Фикхий

Белгисиздик соодасы тууралуу

Белгисиздик соодасы тууралуу

Суроо: Бүгүнкү күндө соодагерлер көбүнчө товарларынын ичине номер түрүндө белек салышат. Ал номер боюнча утуш ойнотулат, уткан номер ээси «жакшы» сыйлык алат. Же болбосо товардын ичине соодагерден барып алына турган белектин аталышы жазылган кагаз салышат. Же болбосо белектин өзү товардын ичинде болот. Же соодагер: «Мынча суммага сатып алган адамга бир даана кошуп берем» деп жарыялайт. Ушуга окшогон башка учурлар да болот. Булар гарар (белгисиздик) соодага киреби же жаизби?

Жооп:

Гарар менен сатуу жайиз эмес. Сатып алынуучу товар так белгилүү болушу зарыл. Эгер товар белгилүү болсо, сатуунун өзү дурус болот, эгер товар белгисиз болсо, бул соода бузулат.

Ал эми сен айткан учурлар маанисине жараша ар башка, ошого ылайык өкүмдөрү да ар башка:

  1. 1. Белгилүү бир өлчөмдө товар сатып алган адамга кошумча белек берүү жаиз. Сатуу дурус, ал эми кошумча берилген нерсе — хиба (белек) болуп, ал да туура болот.
  2. 2. Белгилүү товарга белгилүү белек кошуп салуу мисалы, кашык, балдар сааты жана башка берилиши да жайиз. Анын ичине белектин аталышы жазылган кагаз салуу, анан аны тапкан сатып алуучу соодагерге барып белекти алуусу да жаиз. Мисалы: «Клейнекс кутусу, анын айрым кутуларынын ичинде белек бар» — мындай сатуу жаиз. Анткени ал адам бир куту клейнекс үчүн акча төлөдү, анын ичинен саат чыкса белек болот, чыкпаса дагы жаиз. Анткени ал клейнекс сатып алды, соодагер ага белек берүүгө милдеттүү эмес. Бар болсо жаиз, жок болсо дагы жаиз.
  3. 3. Ал эми ичиндеги нерсе белгисиз жабык кутуну сатуу, мисалы, ал бош болушу мүмкүн, же сатып алуучунун төлөгөн акчасынан жогору баадагы нерсе болушу мүмкүн, же төлөгөнүнө барабар нерсе болушу мүмкүн, же андан да төмөн нерсе болушу мүмкүн… Мунун баары гарар (белгисиздик) менен сатуу болуп, жаиз эмес.
  4. 4. Белгилүү товарга номер салып, аны кармагандарды утушка (сыйлыкка) катыштырууну шарт кылуу майсирге (кумарга) кириши ыктымал. Анткени майсир (кумар) – жеңүүчүнүн жеңилген тараптан алышы же утулган тараптын уткан тараптан алышы. Кыскасы, катышуучулар бири утуп, экинчиси утулуп, жеңген тарап утулган тараптан бир нерсе алса — ал кумарга кирет. Мисалы: адамдар карта ойноп, жеңген тарап утулгандардан алса – бул кумар, харам. Эки ат минүүчү, же мотоцикл, же унаа айдоочулар жарышып, жеңген тарап утулгандан алса – бул да кумар. Он адам өз аттарын же номерлерин кагазга жазып, кутуга салышса, анан бир кагаз тартылып, анын ээси калган адамдардан алса — бул да кумар, харам. Башка бардык окшош учурлар да ушундай.

Эми сатып алынган товарга коюлган номерлерге жана кийин алар боюнча утуш ойнотулушуна токтололу. Туурараагы, сатуучу бул сыйлыктын баасын эсепке киргизип коёт. Мисалы, утушка коюлган сыйлык миң динардын өлчөмүндө болсун жана анын номери (50) болсун. Ал бардык он миң даана кутуга номер салат. Мисалы, бир кутуга 1, экинчи кутуга 2 … ушинтип 10000ге чейин, алардын биринде 50-номер болот. Ошентип, ал сыйлыктын баасын – миң динарды – он миң кутунун баасына кошот. Мисалы, кутунун баасын 1 динардан эмес, үстүнө 10 тыйын кошуп сатат. Анан он миң куту сатылып бүткөндө, ал 10000 × 10 тыйын = 1000 динарды топтойт, бул болсо утушка коюлган сыйлыктын суммасы. Ошентип, уткан адам бул сыйлыктын баасын номерлери чыкпаган сатып алуучулардын эсебинен алган болот, болгону бул нерсе ачык айтылбайт. Бул жерде бирөө: «Соодагер товарын кадимкидей эле, эч кандай номер коюлбагандай сатат. Максаты – кардарды кызыктыруу, сатып алууга үндөө. Ал сыйлыктын баасын товар баасына кошпостон эле сатат» – деп айтат. Ооба, бул мүмкүн, башкача айтканда, сыйлык баасын кошпостон эле кардарды кызыктыруу үчүн коюлушу ыктымал, бирок бул абдан алсыз ыктымал. Айрыкча сыйлык чоң болгон учурда мисалы, автоунаа түрүндөгү утуштарда мындай кылынбайт.

Ар кандай шартта, эгер бул сыйлык номерлери утпай калган кардарлардын эсебинен алынбаса да, мубах жана харамдын ортосундагы күмөндүү иштерге кирет. Ошондуктан мен товар ичине номер коюлган нерселерди сатып алган бир туугандарга утушка катышпоону насыйкат кылам, ошондой эле, шайтан азгырып, утушка көңүл бурууга түрткү бербеши үчүн ошол номерди жыртып салууга кеңеш берем.

27-Рабиул Ахир 1428-х.

14/05/2007-м.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button