Бейиш бактары

Абу Бакр Сыддыктын пазилеттери

Абу Бакр Сыддыктын пазилеттери

Аллах Таала айтты:

ثَانِيَ ٱثۡنَيۡنِ إِذۡ هُمَا فِي ٱلۡغَارِ إِذۡ يَقُولُ لِصَٰحِبِهِۦ لَا تَحۡزَنۡ إِنَّ ٱللَّهَ مَعَنَاۖ

«Ошондо, алар экөө үңкүрдө турган чактарьнда жолдошуна: «Кайгырба, албетте Алла биз менен бирге», – деп айтты»      [9:40].

Ас-Сухайлий бул аяттын тафсири тууралуу мындай деди: «Аллах Тааланын коркпо дебестен, кайгырба дегенин көрдүңбү? Анткени, Абу Бакрдын (р.а) Расулуллахка (с.а.в)  болгон кайгысы (сар-санаасы) аны өзүнүн жаны үчүн болгон коркуудан буруп койгон эле… Пайгамбар (с.а.в)  үңкүргө кирейин дегенде, Абу Бакр (р.а) ага кандайдыр бир зыян жетип калбашы үчүн, алгач өзү үңкүргө кирди… Алар хижрат кылып баратышканда, Абу Бакр (р.а) улам Пайгамбардын (с.а.в)  алдына өтүп, кайра артына өтүп баратты. Ошондо, Пайгамбар (с.а.в) андан: «Оо Абу Бакр, сага эмне болду? Бир туруп алдымда басасың, кайра бир туруп артымда басасың?» – деп сурады. Абу Бакр: «Оо Расулуллах, душмандар (артыбыздан) кууп келе жатышканын эстегенимде артыңызга өтүп, (алдыбыздан) күтүп жатышканын ойлогонумда алдыңызга өтүп басып жатамын», – деп жооп берди. Пайгамбар (с.а.в) ага: «Оо Абу Бакр, мага тийбей, сага гана жетишин каалаган нерсең барбы?» – деп айтканда, ал: «Ооба, сизди акыйкат менен жиберген Затка касам, кандайдыр бир зыян болсо, анын сизге эмес мага гана жетишин каалар элем», – деп жооп берди. Андан соң, Абу Бакр «Оо Расулуллах, ичин тазалаганыма чейин ушул жерде тура туруңуз» деп, өзү үңкүргө кирди да, ал жерди тазалагандан кийин гана «Кире бериңиз оо Расулуллах» деп айтты. Умар (р.а) ушул окуяны эскерип жатып: «Жаным Анын колунда болгон Затка касам, (Абу Бакр өткөргөн) мына ошол түн Умардын үй-бүлөсү кылган жакшылыктардын баарынан артык», – деп айтты». (Хаким жана Байхакий «Далаил ан-Нубувва» китебинде риваят кылган).

Имам Бухарий Абу Дардадан риваят кылып айтат: «Мен Расулуллахтын (с.а.в) алдында отурганымда, Абу Бакр кийиминин этегин көтөрүп, тизелери көрүнгөн абалда кирип келди. Расулуллах (с.а.в) аны көрүп: «Бул бурадарыңарга эмне болду, жүзү кубарып калыптыр?» – деп айтты. Ошондо, Абу Бакр: «Ибн Хаттаб менен ортобузда келишпестик чыгып калды эле, мен ачууга алдырып жибердим. Кийин дароо өкүнүп, андан кечирим сурасам, ал баш тартты. Ошондуктан, алдыңызга келдим», – деди. Расулуллах (с.а.в)  ага карап: «Аллах сени кечирсин оо Абу Бакр», – деп үч жолу айтты. Андан соң Умар (кылган ишине) өкүнүп, Абу Бакрдын үйүнө барды да: «Абу Бакр ушул жердеби?» – деп сурады. Ага «жок» деп жооп беришкенден кийин, Расулуллахтын (с.а.в) алдына келди. (Болгон окуяны уккандан кийин) Расулуллахтын (с.а.в)  жүзү (ачуудан) кызара түшкөнүн көргөн Абу Бакр кыжаалат болуп, тизелеп отурду да: «Оо Расулуллах, Аллахка касам, мен зулум кылдым», – деп эки жолу кайталап айтты. Ошондо, Расулуллах (с.а.в): «Аллах мени жибергенде силер «жалган айтып жатасың» деген элеңер. Абу Бакр болсо «чындыкты айтып жатат» деген. Ошондой эле, ал мени малы жана жаны менен колдоду. Силер ушундай сахабамды (өкүм чыгаруу үчүн) мага калтырып жатасыңарбы?» – деп эки жолу кайталады. Ошондон кийин, ага зыян жеткирилбеди».

Расулуллах (с.а.в) айтты: «Менден кийинкилердин арасынан Абу Бакрга жана Умарга ээрчигиле». (Имам Ахмад, Тирмизий жана Ибн Маажа риваяты. Бул сахих хадис).

Имам Бухарий риваят кылат: «Ибн Умар (р.а) айтты: Пайгамбардын (с.а.в) доорунда, адамдар арасында тандоо кылууга буйрулган элек. Ошондуктан, биз Абу Бакрды, кийин Умарды, андан кийин Усманды тандадык».

Сахихайнда (эки сахих топтомунда) Айша (радияллаху анхадан) риваят кылынган хадисте, ал айтты: «Расулуллах (с.а.в) ооруп калган учурда (ошол ооруу менен көз жумду), Билал намазга азан айтуу үчүн келди. Ошондо, Пайгамбар (с.а.в): «Абу Бакрга баргыла. Ал (имам болуп) намаз окусун», – деди. Мен болсо: «Абу Бакр өтө жумшак адам. Ал сиздин ордуңузга (имамчылыкка) өтсө, Куран окуй албай, ыйлап жиберет», – дедим. Расулуллах (с.а.в): «Абу Бакрга баргыла. Ал (имам болуп) намаз окусун», – деди. Мен кайра ошол сөзүмдү кайталадым. Расулуллах (с.а.в) үчүнчү же төртүнчү жолкусунда: «Силер Юсуфтун сахабаларына окшошсуңар (көп талашып тартышасыңар)! «Абу Бакрга баргыла. Ал (имам болуп) намаз окусун», – деди. Кийин Абу Бакр (имам болуп) намаз окуду. Ошол үчүн, Умар  (р.а) ал тууралуу: «Расулуллах (с.а.в) бизге динибиз үчүн ыраа көргөн кишини дүйнөбүз үчүн ыраа көрбөйбүзбү?» – деп айткан.

Бир аял Пайгамбарга (с.а.в) көйгөйүн айтып келгенде, ага бир ишти кылууну буйруду. Ошондо, ал аял: «Оо Расулуллах, эгер кайтып келгенде сизди таба албасамчы?» – деди эле, Расулуллах (с.а.в): «Эгер мени таба албасаң, анда Абу Бакрга бар», – деп айтты. (Бухарий жана Муслим риваяты).

Алиден (р.а) риваят кылынган хадисте, Пайгамбар (с.а.в) айтты: «Абу Бакр менен Умар бейиштеги набийлерден жана расулдардан кийин, мурунку жана кийинки (жалпы) адамдардын сайиддери». (Ахмад, Тирмизий жана Ибн Маажа риваяты).

Умар (р.а) өз хутбаларынын биринде айтты: «Силердин эч кимиңердин Абу Бакрдыкындай төөнүн мойну жеткис жакшылыктары жок». (Бухарий жана Муслим риваяты).

Али (р.а) сахабалар менен отуруп, Абу Бакрдын дин үчүн көргөн азаптары тууралуу сөз ачылганда: «Аллах силерге амандык берсин! Аали Фиръаундан болгон момун (Куранда эскерилген, Муса алайхи саламга болушуп «Бир кишини «Раббим Аллах» дегени үчүн өлтүрөсүңөрбү?» деп айткан киши) абзелби же Абу Бакрбы?» деп суроо салды. Адамдар унчукпай турушканда, ал: «Аллахка касам! Абу Бакрдын бир эле сааты аали Фиръаундан болгон момундун баарынан артык. Ал киши өз ыйманын жашырат эле, ал эми бул (Абу Бакр) болсо, өз ыйманын ашкере айткан», – деп айтты».

Барраз өз муснадында Мухаммад ибн Акийлден риваят кылып айтат: «Али ибн Абу Талиб (р.а) хутба кылып жатып: «Адамдардын эң кайраттуусу ким?» – деп сурады. Адамдар бир ооздон «Сиз, оо момундардын амири» деп жабыла жооп беришти. Анан, Али (р.а) айтты: «Чынында, мен катылгандын баарын кыйраткан кишимин. Бирок (адамдардын эң кайраттуусу) бул Абу Бакр (р.а)».

Умар ибн Хаттаб (р.а) айтты: «Пайгамбарыбыз (с.а.в) бизге мал-байлыктан садака кылууну буйруду. Анан мен «Башка күндөрү Абу Бакрдан калып кеткен болсом, бүгүн андан ашамын» дедим да, болгон байлыгымдын тең жарымын алып келдим. Расулуллах (с.а.в) менден: «Үй-бүлөңө эмне калтырдың?» – деп сураганда, мен: «Кудум ушунчасын калтырдым», – деп жооп бердим. Андан кийин, Абу Бакр өзүндөгү болгон мал-байлыктын баарын алып келди. Расулуллах (с.а.в) андан: «Оо Абу Бакр, үй-бүлөңө эмне калтырдың?» – деп сураганда, ал: «Аларга Аллахты жана Анын Расулун калтырдым», – деп жооп берди. Ошондо мен: «Аллахка касам, мен андан эч качан, эч бир иште аша албаймын», – деп айттым. Кийин, ал Расулуллах (с.а.в) менен чогуу хижрат кылганда, байлыгынын бардыгын Аллахтын жолунда сарптады». (Тирмизий риваяты).

Амр ибн Ас Расулуллахтан (с.а.в): «Сиз үчүн эң сүйүктүү адам ким?» – деп сураганда, ал: «Айша», – деп жооп берди. Кийин «Эркектерденчи?» деп сураганда, Расулуллах (с.а.в): «Анын атасы», – деп айтты. (Муслим риваяты).

Бухарий жана Муслим Абу Саид ал-Худрийден (р.а) риваят кылган хадисте, ал айтты: Расулуллах (с.а.в) адамдарга хутба кылып жатып: «Аллах бир пендеге дүйнөнү же Өзүндөгү нерсени (бейишти) тандоону сунуштаганда, ал пенде Аллахтагы нерсени (бейишти) тандады», – деп айтканда, Абу Бакр ыйлап жиберди. Биз Расулуллахтын (с.а.в) эң жакшы пенде тууралуу айтканына Абу Бакрдын ыйлап жатканын көрүп, таң калдык. Көрсө, ал тандоо сунушталган пенде Расулуллах (с.а.в) экен (т.а. Расулуллахка дүйнөдө калуу же Аллахтын алдына кетүү сунушталганда, ал кетүүнү тандаган экен). Абу Бакр муну баарыбыздан көрө жакшыраак билген экен. Андан кийин, Расулуллах (с.а.в) айтты: «Мен үчүн сахабалыкта жана байлыгында эң ишеничтүү адам бул Абу Бакр. Эгер мага Аллахтан башканы дос тутууга уруксат берилгенде, мен Абу Бакрды дос тутмакмын. Мечитке болгон эшиктердин баары жабылып, Абу Бакрдын гана эшиги ачык калсын».

Расулуллах (с.а.в): «Кимде-ким Аллахтын жолунда бир эле нерседен экөөнү (эки жолу, кайра-кайра) бере турган болсо, ал «Оо Аллахтын пендеси, бул (эшик) жакшы» деп, бейиштин түрдүү эшиктеринен чакырылат. Кимде-ким намазына бекем болсо, (бейиштин) намаз эшигинен чакырылат. Кимде-ким жихадга бекем болсо, жихад эшигинен чакырылат. Кимде-ким садакага бекем болсо, садака эшигинен чакырылат. Кимде-ким орозого бекем болсо, орозо эшигинен жана раййан эшигинен чакырылат», – деп айтканда, Абу Бакр (р.а) андан: «Пенде бул эшиктердин кайсы биринен чакырылса да (бул чексиз бакыт). (Анын башка эшиктерден чакырулуусуна) зарылчылык калбайт. Ошентсе да, ушул эшиктердин баарынан чакырыла турган пенде барбы, оо Расулуллах?» – деп сурады. Ошондо, Расулуллах (с.а.в): «Ооба, сенин ошол пенделерден болушуңду каалаймын, оо Абу Бакр», – деп айтты. (Бухарий жана Муслим риваяты).

Мухаммад ибн Ханафийа айтты: «Мен атам Али ибн Абу Талибден (р.а): «Пайгамбардан (с.а.в) кийин адамдардын эң жакшысы ким?» – деп сурасам, ал: «Абу Бакр», – деп жооп берди. «Андан кийинчи?» десем, ал: «Умар», – деди. Андан кийин Усман деп айтышынан чочулап: «Андан кийин сизби?» десем, ал: «Мен мусулмандардын катарындагы эле бир кишимин», – деп айтты. (Бухарий риваяты).

Абу Хурайрадан (р.а) риваят кылынган хадисте, Пайгамбар (с.а.в): «Бүгүн таңда ким орозо кармады?» – деп сураганда, Абу Бакр: «Мен», – деп жооп берди. Андан кийин: «Ким бүгүн жаназага катышты?», – деп сурады эле, Абу Бакр: «Мен», – деп айтты. Андан соң: «Ким бүгүн мискин адамды тамактандырды?», – деди эле, Абу Бакр: «Мен», – деди. Кийин: «Ким бүгүн оорулуу адамдан кабар алды?», – дегенде, Абу Бакр: «Мен», – деп жооп берди. Ошондо, Расулуллах : «Кайсы адамда ушул иштердин баары табылса, ал бейишке кирет», – деп айтты». (Муслим риваяты)

Абу Бакрдын (р.а) амалдарынын арасынан эң улуулары анын Исламга алгачкылардан болуп кирүүсү, Пайгамбар (с.а.в) менен чогуу хижрат кылуусу жана Пайгамбар (с.а.в) көз жумган учурда бекем туруусу болгон. Ал хижратка чейин, Аллахка ыйман келтиргендиги үчүн азапталып жаткан жети кулду азат кылган. Алар: Билал ибн Абу Робаха, Амир ибн Фухайра, Знайра, Ан-Нахдийа жана анын кызы, бану Мумалдык жария жана Умму Убайс. Анын халифалыкка келгенден кийин кылган иштеринин арасынан эң улуусу муртаддарга каршы согушу болгон. Анын халифалыгы доорунда Куран чогултулган. Зайд бин Сабит Абу Бакрдын (р.а) буйругу менен Куранды чогулткан. Ошондой эле, Абу Бакр (р.а) адамдардын жөндөмүн жакшы ажырата билгендиктен, Халид ибн Валидди аскер башчылыктан түшүрүүнү каалагандарга каршы чыгып: «Аллахка касам, Аллахтын өз душмандарына сунган кылычын Аллахтын өзү кайтармайынча, мен кайтарбаймын», – деп айткан. (Имам Ахмад жана башкалардын риваяты).

Ал абдан жумшак жана мээримдүү киши болгон. Бирок, муртаддарга каршы согушта өзүнүн салабаттуулугу жана катаалдыгы менен таанылган. Ал Умардан (р.а) да салабаттуураак жана катаалыраак позицияны карманган. Бухарий жана Муслим риваят кылган хадисте, Абу Хурайра (р.а) айтты: «Расулуллах (с.а.в) көз жумуп, Абу Бакр (р.а) халифа болуп дайындалган учурда, арабдардын көпчүлүгү каапыр болуп кетишти. Ошондо, Умар келип: «Оо Абу Бакр, сен аларга каршы кантип согуш кылам деп жатасың? Расулуллах (с.а.в) «Бүткүл адам заты Аллахтан башка илах жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси деп айтышканга чейин, аларга каршы согуш кылууга буйрулдум. Кимде-ким Аллахтан башка илах жок дей турган болсо, ал менден өзүнүн малын жана жанын сактап калат. Алардан болгону, Аллахтын акысы жана эсеби болгон нерселерди гана (аламын)» деп айткан го?» – деди. Абу Бакр (р.а) ага карап: «Аллахка касам, мен намаз менен зекеттин ортосун ажыратуучуларга каршы согуш кыламын. Зекет бул мал-байлыктын акысы. Аллахка касам, алар Расулуллахка (с.а.в) берип жүрүшкөн улакты берүүдөн баш тартышса да, аларга каршы согушамын», – деп айтты. Ошондо, Умар (р.а): «Аллахка касам! Мен Аллах Абу Бакрдын жүрөгүн мына ушул согушка буруп койгонун көрдүм жана мунун туура чечим экендигин түшүндүм», – деп айтты».

Абу Бакрдын (р.а) халифалык доорунда «Зул-Кисса» окуясы болуп өттү. Абу Бакр өзү баш болуп ал жерге казат кылууга камынганда, Али ибн Абу Талиб анын улоосун кармады да, ага карап: «Сен кайда баратасың, оо Расулуллахтын халифасы? Сага Расулуллах Ухуд күнүндө айткан сөзүн айткым келип турат: «Кылычыңды кынына сал. Өз жаның менен (курман болуп) бизди кайгыга сала көрбө». Сен Мадинага кайтып бар. Аллахка касам, эгер биз сенден айрылып кала турган болсок, Ислам түбөлүккө түзүмүн жоготот», – деп айтты. Андан кийин, Абу Бакр (р.а) Мадинага кайтып, аскерлерди жиберди.

Абу Бакр (р.а) каза болгондо, өзүнөн кийин бир динар же бир дирхам дагы калтырбады. Хасан ибн Али (р.а) айтты: «Абу Бакр (р.а) өлүм төшөгүндө жатканда: «Оо Айша, биз сүтүн ичип жүргөн төөгө, биз тамактанган табакка жана биз кийип жүргөн кездемелерге бир карачы. Биз мусулмандардын иштерин башкарып жатканыбызда, алардан пайдаланат элек. Эгер мен көз жума турган болсом, аларды Умарга өткөрүп бер», – деп айтты. Абу Бакр (р.а) каза болгондон кийин, Айша (р.а) аларды Умарга (р.а) берип жиберди. Умар (р.а) ал нерселерди көрүп: «Аллах сенден ыраазы болсун, оо Абу Бакр. Чынында, сен өзүңдөн кийинкилерди түйшөлтүп койдуң», – деп айтты».

Айша (р.а) айтты: «Абу Бакрдын (р.а) хираж (тапкан пайданын бир бөлүгү) берип туруучу бир кулу бар эле. Абу Бакр (р.а) анын берген хиражынан жеп турар эле. Күндөрдүн биринде, ал кул бир нерсе алып келип берди эле, Абу Бакр (р.а) аны жеди. Ошондо кул: «Билесизби бул эмне болчу?» – деп айтты. Абу Бакр (р.а) «Эмне болчу?» деп сураганда, ал: «Мен жахилдик кезимде, бир кишиге бакшылык кылган элем. Бирок, бакшылыкты кыйратып деле кылчу эмесмин, ошондуктан, мен аны алдап койдум. Кийин, ал мага жолугуп, ошол ишим үчүн акы төлөдү. Мына бул сиз жеген нерсе ошол адамдын бергени болчу», – деп айтты. Муну уккан Абу Бакр (р.а) дароо колун оозуна салып, ичиндеги нерселердин баарын кусуп салды». (Бухарий риваяты).

Тирмизий Абу Хурайрадан (р.а) риваят кылган хадисте, Пайгамбар (с.а.в) айтты: «Бизге (убагында) колдоо көрсөткөндөрдүн ар биринин эсебин кайтарып бердик. Бир гана Абу Бакрдын эсебин кайтара албадык. Анын бизге көрсөткөн колдоосү үчүн, кыямат күнү Аллахтын өзү эсебин берет», – деген. (Табараний риваяты).

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button