Батыштын чыныгы коркуусу: бирдиктүү Ислам дүйнөсү

Батыштын чыныгы коркуусу: бирдиктүү Ислам дүйнөсү
Жакында “Fox News” каналында Шон Хэннити менен болгон маегинде АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио «радикал Ислам», «жайылуучу Халифат» жана Батышка келүүчү коркунучтар тууралуу көнүмүш риториканы кайра жандантты. Анын билдирүүлөрү 11-сентябрь окуяларынан кийинки жыйырма жылдык билдирүүлөрдү гана чагылдырбастан, мындан да терең нерсени — бириккен жана күчтүү Ислам дүйнөсүнөн жашырын коркууну ачып берди.
Хэннити суроолорун Трамп коргоп келген «Америка биринчи» принцибинин алкагында койду. Рубионун жообун түшүнүү үчүн XXI кылымдын алгачкы он жылындагы неоконсерваторлор доорун эске салуу зарыл: ал кезде АКШнын тышкы саясаты басып кирүүлөргө, режимдерди алмаштырууга, мамлекет курууга жана Жакынкы Чыгышта демократияны жайылтууга багытталган. Бул иштер «либералдык тартипти бекемдөө» деген көшөгөнүн артында жүргүзүлүп, чыныгы максат АКШнын глобалдык таасирин кеңейтүү жана яхудий түзүмүнүн долбоорун жана анын аймактык үстөмдүгүн камсыз кылуу болгон.
Америка Иракта жана Афганистанда триллиондогон долларларды коротуп, акыры оор абалга кептелип, кордукка учурап, аягы жок согуштун айынан дүйнөлүк аброюн түшүрдү. Ошого карабастан, азыркы «Американы кайра улуу кылалы» деген ураан, Буш доорундагы неоконсерватордук ыкманы четке каккандай көрүнгөнү менен, ошол эле логиканы чагылдырат. Исламдан коркуу, «жайылуучу» исламий түзүлүштөрдөн коркуу, массалык кыргын салуучу куралдар тууралуу сөз кылуу, геосаясий атаандаштарды каралоо жана кийлигишүүгө коомдук колдоону жасалма түрдө түзүү. Жакында Венесуэла тууралуу колдонулган, анын өкмөтүн «Ислам радикализми» менен союздаш «террорчу баңгизат соодагерлери» менен байланыштырган тил – башка услуб алкагындагы, бирок ошол эле империалисттик максаттарды көздөгөн неоконсерватордук билдирүүлөрдүн айкын мисалы.
Рубио «радикал Исламды» дүйнөлүк үстөмдүккө умтулган революциялык күч катары сүрөттөп: «Алар эч качан өздөрүнүн кичинекей Халифаты менен чектелишпейт… кеңейүүнү каалашат… дагы көп аймактарды көзөмөлдөөнү каалашат… Батышка, АКШга жана Европага карата пландары бар…» — дейт. Бирок ал дүйнө жүзү боюнча 750дөн ашуун аскердик базасы бар, Японияда, Түштүк Кореяда, Германияда, Италияда жана мусулман өлкөлөрүндө миңдеген аскерлерин кармап турган АКШнын империалисттик эки жүздүүлүгүн, ошондой эле Ислам аймактарынын жүрөгүндө АКШнын алдыңкы операциялык базасы катары иш алып барган яхудий түзүмүнүн аймактык кеңейишин көрбөйт.
Ислам аймактарындагы Америка бийлигине каршылык
Ислам аймактарынын бардык бурчтарында Америка бийлигине болгон каршылык дайыма анын тышкы саясатына багытталып келген. Бул саясат авторитардык режимдерди бекемдейт же колдойт, төңкөрүштөрдү уюштурат, Ислам жерлерин басып алып бомбалайт, экономикалык санкцияларды киргизет, башкарууга кийлигишет, секуляризмди таңуулайт жана Исламга каршы турат. Бул саясаттардын топтолгон таасирин Афганистанда, Иракта, Ливияда, Пакистанда, Палестинада, Сомалиде, Суданда, Йемендe жана башка өлкөлөрдө ачык көрүүгө болот. Миңдеген адамдар өлтүрүлдү, миллиондор жер которду, инфраструктура талкаланды, экономика кыйрады. Бул — жөн гана абстракттуу ой-пикирлер эмес, күнүмдүк турмушта баштан кечирилген реалдуу чындыктар. Мындай натыйжаларга каршылыкты «эркиндикке» душмандык катары сүрөттөө — бул өзүн өзү алдоого негизделген жасалма чоңойтуу гана.
Халифалыкка каршы туруу
Бир кылымдан ашуун убакыттан бери Батыштын стратегиялык акыйдасы Халифалык аркылуу чагылдырылган бирдиктүү исламий саясий бийликтин кайра жаралышына туруктуу түрдө каршы чыгып келет. Бул каршылык жөн гана сакофий ыңгайсыздык же радикализмден коркуу менен түшүндүрүлбөйт, тескерисинче, геосаясий, экономикалык жана фикрий реалдуулуктардан келип чыгат. Тарыхта Халифалык ири держава катары иш алып барган, ал эми анын кулашы Ислам аймактарында Батыштын үстөмдүгүнө жол ачкан. Халифалыктын кайра тикелениши өзүнүн стратегиялык географиялык жайгашуусу, зор ресурстары, калкынын саны жана мабдаий көзкарандысыздыгы аркылуу азыркы дүйнөлүк тартипке олуттуу коркунуч туудурат.
Ислам аймактарындагы авторитардык режимдер Халифалыктын орношуна жол бербөө үчүн Батыш түзгөн пландын бир бөлүгү. Бул аймактардагы элдик нааразычылык жөн гана абстракттуу радикализмден эмес, тескерисинче, чет элдик колонизатордук көзөмөл тарабынан колдоого алынган авторитардык башкарууну баштан кечирген турмуштук тажрыйбадан келип чыгат.
Мындай шарттарда Америка Кошмо Штаттарын кыйратуучу күч катары кабыл алуу — радикал үгүттүн натыйжасы эмес, туруктуу эзүүнүн шартындагы акылга сыярлык реакция. Рубионун билдирүүлөрү чыныгы бириккен үммөткө болгон терең коркууну ашкерелейт. Алар америкалык гегемониянын акырындык менен алсырашына жана ири цивилизациялык блоктун өз алдынча багытын аныктоо мүмкүнчүлүгүнө байланышкан тынчсызданууну көрсөтөт. Муну түшүнүү өтө маанилүү. Бул абалда «радикал Ислам» жана «коопсуздук коркунучтары» тууралуу коркунучту жайылтуу жарандарды коргоо же динден коркуу менен байланыштуу эмес, тескерисинче, империяны сактап калуу менен байланыштуу.
Хизб ут-Тахрир жана үммөттүн биримдиги
Халифалыкты тикелөө — «радикал Ислам» эмес, тескерисинче, Исламдын өзүнүн ажырагыс бөлүгү. Халифалык — бүткүл дүйнөдөгү Ислам үммөтүнүн саясий жетекчилиги болуп, Исламды толук колдонгон башкаруу. Аны тикелөө фарз, тандоого калтырылган иш эмес. Анын жоктугу күнөө. Имам ан-Навави Сахих Муслимге жазган шархында мындай дейт:
«وَأَجْمَعُوا (العلماء) عَلَى أَنَّهُ يَجِبُ عَلَى الْمُسْلِمِينَ نَصْبُ خَلِيفَةٍ، وَوُجُوبُهُ بِالشَّرْعِ لَا بِالْعَقْلِ».
«Аалымдар мусулмандарга Халифаны дайындоо важиб экенине бир ооздон ижма кылышкан. Бул важиб өкүм акыл менен эмес, шарият менен далилденет».
Он жылдар бою Хизб ут-Тахрир Халифалыкты тикелөө жана үммөттү бириктирүү жолундагы аракеттердин алдыңкы сабында болуп келди. Хизб ут-Тахрир көз карашы туруктуу, фикрий негиздери терең болгон глобалдык исламий саясий партия. Ал 1953-жылы Кудста негизделгенден тартып, бир гана максат менен иш алып барып, Халифалыктын түзүлүшүн, анын административдик механизмдерин, экономикалык, соттук жана саясий түзүмдөрүн, ошондой эле конституция долбоорун майда-чүйдөсүнө чейин баяндаган материалдарды иштеп чыккан.
Бул эмгектер академиялык изилдөөлөр же философиялык ой жүгүртүүлөр, же Исламды сынчылардан коргоо үчүн жазылган талаш-тартыштар эмес. Тескерисинче, алар ачык жана иреттүү жүзөгө ашырууга арналган амалий алкак түзүүнү көздөйт. Мындай практикалык багыт өткөнгө болгон сагынычты эмес, Исламдын бүгүнкү күнгө жана келечекке чечим бере аларына болгон ишенимди чагылдырат. Биздин көз карашыбыз — адилеттүүлүккө, жоопкерчиликке жана илахий жетекчиликке негизделген жаңы дүйнөлүк тартипти жандандыруу. Ал тартип, иншаАллах, рошид Халифалыктын кайра кайтышы менен жүзөгө ашат.
Бүгүн Хизб ут-Тахрир Америкадан Австралияга чейин созулган глобалдык саясий партия катары иш алып барууда. Ар түрдүү сакофий жана саясий шарттарда партия өзүнүн көз карашынын туруктуулугун жана манхажынын тартиптүүлүгүн сактап келди. Дүйнөнүн көп аймактарында кысымга, чектөөлөргө жана медиа аркылуу четтетүүгө туш болгонуна карабастан, партия Ислам аймактарында Халифалыкты тикелөө үчүн зомбулуксуз фикрий жана саясий каражаттар аркылуу өз дааватын өжөрлүк жана чечкиндүүлүк менен улантып келет.
Көп жылдар аралыгында Хизб ут-Тахрир Ислам үммөтүнүн ичиндеги кайрылуусун олуттуу деңгээлде көтөрүүгө салым кошту, айрыкча саясий ой жүгүртүүнү Халифалыкты тикелөө максатына кайра буруу аркылуу. Анын мурасы кабыл алган позицияларында гана эмес, мусулмандарды таасир өткөрүү саясаттан жана убактылуу чечимдерден ашып, Исламдын өзүнө тамырлаган кеңири көз караш менен ой жүгүртүүгө чакырган өжөр талабында жатат. Азыркы ишке ашпай калган дүйнөлүк тартипке альтернатива издеп жаткан дүйнөдө, Хизб ут-Тахрир үммөт жана жалпы адамзат үчүн адилеттүү, кадыр-барктуу келечекке багытталган, фикрий негиздүү жана мабдаий дааватын улантууда.
Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
«Андан кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифат болот». (Муснад Ахмад)
Хизб-ут-Тахрир – Америка
21-Ражаб 1447-х
21-декабрь 2025-м.




