Комментарий

Башкаруучулар өздөрүндө жок болгон эгемендиктин бузулушун айыпташууда

Башкаруучулар өздөрүндө жок болгон эгемендиктин бузулушун айыпташууда

Жаңылык:

Ишемби күнү бир катар араб мамлекеттери аймактагы бир нече өлкөлөрдү бутага алган Иран чабуулдарын айыпташты жана аларды коопсуздукка жана суверенитетке каршы агрессия жана бузуу деп сыпатташты. Бул учурда яхудий түзүмү жана Америка тарабынан Иранга каршы агрессия уланууда, ал эми Тегеран болсо аскерий жооп кайтарууну улантарын жарыялап жатат. Бул боюнча бир нече мамлекеттер расмий билдирүүлөрдү жасап, айыптоо билдиришти. Ошол айрым мамлекеттердин аймагындагы америкалык аскер базалары Иран тарабынан чабуулга кабылган. (TRT)

         Комментарий:

Бул режимдердин уятсыздыгы жана коркоктугу таң калтырган деңгээлге жетти. Өз өлкөлөрүндөгү Америка базаларына Ирандын чабуулун айыптаган бул башкаруучулар, ошол базалардын өз жеринде болушу деген уятты жашырууга да аракет кылышпайт. Алар жакшы билишет, эгер бул базалар болбогондо, Америка мындай ээн-эркин чабуулдарды жүргүзө алмак эмес. Бирок алар бул базаларды Америка сүйүү тартуулап, таттуулар менен гүлдөрдү бөлүштүрө турган гуманитардык кызмат борборлору сыяктуу көрсөтүп жатышат!

Бул башкаруучулар өз ыктыяры менен, каалоо-тилеги менен мусулман жерлерин Америкага тапшырып беришти. Ошентип, Америка ал жерлерде аскер базаларын куруп, өзүнүн согуш күчүн топтоп, ондогон жылдар бою ошол жерлерден террордук аракеттерин жүргүзүп келди. Дал ушул базалардан Иракка каршы согуш башталган, ошол жерлерден Сомали талкаланган, андан соң Афганистан басылып алынган, кийин Ирак кайрадан басылып алынган. Ошол базалардан Иракка, Сирияга жана Йеменге «терроризмге каршы күрөш» деген шылтоо менен чабуулдар жасалган. Ошол эле жерлерден яхудий түзүмүнө колдоо көрсөтүлүп, Газаны кыруу жана Ливанды кыйратуу үчүн жардам жеткирилген.

Эң күлкүлүүсү – бул башкаруучулар мындай базаларды курууга макул болуп, суверенитеттен баш тартышкан. Муну болсо «суверендүү укук» жана «коопсуздук менен стратегиялык зарылдык» деп аташат. Мындан тышкары, «биздин коопсуздугубузга кызмат кылат» деген шылтоо менен, бул базаларды куруу жана башкаруу чыгымдарын да өздөрү төлөшөт. Анан ошол базалар чабуулга кабылганда, суверенитет бузулду деп кыйкырып, айыптап чыгышат. Андай болсо, алар кайсы суверенитет жөнүндө сөз кылып жатышат?! Же алардын бирөөсү Америкага бул базаларды мусулман өлкөлөрүнө чабуул коюу жана аларды өлтүрүү үчүн пайдаланууга тыюу сала алабы? Же болбосо Америка ушундай кылганда аны айыптоого жана каршылык билдирүүгө батына алабы? Же Америка менен яхудий түзүмүн Иранга чабуул жасоодон токтото алабы?

Бул жерде сөз Иран режими же ага карата позиция жөнүндө эмес. Маселе эң оболу ушул базалардын башынан эле болушунда. Андан да кеңири айтканда, маселе америкалык жана батыш аскер күчтөрүнүн деңиздерди, алардын жолдорун жана кысыктарын, ошондой эле аэропортторду жана аба мейкиндиктерин колдонуп эркин кыймыл кылышында. Мунун баары башкаруучулардын алсыздыгы, чыккынчылыгы жана Батышка, айрыкча Америкага болгон малайлыгынан келип чыккан. Ошондой эле алардын позициясы Америкага өлкөлөрүбүздү басынтып, аскер базаларын курууга жана тынч-эркин өтүп, биздин өлкөлөрдү биринин артынан бирин басып кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө негизделген.

Азыр бул ачуунун даамын татып жаткан Иран режими да мында күнөөсүз эмес. Ал Афганистан менен Иракты басып алууга унчукпай карап гана турбастан, ага жардам да көрсөткөн. Ал Америкага бул өлкөлөрдү басып алууга жол ачса, жана мусулман жерлеринде анын базалары болушуна унчукпай койсо, Америка бул «жакшылыгын» эстеп, ага кийин жардамчы болот деп жаңылыш ойлогон.

Бул башкаруучулар ушундай чыккынчылыктары менен үммөттөн толук ажырап кетишти. Алар өз өлкөлөрүндөгү Америка базаларына чабуул жасалганын айыптоо менен алек болуп жатканда жана куралдарын яхудий түзүмүнүн коопсуздугун коргоого жумшап, ага багытталган ар бир ракета же дронду атып түшүрүүгө аракет кылып жатканда, мусулман өлкөлөрүндөгү адамдар Америка базалары сокку жегенине кубанып чыгышууда. Алар бизди өлтүрүүгө Америкага мүмкүнчүлүк берген режимдерди каргап жатышат, анткени үммөт бул маселе Иран режиминде эмес экенин билет. Бул болуп жаткан окуялар биздин өлкөлөргө каршы америкалык баскынчылык, күчүбүздү талкалоо жана Пайгамбарыбыз ﷺдын миъражы болгон жерди басып алган яхудий түзүмүн коргоо. Аз убакыт өтпөй эле үммөт бул режимдерди өз үстүнөн кулатат да, айланма сокку Америкага жана анын мыйзамсыз түзүмүнө каршы бурулат.

﴿وَيَقُولُونَ مَتَى هُوَ قُلْ عَسَى أَنْ يَكُونَ قَرِيباً﴾

«Али алар «Ал (күн) качан болот?» деп (сурашат). Балким жакында болоор», деп айткын!». (Исра: 51).

Абдуллах Хамдулвадий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button