Бейиш бактары

Умар (р.а)нун хутбаларынан

Умар (р.а)нун хутбаларынан

Умар (р.а) халифа болгондо минбарга көтөрүлүп айткан биринчи сөздөрү «Аллахым мен катуу колмун, Өзүң мени жумшак кыл, мен алсызмын, Өзүң мени күчтүү кыл, мен зыкыммын, Өзүң мени жоомарт кыл. Аллах силерди мени менен сынады, досуман кийин мени силер менен сынады. Аллах акысы, силердин ишиңер күчтүү жана чынчыл акимдерсиз чечилбейт. Мен ошондой валийлерди силердин үстүңөргө дайындайм. Эгер алар туура жол тутушса, бул өздөрү үчүн сыйлык болот. Эгер тескерисинче болсо, алар катуу жазаланышат. Эгер силердин ишиңер жакын жайда болсо, аларды өзүм чечем, бирок, алыста болсо, ошол жерден күчтүү жана аманаткөй акимдерди дайындайм». Дагы мындай деген:

«Уктум, адамдар менин катуу колдугумдан чочулап, кополдугумдан кооптонуп жатышкан экен. Расулуллах (с.а.в) арабызда бар убагында Умар бизге катуу колдук кылар эле, кийин Абу Бакр бизге жетекчи болгондо да катуу кол болду, эми, анын өзү жетекчи болгондо эмне болоор экен, деп жатышат. Ким ушундай деген болсо, туура айтыптыр. Чындыгында, мен Расулуллах (с.а.в) менен болгонумда ал заттын кулу жана кызматчысы болдум, ал заттын жумшак жана ырайымдуулук сыфатына эч ким теңеше албас эле, ал зат Аллах мындай деген сыфатка ээ эле:

﴿šúüÏZÏB÷sßJø9$$Î/ Ô$râäu‘ ÒOŠÏm§‘﴾

«(Расулуллах) бардык момундарга боорукер, мээримдүү» [9:128].

“Эй инсандар, Расулуллахка (с.а.в) кызмат кылдым, анын сакчысы жана кылычы болдум, каалаган убагында кынынан чыгарып пайдаланар эле. Ал зат менден ыраазы болгон абалда дүйнөдөн өттү. Бул үчүн Аллахка сан-санаксыз мактоолор болсун, мен муну менен бактылуумун. Кийин иш Сыддыкка өттү. Мен ага кызмат кылып, сакчысы жана суурулган кылычына айландым. Ал каалаган убагында мени кындан чыгарып иштетер эле. Ал киши да менден ыраазы болгон абалда дүйнөдөн өттү. Бул үчүн Аллахка чексиз мактоолор болсун, мен муну менен бактылуумун. Кийин иш мага өттү. Эй инсандар, ушуну билип алгыла, мендеги катуу колдук алсырады. Ал жалаң гана аасий жана фажир адамдарды жеңет. Такыбаа жана таза адамдар болсо, бетимди тосуп берейин, буттары менен тебелешсин. Акыйкатка ийилбегендерди, мойнуна буттарымды коюп болсо да ийдирем. Бирок, эй мусулмандар, мага ушундай сыпаттар керек, силер аларды менде көзөмөлдөгүлө: Аллах силерге тартуу кылган нерселерден кыпындайына да тийбешимди, болгону Аллахтын ыраазылыгы үчүн гана тийишимди көзөмөлдөгүлө, качан колума бир нерсе түшсө, кайтып чыкпашын, болгону Аллахтын акысы гана чыгышын көзөмөлдөгүлө, Аллахтын уруксаты менен, менин силерге белек-саламдарды көбөйтүшүмдү, ар-намысынарды коргоп, аларды ачык калтырбашымды жана силерди кыйроого таштап койбошумду көзөмөлдөгүлө. Эгер сапарда т.а. жихадда болуп калсаңар кайтканыңарга чейин мен үй-бүлө атасымын. Аллахтын пенделери, Аллахтан корккула! Нафсимди тыйышымда мага жардам бергиле, маъруфка буйруп, мункардан кайтарышымда, иштериңерди башкарууда, Аллах мага тапшырган вазыйпалар туурасында насаатты алышымда мага жардамчы болгула. Бул сөздөрүмдү айтып жатып, Аллахтан өзүм жана силер үчүн кечирим сурап калам. Аллахым, мени адаштырбагын, мени капилетте калгандардан кылбагын».

Шаъбий айтты: «Умар ибн Хаттаб халифа болуп шайланган соң минбарга көтөрүлдү жана: «Алла мени Абу Бакрдын отурган ордуна ылайык көрөт деп ойлоймун» деди да, бир тепкич ылдый түшүп отурду. Аллага хамду сана айтты. Кийин мындай деди: «Куран окугула, аны жакшы түшүнөсүңөр. Ага амал кылгыла, анын калкынан болосуңар. Амалыңар эсеп-китеп кылынышынан мурун өзүңөрдү эсеп-китеп кылгыла. Силерден эч нерсе жашыруун болбой турган жана өзүңөр Аллага туш кылына турган күнгө даярдангыла. Акылуунун акысы (т.а. жетекчиге моюн сунуу) Аллага күнөөкөр болуна турган иштерде ага итаат кылуу даражасына жетпесин. Билип койгула, мен Алланын малына карата өзүмдү жетимдин малын жештен корккондой коркуу даражасына коюп алганмын, эгер муктаж болбосом, андан албаймын. Эгер муктаж болсом, жакшылык менен (т.а. ынсап менен) жеймин». Ахмад да дал ушундай рыбаят кылган.

Муса ибн Укбадан Умардын ушул терең мазмундуу хутбасы рыбаят кылынды. Бул Умар ибн Хаттабдын салык жыйноочуларды жөнөтүп жаткан күндөгү хутбасы: «Амма баъд. Бардык нерселер өткүнчү болуп, жалгыз Өзү калуучу Алладан таква кылышыңарды насаат кыламын. Ал Затка итаат кылуу менен Анын достору улууланат, Ага күнөөкөр болуу менен анын душмандары кор болот жана залалатка кетет. Бир залалатты кылып өлгөн кимсенин үзүрү жок, анын хидаят табышы анын залалаттан кутулушуна жетиштүү болор эле. О.э. ал үчүн акыйкатты таштоодо да бир үзүр жок, анын акыйкатты ташташы залалаты үчүн жетиштүү болор эле. Жетекчинин өз калкы менен болгон эң чынчыл келишим-убадасы – алардын үстүнөн Алланын дин милдеттеринен турган акысын чырайлуу өтөөлөрү үчүн болгон убадалашуусу. Силерди Алла итаат кылууну буюрган нерселерге буюруу жана Ал кайтарган нерселерден кайтаруу биз үчүн важып. О.э. адамдардын жакыны болобу, алысыбы, силердин үстүңөрдөн Алланын буйруктарын аткарышыбыз жана бул иш акыйкатка ыктаган адамдын зыянына болбошуна этибар берүүбүз да биз үчүн важып. Мен өз диндеринде куру арзууларга берилип кеткен коомдорду билемин. Алар жамаат менен намаз окуп жатабыз, мужахид менен бирге жихад кылып жатабыз, хижрат кылып жатабыз дешет. Бул куру арзууларды диндин акысын толук өтөбөй жаткан адамдар кылууда. Анткени, ыйман таттуу арзуу-кыялдар менен эле болбойт… Кээде бир киши хижрат кылдым дейт, негизи, ал хижрат кылбаган болот. Чыныгы мухажирлер – жамандыктарды таштаган кишилер. Кээ бирлери жихад кылдык дешет, Алланын колундагы чыныгы жихад – душман менен согушуу жана арам иштерден сактануу. Кээ бирөөлөр согушка чыгып, ага жакшы катышат. Бирөөлөрдүн сыйлык беришин же атак чыгарууну максат кылышпайт. Согуш болгону өлүмдөрдөн бир өлүм. Ар бир киши эмне ниетте согушка чыккан болсо, ошол нерсени алат. Бир киши эр жүрөк болуп, тааныган тааныбаган кишилерди куткарат. Башка бир киши болсо коркок болуп, ал тургай ата-энесин да душманга тапшырып коёт.

Байхакий Абу Хурайра (р.а)дан рыбаят кылып айтат: Умар ибн Хаттаб (р.а) хутбасында ушундай дээр эле: «Силерден кимде-ким көңүл каалоосунан, ачуулануудан, ач көздүктөн сактанса жана сөзүндө чынчыл болсо, нажат тааптыр. Себеби, чынчылдык жакшылыкка алып келет. Ким жалган сүйлөсө фажыр болот. Бүгүн тирүү, эртең өлүкпүз. Амалды туруктуу кылып баргыла. Мазлумдун дубасынан сактангыла. Өзүңөрдү өлгөндөр катарында эсептегиле».

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button