негиздеп коёт. Ислам акыйдасында болсо, бул иш белгиленген максат жана Жараткандын алдындагы жоопкерчилик катары бааланат. Капитализмдин өзүмчүлдүк жашоосунда нике ыңгайлуулук алып келбей калса, оңой эле токтотулушу мүмкүн. Ал эми Исламда үй-бүлөнү сактоо, жогорку милдетти аткаруунун шарты катары каралат. Ал милдет – тукумду улоо, өнүктүрүү жана өзүнүн Мээримдүү Жаратуучусуна моюн сунган өзгөчө коомду куруу. Ошондуктан, демографиялык жагдайдагы айырмачылык кокустук эмес жана ал статистикалык көрсөткүч болуп саналбайт. Ал үй-бүлө куруу жеке тандоонун гана бир түрү катары каралган жана жоопкерчилик мүнөзүн анык жогото турган эгоисттик капиталисттик акыйданын натыйжасы.
Ал эми Исламда, үй-бүлө идеологиялык тартиптин ажырагыс элементи болгондуктан, ал ар дайым артыкчылык катары кайра-кайра жаңылана берет. Мына дал ушул айырмачылыктан улам, үй-бүлө институтунун туруктуулугундагы айырма анык көрүнөт.
Латыфул Расых




