Бейиш бактары

Үчүнчү рошид халифа Усман ибн Аффан

Үчүнчү рошид халифа Усман ибн Аффан

Усман ибн Аффан (р.а) бейиш убада кылынган он сахабанын бири, Исламга алгачкылардан болуп кирген беш кишинин бири, Расулуллах (с.а.в) алардан ыраазы болгон абалда көз жумган алты адамдын бири, рошид халифалардын үчүнчүсү жана момундардын амири болгон.

Бул кутман сахаба Фил окуясынан 6 жыл мурун жарык дүйнөгө келген. Ал Исламды алгачкылардан болуп, Расулуллах (с.а.в) Аркамдын үйүнө киргенге чейин кабыл алган. Ошол кезде, Усман (р.а) 30 жашта болчу. Аны Абу Бакр (р.а) Исламга чакырып, мындай деген эле: «Балекет бассын сени, оо Усман! Аллахка касам ичип айтам, сен акылдуу кишисиң жана акыйкат менен батылды ажырата аласың. Мына бул сенин коомуң сыйынып жаткан буттар укпаган, көрбөгөн жана пайда-зыян бере албаган пайдасыз таштар эмеспи?!». Усман болсо: «Аллахка касам, сеники туура», – деп жооп берди. Ошондо Абу Бакр: «Аллах Таала Мухаммад ибн Абдуллахты жалпы адамзат үчүн элчи кылып жиберди. Анын алдына келип, айткандарына кулак төшөп көрбөйсүңбү?!» – деп айтты эле, Усман: «Макул», – деп жооп берди. Ошол кезде, алардын алдынан Расулуллах (с.а.в) өтүп бара жаткан эле. Ал Усманды көрүп: «Оо Усман, Аллахтын жаннатына киргиң келсе, Анын чакырыгына жооп бер. Акыйкатта, мен сага жана жалпы адамзатка жиберилген Аллахтын элчисимин», – деп айтты. Усман (р.а) айтат: «Аллахка касам! Мен анын сөздөрүн уккандан кийин, Исламга кирбей коё албадым. Ошол учурда дароо Аллахтан башка илах жок экендигине, Анын жалгыздыгына жана шериги жок экендигине, ошондой эле, Мухаммад Анын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк бердим».

Ибн Аффан (р.а) табияты жумшак, мамилеси жылуу, сүйкүмдүү жана сылык мүнөз адам болгон. Ал Аллахтан коркуусу жана Ага итаат кылуусу менен башкалардан айырмаланып турат эле. Усманда (р.а) намыскөйлүк, уялчаактык, берешендик жана кичи пейилдик сыфаттары чогулган. Анын берешендиги тууралуу көптөгөн риваяттар айтылган. Алардын биринде, Талха инб Убайдуллах Усман ибн Аффанга (р.а)га 50 000 (бүгүнкү эсеп менен болжолдуу түрдө 10 млн. доллардан көп) динар карыз болуп калат. Күндөрдүн биринде, Талха (р.а) Усманга (р.а) келип: «Сага кайтарышым керек болгон карызым даяр, алып кетсең болот», – деп айтты. Ошондо, Усман (р.а): «Ал сенде кала берсин, оо Абу Мухаммад. Убадага бекемдигиң үчүн жардам катары алып кой», – деп айтты. Анын уялчаактыгы жөнүндө болсо, Расулуллах (с.а.в) мындай деп айткан: «Үммөтүм арасынан эң уялчаагы Усман ибн Аффан».

Имам Муслим өз «Сахихинде» риваят кылган хадисте, Аиша (р.а) мындай деген: «Күндөрдүн биринде, Расулуллах (с.а.в) менин үйүмдө буттары көрүнгөн абалда жаткан эле. Абу Бакр келип кирүүгө уруксат сураганда, Расулуллах (с.а.в) ордунан козгозболстон туруп ага уруксат берди. Ал киргенден кийин, Расулуллах (с.а.в) ошол абалында аны менен сүйлөшүп кирди. Андан кийин Умар келип, ал дагы кирүүгө уруксат сурады. Расулуллах ага дагы уруксат берип, ошол абалында аны менен сүйлөшө берди. Андан соң, Усман келип кирүүгө уруксат сурап калды. Ошондо, Расулуллах (с.а.в) түздөнүп отурду жана кийимдерин дагы түздөп алды. Андан кийин,

Усманга кирүүгө уруксат берди жана аны менен көпкө чейин сүйлөшүп отурушту. Усман чыгып кеткенден кийин, мен Расулуллахтан (с.а.в): «Абу Бакр кирип келгенде сиз андан тартынган жоксуз жана ага өзгөчө көңүл бурбадыңыз. Андан кийин, Умар кирип келгенде дагы андан кыжаалат болбой отурдуңуз. Анан эмне себептен Усман кирип келгенде дароо отура калып, кийимдериңизди түздөп кирдиңиз?!» – деп сурадым. Ошондо, Расулуллах (с.а.в): «Периштелер уялган кишиден мен кантип уялбай коймок элем?» – деп жооп берди».

Усманды (р.а) жакшы көргөндөр абдан көп болчу. Жада калса, Курайш уруусунан болгон бир аялдын бул тууралуу айткан ыр саптары эл арасында жайылып кеткен. Ал өз баласын ойнотуп жатканда, ага:

«Жаратканга касам ичем, сүйөм сени,

Усманды Курайш эли сүйгөнүндөй», – деп айтар эле.

Усман ибн Аффандын (р.а) кылган иштери анын айкөлдүгүнөн жана динге кошкон салымынан кабар берип турат. Ал жаңыдан Исламды кабыл алган кезде, абасы ал-Хакам ибн Абу ал-Аас тарабынан көптөгөн кордуктарга жана кыйноолорго кабылды. Абасы аны байлап коюп: «Ата-бабаларыңдын дининен баш тартып, жаңы пайда болгон динге ээрчийсиңби? Аллахка касам, бул карманган диниңден баш тартмайынча сени бошотпоймун», – деп айтар эле. Усман болсо: «Аллахка касам ичип айтам, эч качан бул динимди таштабаймын жана андан баш тартпаймын», – деп айта берди. Ал-Хакам анын динине болгон бекемдигин көргөндөн кийин, айласыздан коё берген.

Усман (р.а) эки жолу хижрат кылган: биринчи жолу Хабаш жергесине (Эфиопияга), экинчи жолу Мадинага хижрат кылган. Ислам аскерлери жардамга муктаж болуп турган учурда, Усман (р.а) аскер жабдуулары менен жана акчалай жардам берген. Абдурахман ибн Хаббаб ас-Суламий айтат: «Расулуллах (с.а.в) хутба кылып, жардамга муктаж болуп турган аскерлерге колдоо көрсөтүүгө чакырды. Ошондо, Усман (р.а): «Менден жүз төө токулгасы менен», – деп айтты. Андан кийин, Расулуллах (с.а.в) кайрадан аскерлерге колдоо көрсөтүүгө чакырды. Усман болсо: «Менден дагы жүз төө токулгасы менен», – деди. Андан соң, Расулуллах (с.а.в) минбардан бир тепкич ылдыйга түшүп, дагы бир ирет аскерлерге колдоо көрсөтүүгө чакырды. Ошондо, Усман: «Менден дагы жүз төө токулгасы менен», – деп айтты.

Имам Тирмизий риваят кылган хадисте, Абдурахман ибн Сумра айтты: «Аскерлер жардамга муктаж болуп турган учурда, Усман (р.а) миң динар көтөрүп келип, Расулуллахтын (с.а.в) алдына төктү. Ошондо, Расулуллах (с.а.в) ал динарларды оодара карап жатып: «Бүгүндөн тартып, Усмандын кылган амалдары ага зыян жеткире албайт. Бүгүндөн тартып, Усмандын кылган амалдары ага зыян жеткире албайт», – деп кайталап айтып жатты».

Имам Бухарий өз «Сахихинде» риваят кылган хадисте, Расулуллах (с.а.в) минтип айткан: «Акчага муктаж болуп турган аскерлерди каржылаган кишиге бейиш убада кылынган». Усман мына ушундай аскерлерди каржылады».

Дагы башка бир риваятта, Расулуллах (с.а.в) Усмандын (р.а) аскерлерге көмөк көрсөткөндүгү тууралуу мындай деп айткан: «Оо Аллахым, Усмандан ыраазы бол. Мен андан ыраазымын».

Усман ибн Аффан (р.а) Рума кудугун сатып алып, аны мусулмандарга садака кылган. «Сахих ал-Бухарийде» риваят кылынган хадисте, Расулуллах (с.а.в) бул тууралуу мындай деген: «Кимде-ким Рума кудугун сатып алса, ага жаннат болот».

Усман (р.а) ал кудукту 35 000 дирхамга сатып алып, мусулмандарга пайдалануу үчүн садака кылган. Ошондой эле, мусулмандар көбөйүшүп, Расулуллахтын (с.а.в) мечитине батпай калышкан учурда, ибн Аффан (р.а) мечиттин айланасындагы үйлөрдү жана жерлерди сатып алып, Набавий мечитти кеңейткен. Анын халифалык доорунда Куран чогултулган жана мусулмандар дүйнөнүн Чыгышы менен Батышында үлкөн фатхтарга жетишкен.

Усман ибн Аффан (р.а) Куранды Расулуллахтын (с.а.в) оозунан түздөн-түз угуп, өздөштүргөн. Ал Курани Каримди толугу менен жатка билген сахабалардын бири эле. Ошондой эле, Усман (р.а) Расулуллахтын (с.а.в):

«خَيْرُكُمْ مَنْ تَعَلَّمَ الْقُرْآنَ وَعَلَّمَهُ»

«Силердин араңардан эң жакшыңар – Куранды үйрөнгөндөр жана үйрөткөндөр», – деген хадисин риваят кылган. Ибн Сирийндин риваятына ылайык, Усман ибн Аффан (р.а) түнкү намаздын бир эле рекетинде Куранды толугу менен окуп чыгат эле. Абдуллах ибн Умардан (р.а) риваят кылынышынча, ал айткан: «Аллах Тааланын:

﴿أَمَّنۡ هُوَ قَٰنِتٌ ءَانَآءَ ٱلَّيۡلِ سَاجِدٗا وَقَآئِمٗا يَحۡذَرُ ٱلۡأٓخِرَةَ وَيَرۡجُواْ رَحۡمَةَ رَبِّهِۦۗ﴾

«Же кечтерде сажда кылган жана (ар дайым) тикесинен тик туруп таат-ибадат кылган, Акыреттен корко турган жана Раббисинин ырайым-алкоосунан үмүт кыла турган киши (менен күнөөгө чөккөн кимсе барабар болобу?!)» [39:9] деген аяты Усман тууралуу айтылган».

Риваяттарга ылайык, фитначылар Усмандын (р.а) үйүнө аны өлтүрүү максатында бастырып келишкен учурда, анын зайыбы чыгып: «Силер аны өлтүрсөңөр же тирүү калтырсаңар дагы, Аллахка касам ичип айтам, ал бүтүндөй түндү бир рекет намаз менен өткөрөт!» – деп айткан. Усманды (р.а) Аллахтын сөзүнөн соода иштери дагы, башкаруу иштери дагы алаксытып койгон эмес. Анын төмөнкүдөй таасирлүү сөздөрү эл оозунда айтылып калган: «Эгер силердин жүрөктөрүңөр таза болгондо, Аллахтын сөздөрүнө (Куранга) эч качан тойбогон болор эле», «Мен Куранды карабай кала турган күндүн келишин каалабаймын», «Мен бул дүйнөдө үч нерсени өзгөчө жакшы көрдүм: ач адамдарды тойгузууну, кийими жокторду кийиндирүүнү жана Куранды тилават кылууну».

Усмандын (р.а) халифалык доорунда Ислам көптөгөн өлкөлөргө жайылды. Анын себебинен, сахабалар түрдүү аймактарга кетишип, Куранды окууда түрдүү кыраааттар жана лахжалар (диалектилер) пайда болду. Натыйжада, Курандын жазылышында айырмачылыктар пайда болушу жана анын лахжасы өзгөрүп кетиши мүмкүн болуп калган эле. Ошондуктан, Усман (р.а) Куранды бир бүтүн китеп кылып жазууга буйруду. Ошондой эле, Куранды жазууда анын ар бир тамгасы Курайштын тилинде болуусуна өзгөчө көңүл бурду. Расулуллахтын (с.а.в) доорунда Куран терилерге жана тактайларга жазылып, адамдардын зээндеринде сакталат эле. Абу Бакр (р.а) аны барактарга чогулткан жана Усмандын (р.а) доорунда Куран бир бүтүн мусхафка чогултулуп, «Усманий мусхаф» деп аталып калды. Андан соң, Усман (р.а) аны бир канча нускаларга көчүртүрүп, бардык мусулман өлкөлөрүнө бирден жөнөткөн.

Усман ибн Аффан (р.а) халифа болгон күндөн тартып, өзүнөн мурунку эки халифа сыяктуу Аллахтын жолунда жихад кылууну улантты. Тарыхчылардын айтымында, Умандын (р.а) башкаруу доорунда Фарс жерлери (Табаристан, Туран, Хурасан жана Нишапур) фатх кылынган. Ал жерлер Умардын (р.а) доорунда фатх кылынганы менен, алар алдырып жиберген жерлерин кайтарып алуу үчүн көтөрүлүш жасашкан эле. Ошондуктан, Усман (р.а) Басра менен Куфадагы аскерлерге Фарс жерлерин толугу менен колго алууга жана көтөрүлүшкө чыккандарга каршы согуш кылууга буйруган. Ошентип, Фарс жерлеринде жихад уланды жана анын натыйжасында византиялык Амурий, Тартус, Антакия жерлери, ошондой эле, Түндүк Африка дагы фатх кылынды. Андан тышкары, Усман (р.а) Амр ибн ал-Аска (р.а) аскерлери менен Триполи жана Танжар желерине жортуул кылууга буйруду. Усмандын (р.а) доорунда алгачкы исламий деңиз флоту түзүлгөн. Анын жардамында, Ислам жерлери византиялыктардын чабуулдарынан корголду, ошондой эле, Кипр жана Родос жерлери фатх кылынып, мусулмандар византия жерлерине тереңдеп кирип барышты.

Ибн Аффан (р.а) Бадр казатынан башка бардык согуштарга катышкан. Бадр казаты болгон күнү, анын жубайы жана Расулуллахтын (с.а.в) кызы Рукайя абдан катуу ооруп калып, Усман (р.а) аны карап калган эле. Рукайя көз жумгандан кийин, Расулуллах (с.а.в) ага экинчи кызы Умму Гүлсүмдү никелеп берген. Ошондон улам, Усман «Зун-Нурайн» (Эки нурдун ээси) деген лакап менен аталып калган. Аалымдар «Усмандан башка, Расулуллахтын (с.а.в) эки кызына үйлөнгөн адам болбогон» деп айтышкан. Риваяттарга ылайык, Расулуллах (с.а.в): «Эгер менин үчүнчү кызым болгондо, аны дагы ага (Усманга) бермекмин», – деп айткан.

Имам ал-Бухарий Катадан риваят кылган хадисте, Анас ибн Малик (р.а) минтип айткан: «Бир күнү, Расулуллах (с.а.в) Абу Бакр, Умар жана Усман менен чогуу Ухуд тоосуна чыкты. Бир кезде тоо титирей баштаганда, Расулуллах (с.а.в) буту менен жерди тебип: «Тынчтан, оо Ухуд. Сенин үстүңдө Пайгамбардан, Сыддыктан жана эки шахидден бөлөк эч ким жок», – деп айтты».

Имам ат-Тирмизий ал-Харс ибн Абдурахмандан, ал болсо Талхадан риваят кылган хадисте, Расулуллах (с.а.в) айтты:

«لِكُلِّ نَبِيٍّ رَفِيقٌ، وَرَفِيقِي فِي الْجَنَّةِ عُثْمَانُ بْنُ عَفَّانَ»

«Бейиште ар бир пайгамбардын шериги болот. Менин шеригим Усман ибн Аффан болот». Ибн Асакир риваят кылган сахих хадисте, Абу Муса ал-Ашъарий айтат: Күндөрдүн биринде, Пайгамбар (с.а.в) бир бакчада колуна чыбык кармап, суу менен ылайды ургулап отурган эле. Ошол учурда, бир киши келип эшикти ачууну суранды. Расулуллах (с.а.в) мага кайрылып: «Ага эшикти ач жана аны жаннат менен сүйүнчүлө», – деп айтты. Эшикти ачсам, Абу Бакр келген экен, мен аны жаннат менен сүйүнчүлөдүм. Андан кийин, дагы башка киши келип, эшикти ачууну суранды. Ошондо, Расулуллах (с.а.в): «Ага эшикти ач жана аны жаннат менен сүйүнчүлө», – деп айтты. Эшикти ачып, келген адамды жаннат менен сүйүнчүлөдүм, ал Умар болчу. Андан соң, дагы бир киши келип, эшикти ачууну суранды. Ошондо, Расулуллах (с.а.в): «Келген адамга эшикти ач жана ага кыйынчылыктан кийин жаннат болорун айт», – деди. Эшиктим ачсам, Усман келген экен. Мен ага кыйынчылыктан кийин жаннат болорун айтып, сүйүнчүлөдүм. Ошондо, Усман: «Аллахтан гана жардам сурайбыз, Ага таваккул кылабыз», – деп айтты.

Риваят кылынышынча, Али (р.а) мындай деген: «Усман баарыбыздан көрө, тууганчылык мамилеге бекемирээк болчу». Аишага (р.а) Усмандын (р.а) өлтүрүлгөндүгү тууралуу кабар жеткенде, ал: «Башкалардан көрө туугандык мамилеге бекемирээк болгон жана Аллахтан көбүрөөк корккон адамды өлтүрүшүптүр», – деп айткан. Абу Хайсама ад-Даххактан, ал болсо ан-Наззал ибн Сабрадан риваят кылып айтат: «Бир күнү биз Али ибн Абу Талибге кайрылып: «Бизге Усман тууралуу айтып бериңизчи!?» – дедик. Ошондо, Али (р.а) минтип айтты: «Ал кишини периштелер Зун-Нурайн деп аташат… Усман жардамга муктаж болуп турган аскерлерге колдоо көрсөткөн учурда, Расулуллах (с.а.в): Бүгүндөн тартып, Усмандын кылган амалдары ага зыян жеткире албайт», – деп айткан».

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button