Асыл хадис

Бейиш ээлери.

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Бейиш ээлери.

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Сахих аль-Бухаринин шархы Ибн Хажар аль-Аскаланинин “Фатх аль-Бари”китебинде тирилүү кандайча болору жөнүндөгү бөлүмдө  мындай деп айтылат:

حدثني محمد بن بشار حدثنا غندر حدثنا شعبة عن أبي إسحاق عن عمرو بن ميمون عن عبد الله قال: كنا مع النبي صلى الله عليه وسلم، في قبة فقال: “أترضون أن تكونوا ربع أهل الجنة؟” قلنا نعم، قال: “أترضون أن تكونوا ثلث أهل الجنة؟” قلنا نعم، قال: “أترضون أن تكونوا شطر أهل الجنة؟” قلنا نعم، قال: “والذي نفس محمد بيده إني لأرجو أن تكونوا نصف أهل الجنة، وذلك أن الجنة لا يدخلها إلا نفس مسلمة، وما أنتم في أهل الشرك إلا كالشعرة البيضاء في جلد الثور الأسود، أو كالشعرة السوداء في جلد الثور الأحمر

Мага Мухаммад ибн Башар Абдулладан риваят кылды. Биз Пайгамбар менен (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) чатырда элек, ал мындай деди: “Бейиш элинин төрттөн бири болууга ыраазы болосуңарбы? Биз ооба дедик. Ал: Бейиш элинин үчтөн бири болууга ыраазы болосуңарбы? – деди. Биз ооба дедик. Ал: Бейиш элинин жарымы болууга ыраазы болосуңарбы? – деди. Биз ооба дедик. Ал мындай деди: Мухаммаддын жаны колунда болгон Затка ант болсун, мен силердин бейиш элинин жарымы болушуңарды үмүт кылам, анткени бейишке мусулман жан гана кирет, ал эми силер мушриктердин арасында кара буканын терисиндеги ак темгил сыяктуу же кызыл буканын терисиндеги кара темгил сыяктуусуңар”.

Урматтуу бир туугандар:

Жүрөктөрдү жумшартуу кандай сонун! Ал эми шүүдүрүмдүн тамчыларындай ооздон чыккан бул сөздөр кандай таттуу жана жагымдуу! Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) кээде амалдан жана курмандыктардан жалкоо болуп калган жүрөктөрдү ушинтип жумшартчу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) сахабаларына (Аллах алардан ыраазы болсун) акыретти эскертип, аларга Бейишти жана ага эң көп кире тургандар ошолор экенин айтчу. Бейиш жөнүндөгү бул сөз алардын жүрөктөрүн жумшартып, алар бул дүйнөнүн бардык түйшүктөрүн, тамак-аш жана жумуш жөнүндөгү тынчсызданууларын, кырсыктарды, азап-тозокторду унутуп, Аллахты ыраазы кылууга жана Ага баш ийүүгө умтулушат, ошондуктан алар максатка карай алга жыла алышат.

Эй мусулмандар:

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн чыгышында жана батышында да мусулмандарга карата болуп жаткан кысым, өлтүрүү, зордук-зомдулук жана адилетсиздик болуп жатканы айдан ачык маселе. Анткени таң түндүн караңгылыгын жарык кылды. Жол ар бир акылдуу адамга айкын болуп,  ар бир эл өзгөрүүнү каалап, куткарылуу издеп, башкаруучуларына каршы көтөрүлүп, кылымдар бою катып турган башкаруучулардын жана колонизаторлуктун кирлерин жууп салуу үчүн көтөрүлдү. Ал көчөлөр менен майдандарда: “Бул Аллах үчүн, бул Аллах үчүн”, – деп кыйкырып чыгып, Роббисин эстеген бардык үндөр менен аралашып кетти. Бирок башкаруучулар аларга каршы чыккандан кийин эл ошол жерде токтоп калды. Эй, Бейиш эли, силердин Пайгамбарыңар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) силерди Бейиш менен сүйүнчүлөгөн! Силерден унчукпоо кабыл болобу? Силерди  каапырлар  бир жаадан атышын, карап кутүп турасыңарбы?

Силердин Пайгамбарыңар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бейиш менен сүйүнчүлөгөн адамдар, бул диндин мамлекетин куруу жана өкүмдөрүн ишке ашыруу үчүн аракет кылып, аны даңазалоо үчүн иштегиле. Ошондо пайгамбардын (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) үмүтү орундалат жана силер бейиш элинин жарымы болосуңар.

Оо, Аллахым, бизге бытыранды мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылтуучу, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн Халифалыкты курууну тездет. Оо, Аллахым, жер жүзүн Өзүңдүн даңазалуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 10 -ражаб.

2025-ж, 30-декабрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button