Бейиш ага умтулгандар үчүн, тозок бейиштен баш тарткандар үчүн

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Бейиш ага умтулгандар үчүн, тозок бейиштен баш тарткандар үчүн
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
حَدَّثَنَا مُحَمَّدُ بْنُ سِنَانٍ، حَدَّثَنَا فُلَيْحٌ، حَدَّثَنَا هِلاَلُ بْنُ عَلِيٍّ، عَنْ عَطَاءِ بْنِ يَسَارٍ، عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ، أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم قَالَ: ” كُلُّ أُمَّتِي يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ، إِلاَّ مَنْ أَبَى”. قَالُوا يَا رَسُولَ اللَّهِ وَمَنْ يَأْبَى، قَالَ: ” مَنْ أَطَاعَنِي دَخَلَ الْجَنَّةَ، وَمَنْ عَصَانِي فَقَدْ أَبَى”.)صحيح مسلم)
Мухаммад ибн Синан Абу Хурайра (р.а)дан риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): “Бардык үммөтүм бейишке кирет, баш тарткандардан башкасы, – деди. Алар: Оо, Аллахтын Элчиси, бейиштен ким баш тартат? – деп сурашты. Ал: Мага баш ийген бейишке кирет, ал эми мага баш ийбеген баш тарткан болот”, – деп айтты. (Сахих Муслим).
Урматтуу бир туугандар:
Сөздөрдүн эң жакшысы – бул Улуу Аллахтын сөзү, эң жакшы жол Анын Пайгамбарыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) жолу:
Бул асыл хадис жана башка көптөгөн хадистер мусулманды Аллах Тааланын бейиш жолуна багыттайт. Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун), ислам үммөтү бейишке кирери жөнүндө сүйүнчү кабар берди. Ал бейишти Аллах Таала Өзүнүн адил, чынчыл жана ыкластуу кулдары үчүн даярдаган. Бул хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бизди бул бейишке алып баруучу жолго багыттап жатат. Бул бизге кимде-ким Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун), жолун жолдоп, ал Куранда алып келген нерселерди бекем карманып, сүннөтүндө буйругандарын аткарып, ар бир майда жана чоң маселеде ага баш ийсе, анда Аллах аны бейишке киргизүү менен сыйлаарын көрсөтүп турат. Ким бейишти кааласа, ал бейишке алып баруучу жана тозоктон алыстоочу түз жолду, башкача айтканда, Пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) жолун тандашы керек.
Бирок, бул үммөттө бейишке кирүүдөн баш тартып, андан жүз үйрүп, жашоосунун ар бир тармагында Пайгамбардын (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун), жолуна каршы чыккан адамдар бар. Бул адамдар үчүн Аллах Таала тозок отун даярдаган, анткени алар бейиш жолунан оолактап, ага кирүүдөн баш тартышкан.
Адамдын акыйкат жолду так билип туруп, акыйкат жолдон башка да ийгилик таба турган жол бар деп ойлоп, ага ээрчибей коюшу өтө өкүнүчтүү. Ага Аллахтын буйругу жетип, ал акыйкат жолду билип туруп, анан шайтандын изи менен кетип жаткандыгын ал түшүнбөйбү?
Ошондуктан, ал бейиш жолу колунда турганда кирүүдөн баш тарткандардын бири. Ал бул тагдыр чече турган маселени түшүнгөн жокпу же түбөлүктүү жашоодон көрө убактылуу жана өткөөл жашоону артык көрдүбү?
Биз Аллахтан урматтуу Элчибиздин (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун), жолунда жүрүүнү жана аны менен Бейиште жолугууну жана тозоктон башкага алып барбай турган шайтандын жолун ээрчигендердин катарында болтурбоосун суранабыз.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 15 жумади саани.
2025-ж, 6-декабрь.
