Баш ийүү коргобойт, жагынуу болсо алсыздыкты дагы күчөтөт.

Баш ийүү коргобойт, жагынуу болсо алсыздыкты дагы күчөтөт.
Батыш менен кагылыш качып кутулгус
Батыш биздин өлкөлөргө карата ачык каршылык жана душмандык позициясын карманып, Сирияда, Иракта, Афганистанда жана башка жерлерде адамдарды өлтүрүп-талкалап, кордук көрсөттү. Бирок, мусулман өлкөлөрүндөгү саясий элиталардын жана азыркы режимдердин аң-сезиминде баш ийүү чечими эң коопсуз жол, Батыштын жамандыктарынан сактоочу ыкма катары бекем орун алган. Алар, Батыш жалынганды аяйт же жасалма алсыздыктан чыгууга уруксат беришет, анан күч топтогондо ага каршы турабыз деп жаңылыш ойлошот.
Бүгүн Сирияда үлгү катары көрүп жаткан революцияга жана анын элине каршы жасалып жаткан кылмыштар мунун ачык мисалы. Жаңы келген жетекчилик элдик революциялык таянычтан жана табигый колдоодон максаттарынан баш тартып, тышкы таянычка жөлөнүп, кагылыштан качууну тандап, кагаздарын эл аралык күчтөргө тапшырууда. Бул болсо үммөттүн тандоосуна, укуктарына жана эгемендүүлүгүнө бекем туруунун ордуна алардын ыраазычылыгы үчүн баш ийүүнүн түз жана табигый натыйжасы. Бул — колонизатордук чечимдерди четке каккан боштондук долбоорунан эл аралык чечимдерди кабыл алып, алардын куралдары менен нормалдашкан, баш ийген долбоорго түп-тамырынан өзгөрүү жолу.
Алар баш ийүү Батышты ыраазы кылбастыгын, тескерисинче, андан да көбүрөөк шантажга түртөрүн аңдаган жок. Ошондой эле Батышка көз карандылыкка макул болгон гана адам бийликке жетип, тактыга отура аларын түшүнүшкөн жок.
Баш ийүү саясатынын артынан жүргөндөрдүн аңкоолугу, Батыш баш ийгенди сыйлайт деп ойлошу. Бирок бул жолду тандаган элдердин бардык тажрыйбаларынын акыры кыйынчылык, азап жана төмөндөө болду. Батышка багынган режимдер коргоого да, туруктуулукка да жеткен жок, тескерисинче, алардын алсыздыгы артты, милдети бүткөндө ташталып калды. Ливандагы Иран партиясы, Иран режими, Карзай режими жана башкалар тапшырма аяктагандан кийин коштоочуларды таштоонун айкын мисалдары. Анткени Батыш өз агенттерин өнөктөш катары эмес, пайдалуу болуп турганда колдонуп, кереги бүткөндө ыргытып жиберилүүчү курал катары көрөт.
Ошондуктан өткөөл баскычтын жетекчиси Жуланийдин жана ага караштуу саясий тараптын иш-аракеттериндеги өзгөрүүлөр эл аралык трибуналар аркылуу жүздөрдү жылмалоодон тартып, шарттуу колдоону кабыл алууга, Россия сыяктуу кан төгүүчү мамлекеттерге барууга чейин баары «саясий вакыйлык» деген ураандын астында революцияны тынчтантып, маңызын бурмалоонун бир эле бөлүгү.
Батыш менен кагылыш тандоо эмес, тарыхый зарылдык
Ислам үммөтү менен капиталисттик Батыштын ортосундагы кагылыш жеке же саясий кастыктан улам чыккан эмес. Бул — хазарий, бар болуу же жок болуу деңгээлиндеги күрөш. Анткени Ислам өзүнүн камтуучулугу, саясий, экономикалык жана коомдук түзүмү менен Батыштын либералдык жана секулярдык баалуулуктарына карама-каршы турат. Ошондуктан Исламды амалий түрдө колдонууга багытталган ар кандай олуттуу долбоор, Исламдын кайра жанданышын дүйнөлүк үстөмдүгүнө, ал тургай өзүнүн бар болушуна коркунуч катары көргөн бул күчтөр менен сөзсүз кагылышат.
Мына ошондуктан күрөштү эл аралык сахнаны башкарып турган кожоюнду көрсөтпөстөн, ички деңгээлдеги саткын режимдер же жетекчилер менен болгон тирешке гана чектөө саясий жана фикрий адаштыруу. Анткени эң башкы кылмышкер ушул куралдарды жараткан, оюнду башкарган, аймакты бөлгөн, анын биримдигине жол бербеген, байлыктарын талап-тоногон жана ойгонушуна бөгөт койгон колонизаторлор.
Каршылык түздөн-түз аскерий авантюрага кирүү дегенди билдирбейт. Ал дискурста айкындыкты, үммөттүн өздүгүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө таянган, анын акыйдасынан чыккан боштондук долбоорун тайманбай кабыл алууну билдирет. Бул — эл аралык долбоорлор же чалгын кызматтары эмес, Исламдын өзү чыныгы жетекчи болушу керектигин туюнтат. Каршылык көз карандылыкты бекемдеген же Батыштын таасир куралдарын сактап калган ар кандай «чечимдерди» четке кагуу дегенди билдирет.
Демек, үммөттөгү аң-сезимдүү күчтөр, алардын башында Хизб ут-Тахрир сунуш кылып жаткан Халифалык долбоору ой жүгүртүүдөгү ашыкча кыял эмес, кризистерибиздин баарына амалий саясий чечим. Ал суверендүү чечимди кайра курат, экономиканы эл аралык каржы тутумунун кишенинен бошотот жана Батыш менен болгон мамилени көз карандылык эмес, теңдик негизинде кайра түзөт.
Бүгүн көрүп жаткан жеңилген, багынган риторика жана саясаттар, ички деңгээлдеги жеңилгендер үгүттөгөндөй алсыздыктын жыйынтыгы эмес. Бул — чыныгы боштондук долбоорунан баш тартуу жана каршылыктын ордуна баш ийүүнү кабыл алган чечимдин натыйжасы.
Ал эми Батышка багынуу өзүнө коопсуздук алып келет деп ойлогон адам, андан мурункулардын тагдырынан сабак алышы керек.
Эгер Шам эли Батыштын долбооруна жана анын үстөмдүгүнө каршы тура турган Ислам долбоорун кабыл албаса, биз «жасалма башаламандык» айлампасында айлана беребиз. Акыры Батыш толук көзөмөл орнотуп, өлкөгө жана элге кыйроо менен адашуу алып келчү саясатын таңуулайт. Ал эми кутулуу адамдардын Раббисине таянуу менен Батыштын саясатына каршы туруу жана пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык долбоорун кабыл алуу аркылуу гана болот. Ал гана Раббибизди ыраазы кылат жана Аллахтын уруксаты менен дүйнөдө да, акыретте да ар-намысыбызды жана жеңишибизди кепилдейт.
Устаз Мустафа Сулайман
Роя гезити




