Умардай рошид халифаны насип кылсын!

Умардай рошид халифаны насип кылсын!
«Канзул уммал»да сөз жана иштердеги сүннөттөр темасында төмөнкүлөр келген: Шаъбийден риваят кылынышынча, Забаркан ибн Бадр Умар ибн Хаттаб (разиаллаху анхунун) алдына келди. Ал өз коомунун башчысы эле. Ал: “Эй момундар амири, Жарул мени шылдыңдады”, – деди. Умар: “Сени эмне деп шылдыңдады”, – деп сурады. Забаркан: «Айлакерге (жоомарттык, жакшы ахлакка) да жол бер, напси-каалоолоруна карап кете бербе, болбосо өзүңдүн курсагың ток, үстүң бүтүн отура бер» деген сөзү менен шылдыңдады», – деди.
Умар: “Мен мында шылдыңдоону көргөн жокмун, ал айыптоо гана”, – деди. Забаркан: “Эй момундар амири, жаным колунда болгон Затка ант болсун, бирер кимсе мени мындай шылдыңдабаган, мени шылдыңдаган адамды жазалаңыз”, – деди. Ошондо Умар: “Ибн Фарианы т.а. Хассан ибн Сабитти чакырып келгиле”, – деди. Ал келгенде Умар ага: “Эй Хассан, Забаркандын дааба кылышынча Жарул аны шылдыңдаптыр”, – деди. Хассан: “Эмне деп шылдыңдаптыр?” – деп сурады. Умар ага: «Айлакерге (жоомарттык, жакшы ахлакка) да жол бер, напси-каалоолоруна карап кете бербе. Болбосо өзүңдүн курсагың ток, үстүң бүтүн отура бер», – деген сөзү менен деп жооп берди. Муну угуп Хассан: “Эй момундар амири, аны шылдыңдабаптыр”, – деди. Умар: “Анда эмне кылган?” – деди. Хассан: “Анын үстүнө чыгынды төккөн”, – деди. Ошондо Умар Жарулдун алып келинишин буйруду. Ал келгенде Умар ага: “Эй өзүнө душман кимсе, мусулмандарды шылдыңдайсыңбы”, – деди. Андан соң аны камап коюуга буйруду. Жарул камактан Умарга мындай деп кат жазды: “Эй момундар амири, өз ийнинде суу, дансыз жөжөлөр калса алардын багуучусун Умар зынданга салабы? Эй момундар амири, бул жөнүндө эмне дейсиз? Сиз калкка күйүмдүү имамсыз, калктын камын көрөсүз. Момундардын амирин Аллах хидаят кылсын. Дили жумшап Умар мага ырайым кылсын. Адамзат сизге өзүнүн башкаруусун жүктөдү. Өз ээсинен кийин имам болушун тандады. Максаттары ыймандын камын көрүү эмес эле. Башка эч ким сиз сыяктуу калктын камын көрбөйт эле. Умарга анын начар абалда экендиги, коомунун ага аз жардам бере тургандыгы айтылды. Муну уккандан кийин Умар Жарулду чакырып: “Абалыңа вай болсун эй Жарул, эмне үчүн мусулмандарды шылдыңдадың?” – деди. Жарул мындай деди: “Буга себеп мени курчап алган бир нече сыпаттар. Алар төмөнкүлөр: “Тилимдин курчтугу, экинчиси үй-бүлөмдү багышым, үчүнчүсү Забаркан өз коому ичинде бай болуп, ал менин начар абалда экенимден жана үй-бүлөмдүн көптүгүнөн кабардар. Ошондой болуп туруп да мага ырайымы келбеди жана мени суроого мажбур кылды. Андан сурасам мага бербеди. Акыйкатта болсо, суроо ар бир жетишиле турган нерсенин төлөмү болуп эсептелет. Ал Аллах жана Расулунун байлыгында оонап жатты, мен болсо кембагалдык жана муктаждыкта отурдум, анын төөнүн ач көздүгүндөй ач көз экендигин көрдүм, мен болсо үй-бүлөм менен арпа нандын күкүмдөрүнө зар болдум. Эй момундар амири, кимде-ким күнүмдүк тамагын табууга алсыз болсо тим тура албайт”, – деп жооп берди. Муну угуп Умардын көзү жашка толду жана андан: “Карамагыңда канча адам бар?” – деп сурады. Жарул аларды санап берди. Ошондон кийин Умар аларга ар жылы жетиштүү тамак-аш, кийим-кече жана нафака берип турууга буйруду. Жарулга: “Эгер муктаж болуп калсаң биздин алдыбызга дагы кел, сага дагы ушунча нерсени беребиз”, – деди. Ошондо Жарул: «Эй момундар амири, Аллах сизди сыйласын жана сизге сооп берсин. Анткени, сиз жакшы иш кылдыңыз, мээримдүүлүк кылдыңыз жана ырайым көрсөттүңүз», – деди. Жарул кеткенден кийин Умар: «Эй адамдар, туугандарыңар жана кошуналарыңар туурасында Аллахтан таква кылгыла, качан алардын муктаж экендиктерин билсеңер, аларга мээримдүүлүк көрсөткүлө, суроого мажбур кылбагыла. Анткени, Аллах Азза ва Жалла пендеден – эгер ал бай, өзүнө ток болсо – анын өз туугандарына, жакындарына жана кошуналарына кандай жардам бергени жөнүндө сурайт, эгер муктаж болсо сурабастан туруп ага берүүгө буюрат», – деди.
Аллахым саййидибиз Умар (разиаллаху анхуну) рахматына алгын, үстүбүзгө ага окшош мусулмандарга да, кайрымусулмандарга да камкордук кыла турган, алар жөнүндө кайгырып көз жашын төгө турган, эң оболу өзүн эмес, аларды ойлой турган бир рошид халифаны насип кылгын.