Комментарий
Trending

Белгиленген дуба: чын ыкластуулукпу же саясий кошоматчылыкпы?

Белгиленген дуба: чын ыкластуулукпу же саясий кошоматчылыкпы?

Кыргызстандын бардык мечиттеринде жума күнү кар тиленип, дуба кылынды. Бул иш-чара көбүрөөк чын ыкластуулуктан келип чыккан ибадат катары аткарылбастан, атайын уюштурулган ырымга окшоду. Ал эми муфтияттын бул иш-аракетти кургакчылыкка байланыштуу деп түшүндүрүүсү, чыныгы себепти жаап-жашырып жаткандай. Ушуга байланыштуу бир суроо туулат: мындай руханий мобилизациянын чыныгы демилгечиси ким?

Суу сактагычтардагы суунун деңгээли өтө төмөн экенин жана энергетикалык кырдаалдын айланасындагы тынчсызданууну эске алсак, бул дуба ички диний ишенимден эмес, “бийликтен” түшкөн буйруктун негизинде уюштурулду деген ой басымдуулук кылат. Бийлик бул иш-чара аркылуу, өзү техникалык жол менен чече албай жаткан маселеге символикалык мүнөздү берүүгө аракеттенгендей.

Эң кызыгы, дуба синоптиктер бир күн мурун кар жана жаан жаашын билдиргенден кийин уюштурулду. Мындай ыкма ар кандай табигый көрүнүш үчүн бийликке ыраазычылык билдирген эски советтик салтты эске салууда. Совет мезгилинде аткаминерлер жөнөкөй эле аба ырайынын өзгөрүүсүн өздөрүнүн акылман саясатынын натыйжасы катары көрсөтүшчү жана бардыгы үчүн партияга жана бийликке ыраазычылык билдиришчү.

Бирок эң көйгөйлүү жагы бул да эмес. Муфтият кургакчылык жөнүндө сүйлөп, бирок Курандагы суроолорду өзүнө берүүгө ыраа көрбөдү. Куранда жамгырлардын токтошу, асман эшиктеринин жабылышы, коом дуба кылбай койгондугуна байланыштуу экени айтылбайт. Тагыраагы, коом туура эмес, адилетсиз иштерди кылып жатканы үчүн дал ушундай абал жүз берет. Ыйык китепте бул тууралуу бир нече жерде эскерилет:

(Эй инсан) сага жеткен ар кандай жамандык болсо – ал өзүңдүн кылмышыңдан. (4:79).

(Эй инсандар), силерге кандайдыр бир кайгы-балекет жетсе, ал өз колуңар кылган нерсе-күнөө себептүү (жетет) (42:30).

Адамдардын өздөрү кылган кылмыштары себептүү кургактыкта да, деңизде да, (түрдүү) апаат – балээлер пайда болду. (30:41).

Эгер ал кыштактардын (жайлардын) калкы ыйман келтирип, такыбадар болгондо, албетте, Биз аларга асман менен жердин береке (дарбазаларын) ачып койгон болор элек. (7:96).

Эгер Муфтият чынында эле ислам эрежеси алкагында ой жүгүртсө, кургакчылыктын чечими карды суроодо деп билбейт эле. Тескерисинче, Алла таала жибербей жаткан жаан чачындын себеби эмнеде жана аларды кармап жаткан кандай бузукулуктар коом арасында өөрчүп кетти деп ойлонмок. “Эмне себептен эл, айрыкча бийлик менен динди көзөмөлдөй турган мекемелер, берекенин тосулуп калуусуна себепчи боло турган иштерди токтотпостон аткарууда” – деген суроолорду өздөрүнө берет эле.

Бирок, мындай суроолор Муфтият үчүн өтө ыңгайсыз көрүнүүдө. Анткени бүгүнкү абалды карап туруп, дин тутууга карата чектөөлөрдүн кеңейип жатканын, мыйзамдардын улам катуулап жатканын, мамлекеттин диний билим берүүгө кийлигишүүсүн, мечиттерди жөнгө салууну, ислам активдүүлүгүн көзөмөлдөөнү байкабай коюу мүмкүн эмес.

Ошондуктан бул жагдайда Муфтият ыраазычылыктан көрө сынга татыктуу. Анткени ал кудайдын алдында чынчыл болуудан көрө мамлекетке ыңгайлуу болууну абзел көрүүдө.

Худжад Жамиа

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button